You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Венгрияда оппозициялык "Тиса" партиясы жеңишке жетти. Орбан жеңилгенин мойнуна алды
- Author, Жаңылыктар кызматы
- Role, Би-Би-Синин Орус кызматы
- Окуу убактысы: 3 мүнөт
Алдын ала маалыматтарга ылайык, Петер Мадьяр жетектеген "Тиса" оппозициялык партиясы жекшембидеги шайлоонун жыйынтыгы боюнча Венгрия парламентиндеги орундардын көбүнө ээ болууда.
Добуштардын 90% ашыгы саналды. Ага ылайык, партия 199 мандаттын 138ин алары анык. Ал эми азыркы премьер-министр Виктор Орбан жетектеген "Фидес" партиясы 54 орунга ээ болууда. "Биздин мекен" партиясы жети мандат алууда.
Виктор Орбан Петер Мадьярды жеңиши менен куттуктаганын билдирди. Ал шайлоонун жыйынтыгы оор, бирок түшүнүктүү болуп калганын белгиледи. Ошондой эле "Фидес" эми оппозициядагы партия катары Венгрияга кызмат кыла берерин кошумчалады.
Мадьяр Будапешттин борборундагы митингде тарапташтарына кайрылып жатып: "Тиса" да, Венгрия да бул шайлоодо жеңишке жетишти. Биз биргеликте Венгрияны бошотуп, Орбандын режиминен арылдык", – деди.
Бул шайлоого жалпысынан беш партия катышты. Бирок негизги атаандаштык Виктор Орбандын өлкөнү 16 жылдан бери башкарып келе жаткан "Фидес" партиясы менен Петер Мадьярдын "Тиса" партиясынын ортосунда жүрдү. Көз карандысыз социологиялык сурамжылоолор оппозициянын ишенимдүү жеңишин алдын ала божомолдогон.
Шайлоо тилкелери жабылганга эки саат калганда эле добуш берүүгө катышкандардын көрсөтүчү рекорддук 74,23% түзгөн.
Би-Би-Синин Будапешттеги кабарчысы Пол Кирби эске салгандай, 2022-жылдагы шайлоодо шайлоочулардын 62,92% добуш берген.
Европалык лидерлердин реакциясы
Европанын лидерлери Петер Мадьярдын жеңишин куттукташты.
Урсула фон дер Ляйен социалдык тармактарда: "Бүгүн кечинде Европанын жүрөгү Венгрияда катуураак согууда. Венгрия Европаны тандады. Европа болсо ар дайым Венгрияны тандап келген", — деп жазды.
Ал эми Германиянын канцлери Фридрих Мерц: "Венгрия өз тандоосун жасады", — деп билдирди. Ал "күчтүү, коопсуз жана эң башкысы бирдиктүү Европа үчүн" Мадьяр менен кызматташууга үмүт артып жатканын айтты.
Бул шайлоодо шайлоочулар бир мандаттуу округ боюнча ат салышкан талапкерге (жалпы 199 мандаттын 106сы ушундай жол менен бөлүштүрүлөт) жана партияларга добуш беришти. Парламентке келүү үчүн саясий партиялар 5 пайыздык босогодон өтүшү керек.
Венгриянын мыйзамдарына ылайык, добуштарды толук санап чыгуу 18-апрелден кечиктирилбеши зарыл.
Виктор Орбандын кеңсесинин башчысы Гергей Гуляш элдин шайлоого активдүү катышуусу бийликтеги партиянын кеңири мобилизациялык ишинин жыйынтыгы болгонун билдирди.
Виктор Орбан жана "Фидес" шайлоо алдындагы үгүт ишинде Украинадагы согуш темасына көп көңүл бурган. Плакаттарда Украинанын президенти Владимир Зеленский жана Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен сүрөттөрү коркунучтуу, тынчсыздандырган жазуулар менен коштолгон.
Орбан жана тышкы иштер министри Петер Сийярто Киев менен Брюссель Будапештти согушка азгырып жатат деп байма-бай билдирип келишет. Ошондой эле Украина Венгриянын энергетикалык объектилерине чабуул жасашы мүмкүн экенин эскертишкен.
Мындан тышкары Евробиримдиктин курамындагы Венгрия Украинага каржылык жардам көрсөтүүнү жана Орусияга каршы жаңы санкцияларды киргизүүнү ырааттуу түрдө бөгөттөп келет.
Шайлоонун алдында АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс Виктор Орбанды колдоо үчүн да келип кеткен. Ал Орбанды венгр элин коргогону үчүн жана "Орусия менен Украинанын ортосундагы согушту жөнгө салууга кошкон салымы" үчүн мактаган. Ошондой эле Брюсселди шайлоого кийлигишти деп айыптаган.
Ал эми Петер Мадьяр Украинадагы согуш темасын көп козгобоого аракет кылууда.