You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Ош: үйү буздурулгандарга кенемте төлөнүп берилет
Оштогу мыйзамсыз курулуштарды иретке келтирүүдө үйүнөн ажыраган жарандарга кенемте төлөп берилет. Мамлекет башчысы Садыр Жапаров Ош шаарынын тургундары менен болгон жолугушууда үйлөрү бузулуп, кенемтесин ала албай жаткандардын маселеси көтөрүлдү. Президент курулуш тармагындагы мүчүлүштүктөрдү жана жарандардын менчик укугун коргоо зарылдыгын моюнга алып, бул көйгөйдү чечүү тапшырмасын берди.
Ош шаарынын тургуну Кобилжон Кодиров кенемте маселесин президенттен сурады:
"Кенемте маселесин тездетпесе болбойт, адамдар кыйналып жатат. Бузулган үйлөр кайра турганга чейин кыйла убакыт өтөт".
Соңку жылдары Ошто 1200 жарандын турак үйлөрү, 550 коммерциялык объектилер бузулган. Ош шаарынын мэри Жанар Акаев кенемте алмашуу жолдору менен чечилип жатканын билдирди.
"Алардын дээрлик 10% чечилген. 90% азыр биздин мойнубузда. Бирок биз айрым жерлерди трансформация кылып, алмашуу жолу менен чечип жатабыз. Мэриянын балансындагы жерлер, батирлер бар. Мисалы, ошол эле Касымбеков көчөсүндө, Юго-Востокто бир топ ири объектилерди чечтик. Отузга жакынын алмашуу жолу менен чечтик. Мэриянын балансында турган үйлөрдү бердик. Айрым учурда жерлерди иштетүүгө бердик. Чоң маселелердин бир тобун чечтик", - деди Жанар Акаев.
Ал эми укук коргоочу Гүлгаакы Мамасалиева кенемте төлөө боюнча атайын эреже иштелип чыгуусу керек дейт:
"Министрлер кабинети кенемте төлөө, билдирүүлөрдү жиберүү боюнча эрежелерди иштеп чыгышы керек эле. Ошол сөздү козгодум. Президент Министрлер кабинетине айтып, ошол эрежелерди кабыл алып берсе деп сурандым. Анткени эрежелер жок болгондуктан, ал так жазылбагандыктан жер-жерлерде буздуруу иштери, тартып алуу иштери адилетсиз жүрүп жатат".
Расмий түрдө жарым миллиондой калкы бар Ош шаардына таза суу, туш келди салынган курулуштар сыяктуу бир катар инфраструктуралык көйгөй көп экени белгилүү.
Буга чейинки мэр Токторбаев ишке киришкенден бери Оштун бир катар аймактарында мыйзамсыз курулуштарды бузуу иштерин жүргүзгөн.
Калктын бир бөлүгү муну шаарды иретке келтирүү аракети катары сыпаттап, колдоого алса, айрым активисттер бул процесс тургундардын укугун бузуу менен ишке ашканын белгилешкен. Президент Жапаров айрым учурда аша чаап кеткен учурлар болгонун мойнуна алды.
"Биринчи бузуу иштерин жүргүзбөй туруп алар менен келишиши керек болчу. Тил табышыш керек эле. Баасын келишип, берип. анан бузуу иштерин жүргүзүү керек эле. Бүгүнкү күнгө 700дөн ашуун кишинин үйү бериле элек экен. Анын баарын биз калыбына келтиребиз. Ал эми биздин бийликтин кемчилиги, менин деле кемчилигим десем болот, ишенип мэр кылып койсом, туура эмес иштерди жасап жибергендиги үчүн мен дагы күнөөбүздү мойнубузга алабыз. Ошон үчүн бийлик булардын баарын бүтүрүп беребиз", - деди президент.
Оштогу кырдаал - бул жөн гана имараттарды бузуу эмес, бул мамлекет менен жарандын ортосундагы ишенимди бекемдөө же сыноо процесси болуп турган сыяктуу.