You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
ИИМ жетекчилиги алтынчы кабаттан кулап каза болгон келиндин жакындары менен жолукту
Ички иштер министрлигинин жетекчилиги алтынчы кабаттан кулап каза болгон аялдын ата-энеси менен жолукту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жолугушуу учурунда туугандарына жүргүзүлүп жаткан тергөө иш-чаралары тууралуу кеңири маалымат берилип, алардын бардык суроолоруна жооп берилген. Маркумдун ата-энеси тергөө органдарынын аракеттерине дооматтары жок экенин айтышкан.
"Ошондой эле маркумдун жакындары жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө жана коомчулукка кайрылып, ашыкча талкуулоодон алыс болуп, аза күтүү мезгилинде үй-бүлөнү тынчсыздандырбоону өтүнүштү",- деп айтылат маалыматта.
Аталган кылмыш иши ички иштер министринин жеке көзөмөлүнө алынган.
4-апрелде Бишкек шаарындагы "Жал" кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин алтынчы кабатынан эки баласы менен кошо келин кулап түшкөн. Кырсыктын кесепетинен 28 жаштагы Элвина аттуу келин жана анын бир баласы каза болуп, дагы бир баласы оор абалда жандандыруу бөлүмүнө түшкөн.
Бул окуя боюнча Бишкек шаардык милициясы шектүү катары маркумдун 33 жаштагы жолдошун кармаган. Ага "Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү" беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Бирок шектүүнүн жакындарынын айтымында, кырсык катталган учурда анын жолдошу үйүндө болгон эмес.
Расмий маалыматтарга ылайык, 2025-жылы республика боюнча үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири-бирине карата жасалган зомбулук фактылары боюнча 656 кылмыш иши козголгон. Бул иштердин алкагында 458 аял, 104 бала жана 94 эркек киши жабыркаган.