Канзаада Гарри менен Меган Британияга кайтып келет

Гарри менен Меган

Сүрөттүн булагы, PA Media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Гарри менен Меган
Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Би-Би-Синин маалыматына караганда, Сассекс герцогу жана герцогинясы канзаада Гарри менен Меган королдук милдеттерин аткаруудан баш тартып, АКШга көчүп кеткенден алты жыл өткөндөн кийин Улуу Британияга кайтып келүүнү пландап жатышат.

Бул тууралуу алгач Daily Telegraph жана Sun басылмалары жазды. Алардын маалыматына караганда, канзаада Гарри менен жубайы Меган Калифорниядан Улуу Британияга августтун аягында көчүп келүүнү көздөп жатышат. Алар Лондондун сыртындагы королдук эмес, жеке резиденцияга жайгашат.

Алардын балдары, жети жаштагы канзаада Арчи жана беш жаштагы ханбийке Лилибет сентябрь айында Британиядагы мектепте окуй башташы керек.

BBC News жазгандай, король Чарльз III алардын көчүп келүү планы тууралуу жекшемби күнү кабардар болгон. Учурда канзаада Гарринин да, Мегандын да королдук үй-бүлө мүчөлөрүнүн милдеттерине кайтып келүүсү боюнча эч кандай планы жок.

Канзаада Гарринин өкүлү да, Букингем сарайы да бул маалымат боюнча азырынча комментарий бере элек. Reuters агенттиги жубайларга жакын булак маалыматтардын чын экенин ырастаганын жазды.

Сассекс герцогу менен герцогинясы жана алардын балдары король Чарльз III менен июль айында жолуккан. Бирок алардын көчүп келүүсү тууралуу сөз болгон эмес.

Би-Би-Синин маалыматына караганда, Чарльз III алардын көчүп келүү планы тууралуу өткөн дем алышка чейин билген эмес. Ошол эле учурда король канзаада Гарринин үй-бүлөсү менен көбүрөөк жолугуп турууга мүмкүнчүлүк түзүлүп жатканына кубанычта.

Канзаада Гарри менен Мегандын расмий королдук статусу кайтарылбайт. Канзаада Уильям менен жубайы Кэтрин да алардын пландары тууралуу кабардар.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Канзаада Гарри менен Меган 2020-жылдын жаз айында Улуу Британиядан кетип, королдук милдеттерин аткарууну токтотушкан.

Ошондон бери үй-бүлөлүк мамилелер чыңалган бойдон калган. BBC News белгилегендей, алардын июль айында король Чарльз III жана ханыша Камилла менен жолугушуусу бул үй-бүлөдөгү маанилүү окуя болгон.

Жолугушуу Глостерширде жеке үй-бүлөлүк иш-чара катары өткөн. Король төрт жылдан ашык убакыттан бери биринчи жолу неберелерин көргөн.

Канзаада Гарри менен Меган 2022-жылдан бери Улуу Британияга чогуу барышкан эмес. Ошол жылы алар ханыша Елизавета IIнин тажыясына катышкан.

Жубайлардын коопсуздугу көпкө чейин чыңалууну пайда кылган, анткени Сассекс герцогунун полиция тарабынан кайтаруу өтүнүчү четке кагылган.

Өткөн жылы канзаада Гарри Улуу Британияда жүргөндө өзү жана үй-бүлөсү үчүн берилүүгө тийиш болгон коопсуздукка байланыштуу соттук териштирүүдө утулуп калган.

Буга чейин канзаада Гарри коопсуздук маселеси анын Улуу Британияга үй-бүлөсү менен келишине тоскоол болуп жатканын билдирген.