You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Президент Садыр Жапаров: "Ош шаарында 10 мектептин пайдубалы түптөлөт"
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-апрелде, Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кыргызстандын Турукташтыруу фондунун эсебинен 10 орто мектептин курулушун баштоо аземине катышты.
"Ош калаасындагы билим берүүнүн акыбалына токтолоюн. Бүгүнкү күндө Ош шаарында мамлекеттик 70 мектепте 100 миңден ашуун окуучу билим алып жатат. Тилекке каршы, мамлекеттик мектептердин сыйымдуулугу болгону 46 миңден ашуун гана окуучуга эсептелген. Бул – иш жүзүндө мектептер 2 эседен ашык жүктөм менен иштеп жатканын көрсөтөт. Башкача айтканда, ар бир 1 орунга 2ден ашуун окуучу туура келип, билим берүү сапатынын аксашына алып келүүдө" - деп белгиледи өлкө башчысы.
Садыр Жапаров мындай жагдайдын натыйжасында 16 мектепте окуу процесси үч сменде, ал эми 51 мектепте эки сменде уюштурулуп жатканынан кабары бар экенин айтты.
"Жалпы 70 мектептин ичинен болгону үч мектепте гана бир сменде окуу мүмкүнчүлүгү бар экен. Бул жагдай шаардагы билим берүү системасында инфратүзүмдүк тартыштык өтө курч болуп келгенин айгинелейт", - дейт мамлекет башчысы.
Жаңы он мектептин баары Турукташтыруу фондусунун эсебинен курулат. Мындан тышкары Ош шаарында республикалык бюджеттин эсебинен дагы беш мектептин курулушу жүрүүдө.
"Кудай буюрса, жалпы 15 мектеп пайдаланууга берилсе, шаар мектептериндеги орун тартыштыгынын болжол менен 20–22%ын жабууга мүмкүндүк болот", - деди Жапаров.
Садыр Жапаров Ош облусуна бүгүн, 10-апрелде барды. Ал аймакта 15-апрелге чейин болору айтылды. Бул Жапаровдун Ташиев-Жапаров тандеми бузулуп, бийликте бир катар кадрдык алмашуулар болгондон бери Ош облусуна биринчи барышы.