АКШ менен Иран согушту токтотуу боюнча келишимге жетише албады, Жей Ди Вэнс Пакистандан учуп кетти

Окуу убактысы: 3 мүнөт

Кошмо штаттардын вице-президенти Жей Ди Вэнс АКШ менен Иран Исламабаддагы сүйлөшүүлөрдөн кийин келишимге жетише албаганын билдирди. Вэнстин айтымында, Иран АКШнын шарттарын кабыл алуудан баш тартты, айрыкча АКШ Тегерандын "өзөктүк куралды жасоодон баш тартуу боюнча милдеттенмесин" көрө алган жок.

АКШ вице-президенти Жей Ди Вэнс Пакистандан учуп кетти, анткени 21 сааттан ашык созулган, чыңалган сүйлөшүүлөр согушту токтото турган тынчтык келишимине алып келген жок.

"Биз ирандыктар менен көп маселени талкууладык, бул жакшы жаңылык. Жаман жагы биз келишимге жетише алган жокпуз. Менимче, бул Америкага караганда Иран үчүн кыйла жаман кабар", — деди Вэнс.

Вэнс белгилегендей, Дональд Трамптын башкы максаты — Тегерандын өзөктүк куралга ээ болушуна азыр да, келечекте да жол бербөө. Вице-президенттин айтымында, Исламабаддагы сүйлөшүүлөрдө АКШ ирандыктардан өзөктүк куралдан баш тартуу боюнча милдеттенмени көрө алган жок.

Буга чейин Дональд Трамп АКШ менен Ирандын Пакистандагы сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы аны тынчсыздандырбай турганын билдирген. Анын айтымында, Вашингтон бул согушта эчак эле жеңишке жеткен.

"Мен үчүн келишим түзөбүзбү же жокпу маанилүү эмес. Биз жеңдик. Биз бул өлкөнү толугу менен талкаладык", — деген эле Трамп.

Трамп мурдагы билдирүүлөрүн кайталап, АКШ Ирандын аба күчтөрүн, деңиз флотун жана жетекчилигин жок кылганын, азыр Ормуз кысыгы аркылуу өткөн сооданы мурдагы калыбына келтирүүнүн үстүндө иштеп жатканын айтты. Анын айтымында, Америка муну "же корккон, же алсыз, же сараң" өлкөлөрдүн атынан жасап жатат.

"НАТО бизге жардам берген жок", — деди ал.

Сүйлөшүүлөр кандай өттү?

Америка, Иран жана Пакистан катышкан үч тараптуу сүйлөшүүлөр Израилдин Ливанга соккулары басаңдагандан кийин башталган.

Иран делегациясын парламент спикери Мохаммад-Багер Галибаф жетектеди. Делегациянын курамында тышкы иштер министри Аббас Арагчи, Коргоо кеңешинин катчысы Али-Акбар Ахмадиан, Борбордук банктын башчысы Абдолнасир Хеммати жана бир нече парламент депутаттары бар.

"Бизде жакшы ниет бар, бирок ишеним жок. Америкалыктар менен сүйлөшүүлөр ар дайым ийгиликсиз аяктап, убадалар аткарылган эмес", — деди Галибаф Пакистанга келгенде.

АКШ делегациясынын курамында Жей Ди Вэнстен тышкары Трамптын атайын чабарманы Стив Уиткофф жана президенттин күйөө баласы Жаред Кушнер бар.

Сүйлөшүүлөр учурунда иран медиасы АКШ Ормуз кысыгы боюнча "ашыкча талап" коюп жатканын жана башка маселелер боюнча "кабыл алынгыс талаптарды" сунуштаганын жазышты.

Иран Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Исмаил Бакаи Вашингтонду "ашыкча талаптардан жана мыйзамсыз өтүнүчтөрдөн" баш тартууга жана Ирандын "мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын" таанууга чакырды.

Financial Times жазгандай, ишемби күнү кечиндеги сүйлөшүүлөр Ормуз кысыгы маселесинен улам туңгуюкка кептелген. Басылманын булактарынын айтымында, Иран бул жолду көзөмөлдөөнү уланта турганын жана кемелерден акы алууну талап кылып жатканын айткан, ал эми биргелешкен көзөмөл варианттарын четке каккан.

Жей Ди Вэнс көпкө чейин созулган сүйлөшүүлөр учурунда Дональд Трамп менен бир нече жолу сүйлөшкөнүн айтты:

"Канча жолу сүйлөшкөнүбүздү билбейм, акыркы 21 саатта көп жолу сүйлөштүк".

Пакистандын тышкы иштер министри Мухаммад Исхак Дар тынчтык сүйлөшүүлөрү аяктагандан кийин ок атышууну токтотуу режимин сактоо абдан маанилүү экенин билдирди:

"Биз эки тарап тең тынчтыкка жана гүлдөп-өнүгүүгө жетүү үчүн сүйлөшүүлөрдү уланат деп үмүттөнөбүз".

Ишембиде Reuters Ирандын жогорку даражалуу булагына таянып, Вашингтон Катар жана башка өлкөлөрдүн банктарында тоңдурулган иран активдерин бошотууга макул болгонун жазды. Бирок CBS News булагы муну четке каккан.

Дональд Трамп өз кезегинде Truth Social тармагында АКШ аскерлери Ормуз кысыгын минадан тазалоону баштаганын билдирди. Ага чейин Axios журналисти Барак Равид АКШнын аскер кемелери Ирандын макулдугусуз кысыктан өткөнүн жазган.

Иран мамлекеттик телеканалы муну четке кагып, америкалык кемелер кысыктан өтсө, 30 мүнөт ичинде сокку уруларын билдирген.

АКШнын Борбордук командачылыгы эки эсминец кысыктан өткөнүн билдирди, бирок Иран бул билдирүүнү да четке какты.