You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Эдил Байсалов Кыргызстандын АКШдагы элчиси болуп дайындалды
Эдил Байсалов Кыргызстандын АКШдагы элчиси болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койгону тууралуу маалымат президенттин сайтына жарыяланды.
Ага чейин Эдил Байсалов Салижан Жигитовдун 90 жылдык мааракесине карата уюштурулган симпозиумда сүйлөп жатып кызматтан кетип жатканын билдирген.
Байсалов акыркы 4,5 жылын вице-премьерлик кызматка арнаганын белгилеп, Кыргызстан эгемендик алган жылдардан бери мындай узак мөөнөттө вице-премьер болуп иштеген киши болбогонун айткан.
Ал кызматтан кетип жатканы тууралуу бүгүн түштөн кийин расмий маалымат бериле турганын кабарлаган.
Ошондой эле Байсалов Салижан Жигитов жөнүндө айтып жатып, анын мурасы абдан терең экенин, айткан сөздөрүнүн, жазган ойлорунун маанилүүлүгүнө токтолду.
Ошондуктан вице-премьерлик кызматында калган бир нече саатын ошол кишинин урматына уюштурулган иш-чарага арнагысы келгенин айткан.
Айрым маалымат каражаттары бир күн мурун эле Байсаловдун кызматтан кете турганын, ал АШКга элчи болуп дайындалып жатканын жазып чыгышкан.
Эдил Байсалов вице-премьерликке 2021-жылы дайындалган. Ага чейин ал Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси болуп иштеген.