Жаратылыш чек араны тааныбайт: Борбор Азия биоартүрдүүлүктү сактоо үчүн күчүн бириктирүүдө

 COP17 конференциясында Борбор Азиянын биоартүрдүүлүктү сактоо боюнча биргелешкен демилгеси тааныштырылды
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ереван, 2026-жылдын 21-октябры COP17 конференциясында Борбор Азиянын биоартүрдүүлүктү сактоо боюнча биргелешкен демилгеси тааныштырылды
    • Author, Элеонора Куленбекова, Би-Би-Синин кабарчысы
  • Published
  • Окуу убактысы: 4 мүнөт

Ак илбирстер чек араны тааныбайт, бийик тоолорду аралап бир өлкөдөн экинчи өлкөгө өтүп кетет берет, дарыялар дагы өлкөлөрдүн чек арасын бөлүп-жарбай ага берет. Тоолорду да, аларды байырлаган жандуу дүйнөнү да бир гана өлкөнүн аракети менен сактап калуу мүмкүн эмес. Биоартүрдүүлүк маселесинде коңшу өлкөлөрдүн кызматташуусу абдан маанилүү. Ушуну эске алып, Борбор Азиянын беш өлкөсү биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо үчүн күчүн бириктирүүнү көздөп жатат.

Ереван шаарында өтүп жаткан БУУнун Биологиялык артүрдүүлүк жөнүндө конвенциясынын 17-конференциясында Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан 2035-жылга чейин Борбор Азиядагы биоартүрдүүлүктү сактоо жана аны туруктуу пайдалануу боюнча регионалдык программасын сунуштады.

Демилге беш өлкөнүн жаратылышты коргоо жаатындагы аракеттерин бириктирип, аймактык көйгөйлөрдү биргелешип чечүүнү жана эл аралык донорлордун көңүлүн Борбор Азиянын муктаждыктарына бурууну көздөйт.

21-октябрда Ереванда Казакстандын токой чарбасы жана жаныбарлар дүйнөсү комитетинин төрагасы Данияр Тургамбаев бул демилгени БУУнун Биоартүрдүүлүк боюнча конвенциясынын өкүлдөрүнө тааныштырды:

"Аймактык мындай кызматташуу региондогу мамлекеттерге, алар жалгыздап чече албаган жаратылышка байланыштуу көйгөйлөрдү биргелишип чечүүгө жана улуттук милдеттенмелерин аткарууга жардам берет. Ар бир өлкөнүн өз шарты, мүмкүнчүлүгү, иштөө ыкмасы бар. Биздин милдет - ушул айырмачылыктарды эске алып, баарына ылайыктуу чечим табуу. Анткени жалпы жаратылышыбызды сактоо суу коопсуздугуна, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашууга жана туруктуу өнүгүүгө түздөн-түз байланыштуу", - деди казакстандык чиновник.

"Жаңычыл демилге"

Бул демилгени NBSAP Accelerator Partnership өнөктөштүгүнүн глобалдык координатору Жеймисон Эрвин да кубаттады. Анын айтымында, Борбор Азия өлкөлөрүндө жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн жалпы түрлөрү, бир нече өлкөнүн аймагын камтыган дарыя бассейндери жана жаратылышка таасир эткен окшош көйгөйлөрү бар. Ошондуктан аларды өз-өзүнчө эмес, биргелешип чечүү натыйжалуураак болушу мүмкүн.

"Менимче, бул укмуштуудай жаңычыл демилге. Көпчүлүк өлкөлөр жаратылышты коргоо иштерин өз алдынча жүргүзүүгө аракет кылышат. Бирок бул беш өлкө биргелешип иштесе, алда канча чоң натыйжаларга жетише алат. Бул өлкөлөрдүн жаратылышында жалпы жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн түрлөрү, орток дарыя бассейндери бар. Ошондой эле алар жаратылышка терс таасирин тийгизген окшош көйгөйлөргө жана себептерге туш болушат. Эми алардын максаттары да, иш пландары да, аракеттери да орток болуп жатат. Бул чындыгында абдан шыктандырат", - деди Жеймисон Эрвин Би-Би-Си Кыргыз кызматына бул жаңы программа тууралуу оюн билдирип.

Жеймисон Эрвин - NBSAP Accelerator Partnership өнөктөштүгүнүн глобалдык координатору
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жеймисон Эрвин - NBSAP Accelerator Partnership өнөктөштүгүнүн глобалдык координатору

Эрвиндин пикиринде, биргелешкен аракеттер жаратылыштын абалына байкоо жүргүзүүнү жакшыртып, аймактарды туура пландоого жана чек арадан сырткары да экологиялык көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берет.

Программанын төрт негизги багыты

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Си Кыргыз кызматынын WhatsApp каналына кошулунуз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Борбор Азиянын 2035-жылга чейин биоартүрдүүлүктү сактоо жана туруктуу пайдалануу боюнча аймактык программасы төрт негизги багытты камтыйт.

Биринчиси - чек арага карабаган экосистемаларды, экологиялык коридорлорду жана сейрек кездешүүчү жаныбарлар менен өсүмдүктөрдү биргелешип коргоо. Бул үчүн корголуучу жаратылыш аймактарынын тармагын өнүктүрүп, алардын өз ара байланышын эске алуу сунушталууда.

Экинчиси - жаратылышты коргоо маселелерин экономикалык чечимдерге киргизүү. Тактап айтканда, айыл чарба, энергетика, транспорт, инфраструктура, кен казуу, токой чарбасы жана туризм тармактарындагы пландарды түзүүдө биоартүрдүүлүктү сактоого көңүл буруу.

Үчүнчүсү - илимий кызматташтыкты өнүктүрүү, маалымат алмашуу, чек араны кесип өткөн түрлөргө жана экосистемаларга биргелешкен мониторинг жүргүзүү, заманбап технологияларды колдонуу жана адистерди даярдоо.

Төртүнчүсү - программаны ишке ашыруу үчүн зарыл болгон механизмдерди түзүү жана каржылоо булактарын табуу. Бул багытта аймактык эксперттик топторду түзүү, маалымат системаларын шайкеш келтирүү жана узак мөөнөттүү каржылоону тартуу каралган.

Презентациядан сүрөт

Программаны ишке ашыруу үчүн өлкөлөр биргелешкен иштердин тизмесин, мөөнөттөрүн, жооптуу тараптарды жана керектүү каражаттарды тактап, жетишкендиктерди баалоонун жалпы көрсөткүчтөрүн макулдашуусу керек.

Ошондой эле жергиликтүү жамааттарды, аялдарды, жаштарды, бизнести, илимий мекемелерди жана эл аралык өнөктөштөрдү тартуу маанилүү.

Данияр Тургамбаев презентациясында жаңы административдик түзүмдөрдү көбөйтпөстөн, аймакта буга чейин түзүлгөн кызматташтык механизмдерин натыйжалуу пайдалануу зарылдыгын белгиледи.

Азырынча программа долбоор түрүндө сунушталууда: аны ишке ашыруунун конкреттүү чаралары, көрсөткүчтөрү жана отчеттуулук тартиби өлкөлөр тарабынан дагы макулдашылышы керек. Иш эки баскычка бөлүнөт: 2027–2030 жана 2031–2035-жылдар.

"Жаңы программа жаңы бюрократия жаратпашы керек"

Регионалдык программаны сунуштоо - кызматташтыктын башталышы гана. Аны иш жүзүндө ким координациялайт, кандай механизмдер колдонулат жана натыйжалары кантип бааланат деген суроолордун башы ачык бойдон калууда.

Данияр Тургамбаев жаңы административдик түзүмдөрдү түзүүдөн көрө, иштеп жаткан механизмдерди колдонуп, бардык тараптарга ылайыктуу кызматташтык жолун табууну сунуштады.

Анын айтымында, программа боюнча документ даярдалган жана саясий чечим кабыл алынган. Эми өлкөлөр, мамлекеттик мекемелер жана эл аралык өнөктөштөр биргелешип иштей турган натыйжалуу механизмди аныкташы керек. Бирок ал бул мамлекеттер үчүн жаңы адмистративдик проблемага айланбашы зарыл. Буга чейинки механизмдер аркылуу улантылса жакшы экенин кошумчалады.

Бул пикирди Дүйнөлүк банктын айлана-чөйрө боюнча директору Валери Хики да колдоду. Анын айтымында, Борбор Азияда өлкөлөрдүн кызматташуусуна шарт түзгөн аймактык аянтчалар буга чейин эле бар.

Алардын бири - Борбор Азиянын Регионалдык экологиялык борбору (CAREC). Ошондой эле беш өлкөнү бириктирген Регионалдык экологиялык саммит да кызматташуу үчүн маанилүү аянтча болуп саналат.

"Жаңы административдик механизмдерди түзүү сөзсүз эле зарыл эмес. Тескерисинче, буга чейин түзүлгөн механизмдерди колдонуп, аларды бекемдөө маанилүү", - деди Валери Хики.

Кыргызстан үчүн бул эмнени билдирет?

Кыргызстанда биоартүрдүүлүктү сактоодогу көйгөйлөрдүн бири - жаратылыштын абалы тууралуу маалыматтарды үзгүлтүксүз чогултуу жана талдоо мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртуу. БУУнун баяндамасында Кыргызстандагы экосистемаларды көзөмөлдөөдө бир катар кемчиликтер бар экени белгиленет.

Борбор Азиянын жаңы регионалдык программасы өлкөлөргө илимий маалыматтарды бөлүшүүгө, биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүүгө жана жаратылыштагы өзгөрүүлөрдү кеңири аймакта байкоого мүмкүнчүлүк түзүшү мүмкүн. Мисалы, ак илбирс сыяктуу чек арадан өткөн жаныбарлардын жашоо аймактарын изилдөөдө коңшу өлкөлөрдүн маалыматтарын салыштыруу маанилүү.

"Бизге жаратылышты коргоодо маанилүү аймактарды аныктап, инфраструктураны өнүктүрүүдө экологиялык коридорлорду эске алган бирдиктүү пландоо зарыл. Ошондой эле жаратылышка биргелешип байкоо жүргүзүп, маалымат алмашуу жана жаныбарлардын популяциясынын абалын бирдей ыкмалар менен баалоо маанилүү. Бул коркунучтарды өз убагында аныктоого жана чара көрүүгө жардам берет. Мындан тышкары, илимий мекемелердин жана корголуучу жаратылыш аймактарынын адистеринин түз кызматташуусун күчөтүү керек", - деди Кыргызстандын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Алмаз Мусаев.

Бирок бул үчүн программа жөн гана кызматташуу ниети менен чектелбестен, илимий иштерди каржылоону жана маалымат алмашуунун так механизмдери керек.

Борбор Азиянын беш өлкөсү жаратылышты коргоо боюнча мындай жалпы программанын үстүндө биргелешип иштөөнү сунуштап жатканы - аймак үчүн жаңы кадам. Эми эң башкысы - бул демилгени кагаз жүзүндө калтырбай, ишке ашыруу. Ал үчүн өлкөлөр программанын акыркы вариантын макулдашып, ким кандай иш аткарарын аныктап, биргелешкен долбоорлорго каражат табышы керек.

  • Бул материал Informed Earth уюму жана Internews'тун Earth Journalism Network тармагы менен биргеликте уюштурган 2026-жылдагы БУУнун Биологиялык артүрдүүлүк жөнүндө конвенциясынын COP17 стипендиялык программасынын алкагында даярдалды.