УКМК төрагасы: Укук коргоо органдарынын ортосунда тиреш жок

Жумгалбек Шабданбеков

Сүрөттүн булагы, Official

Окуу убактысы: 2 мүнөт

Кыргызстанда укук коргоо органдарынын ортосундагы тирешүү тууралуу талкуулар жүрүп жаткан чакта, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Жумгалбек Шабданбеков расмий билдирүү жасады. Акыркы күндөрү ИИМ кызматкерлеринин ири суммадагы пара менен кармалышы жана атайын кызматтын өкүлдөрүнө карата козголгон иштер коомчулукта "органдар аралык согуш" катары кабыл алынууда. Бирок Шабданбеков бул процессти мекемелер аралык күрөш эмес, президенттин тапшырмасы менен жүрүп жаткан системалуу тазалануу катары мүнөздөдү.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Жумгалбек Шабданбеков укук коргоо тутумун абийирсиз кызматкерлерден тазалоо боюнча жүрүп жаткан иштер тууралуу билдирүү жасады. Бул тууралуу атайын кызмат 22-апрелде маалымат таратты.

Жумгалбековдун айтымында, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен УКМК, Ички иштер министрлиги жана Прокуратура органдары коррупцияга малынган жана мамлекеттик кызматтын беделин түшүргөн кызматкерлерге каршы биргелешкен, системалуу күрөш жүргүзүүдө.

Ал коомчулуктагы органдар ортосундагы күрөш тууралуу кептерди четке кагып, бардык түзүмдөр Жогорку Башкы командачы тарабынан коюлган милдеттердин алкагында бирдиктүү иштеп жатканын белгиледи.

"Бул жерде мекемелер аралык күрөш жөнүндө эмес, укук коргоо тутумун абийирсиз кызматкерлерден тазалоо боюнча биргелешкен иш тууралуу сөз болуп жатат. Биздин жалпы максатыбыз — системаны алсыратуу эмес, аны чыңдоо, мыйзамдуулукту, кызматтык тартипти бекемдөө жана жарандардын укук коргоо органдарына болгон ишенимин арттыруу болуп саналат. Ошондуктан, жүргүзүлүп жаткан иш-чараларды айрым мекемелердин башкаларга каршы күрөшү катары көрсөтүү аракеттери негизсиз жана чындыкка дал келбейт. УКМК, ИИМ жана прокуратура органдарынын биргелешкен иши бир жолку эмес, туруктуу жана максаттуу мүнөзгө ээ. Анын маңызы — укук коргоо кызматынын беделин түшүргөн жана мамлекеттин кызыкчылыктарына каршы чыккан адамдарды аныктоо, документтештирүү, бөгөт коюу жана андан ары жоопкерчиликке тартуу боюнча туруктуу механизмди түзүү болуп саналат" деп айтылат Жумгалбек Шабданбековдун билдирүүсүндө.

Буга чейин Ички иштер министрлиги менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин ортосундагы тиреш болуп жатабы деген суроолор пайда болгон.

Жакында эле Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын (БМЖККК) кызматкерлери катышкан ири коррупциялык схеманын бетин ачканын маалымдаган. Маалыматка ылайык, 17-апрель күнү БМЖКККнын П.М. аттуу бөлүм башчысы жана А.А. аттуу ыкчам кызматкери кармалган. Алар Орусиянын жаранынан баңгизатка байланыштуу иште жазаны жеңилдетип берүү убадасы менен 9 миллион рубль (болжол менен 100 миң АКШ доллары) өлчөмүндө пара талап кылышкан.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын (БМЖККК) кызматкерлери катышкан ири коррупциялык схеманын бетин ачканын маалымдаган. Маалыматка ылайык, 17-апрель күнү БМЖКККнын П.М. аттуу бөлүм башчысы жана А.А. аттуу ыкчам кызматкери кармалган. Алар Орусиянын жаранынан баңгизатка байланыштуу иште жазаны жеңилдетип берүү убадасы менен 9 миллион рубль өлчөмүндө пара талап кылышкан.

Айрым басылмалар атайын кызмат ИИМде тинтүү жүргүзгөнүн да жазып чыгышкан.

Ошондой эле башка бөлүмдөрдөн да бир нече милиция кызматкери кармалган. Мындан тышкары аймактарда да милиция кызматкерлери пара менен кармалганы айтылган.

Бул арада Ички иштер министрлиги, тескерисинче, атайын кызматтын кызматкерин кармаганы жөнүндө маалымат чыккан.

Дегеле февраль айында президент Садыр Жапаров менен УКМКнын ошол кездеги башчысы Камчыбек Ташиевдин саясий тандеминин урашы жана Ташиевдин кызматынан бошотулушу УКМКнын таасиринин азайышы катары кабыл алынган. Ушул окуялардан кийин ИИМ атайын кызматтын бир катар жетекчилерин кармаган.