Түркия менен Күрт жумушчу партиясынын тынчтык жараяны алдыга жылууда. Бирок күрттөрдү эмне кооптондурат?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Тыюу салынган Күртстан жумушчу партиясынын мүчөлөрүнүн Түркияга кайтып келишинин укуктук негиздерин аныктаган мыйзам күрттөрдү колдогон чөйрөлөрдө жалпысынан жакшы кабыл алынды. Бирок мыйзам чечилбей калган маселелер боюнча да талкууларды жаратты.
Парламент мыйзамды 10-августта бийликтеги Адилеттик жана өнүгүү партиясынын, өкмөттүн өнөктөшү болгон Улутчул кыймыл партиясынын , Республикалык элдик партиянын жана күрттөрдү колдогон Элдердин теңдиги жана демократия партиясынын колдоосу менен кабыл алды.
Элдердин теңдиги жана демократия партиясынын депутаттары мыйзамды колдогону менен, күрт саясатчылары жана комментаторлору абактагы Күртстан жумушчу партиясынын лидери Абдулла Ожаландын макамына, камактагы саясий ишмерлердин тагдырына, сүргүндөгү саясатчылар менен партия мүчөлөрүнүн кайтып келишине түзүлгөн шарттарга жана күрттөрдүн укуктарына байланышкан кеңири реформалардын жоктугуна тынчсыздануусун билдиришти.
Күртстан жумушчу партиясынын куралсыздануусу жакынкы айларда чыр-чатакты саясий жана укуктук нукка бурабы же жокпу деген олуттуу күмөндөр дагы деле бар. Ал Түркияда кеңири демократиялашуунун башталышына алып келери тууралуу сөз кылуунун өзү азырынча эрте.
Күрттөр бул жараянды кандай кабыл алууда?
Сурамжылоолор күрттөрдүн тынчтык жараянын күчтүү, бирок этияттык менен колдоп жатканын көрсөтөт.
Диярбакырда жайгашкан Rawest изилдөө компаниясынын күрттөр арасында жүргүзгөн сурамжылоолору боюнча, алардын дээрлик 90% жараянды колдойт. Бул тууралуу Ирактын Күртстан аймагындагы Rudaw жаңылык сайты 10-августта жазды.
Бирок Rawest компаниясынын изилдөөчүсү Рож Гирасун Rudawга билдиргендей, күрттөрдүн арасында бул жараян кандайдыр бир "конкреттүү" натыйжага алып келбей, күрт маселеси "чечилбей калат" деген кооптонуу кеңири тараган.
"Бул жараяндын эң көзгө урунган жагы - колдоо менен ишенимдин ортосундагы ажырым", - деди Гирасун. Анын айтымында, күрттөрдүн колдоосу "шыктанган оптимизмден көрө зарылчылыктан" улам болуп жатат. Алардын көбү жараянды "бир аз дем алып калууга мүмкүнчүлүк" катары көрүшөт.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Мурдагы депутат Ахмет Йылдырым 6-августта көз карандысыз Medyascope жаңылык сайтына берген маегинде кылымдан бери келе жаткан маселени 12 беренеден турган мыйзамдар топтому аркылуу чечүүгө болот деп күтүү "реалдуу эмес" экенин айтты.
Ал ошондой эле өкмөттү тынчтык жараянында зарыл боло турган компромистерге түрк жана күрт коомчулугун "жетиштүү деңгээлде даярдабаганы" үчүн сынга алды.
Ошол эле учурда ал күрттөрдүн арасында "этият оптимизм" бар экенин белгиледи.
Башкалары болсо кыйла оптимисттик маанайда пикир билдиришти. Маселен, Элдердин теңдиги жана демократия партиясынын депутаты Йылмаз Хун тынчтык жараянын күрттөр үчүн "тарыхый" деп мүнөздөдү.
"Тарыхтагы күрт көтөрүлүштөрүнө көз чаптырсак... алардын баары кандайдыр бир жол менен күч менен басылып же дарга асуу менен аяктаган. Бирок эң узакка созулган жана эң акыркы көтөрүлүш [ПККны айтып жатат] азыр укуктук алкакта талкууланып жатат. Бул - тарыхый жана баалуу нерсе", - деди Хун 10-августта күрттөрдү колдогон Mezopotamya маалымат агенттигине.
Сын эмнеге байланыштуу?
Күрттөрдү колдогон көптөгөн ишмерлер кеңири укуктук жана институционалдык реформаларды жүргүзүүгө чакырып, алкактык мыйзам жаңжалдын түпкү себептерин чечүүдө жетишсиз экенин айтып келишет.
Адам укуктары ассоциациясынын (IHD) борбордук аткаруу кеңешинин мүчөсү Гүлсерен Йолери Guneydogu Ekspres сайтына билдиргендей, Ожаланга "эркиндик жана иш алып баруу шарттарынын" түзүлбөгөнү, ошондой эле "сүйлөшүүлөр үчүн укуктук кепилдиктердин жоктугу" - олуттуу кемчиликтер.
7-августта Medyascope сайтына берген маегинде сүргүндөгү күрт саясатчысы Сейди Фырат өкмөттү күрт маселесин чечүү үчүн "комплекстүү аракет көрбөй жатат" деп айыптады.
Чыгыштагы Сиирт провинциясынын адвокаттар коллегиясынын төрагасы Мухаммед Алптекин тынчтык жараянынын жүрүшүндө өкмөт жана бийликчил маалымат каражаттары колдонгон сөздөрдү сынга алды.
"Колдонулган тил, мамиле жана анын ишке ашырылышы... ишеним жаратышы керек", - деди Алптекин Mezopotamya агенттигине. Ал бийликчил ЖМКлар тынчтык демилгесин үзгүлтүксүз "террорсуз Түркия жараяны деп атап жатканына сын айтты.
Элдердин теңдиги жана демократия партиясынын теңтөрагасы Тунжер Бакирхан 10-августта парламентте партия күрттөрдүн "кайрадан алданып калуу" коркунучу бар экенин түшүнөрүн айтты.
"Ишенсеңиздер болот, биз күрт элинин демократиялык укуктары үчүн саясий талаада мындан да күчтүү күрөшө беребиз. Бирок азыр баарыбызды каптап жаткан өрт бар. Адегенде ошол өрттү өчүрүшүбүз керек", - деди Бакирхан. Ал мамлекет менен ПККнын ортосунда ондогон жылдардан бери уланып келген куралдуу күрөштү айтып жаткан.
Кандай күтүүлөр бар?
Күрттөрдү колдогон жана Күртстан жумушчу партиясы менен байланышы бар ишмерлер жараяндын кийинки кадамдары боюнча ар кандай талаптарды айтып келишет. Алардын арасында Ожаланын ролун кеңейтүү жана анын шарттарын жакшыртуу, күрттөрдүн укуктарына байланышкан укуктук жана демократиялык реформаларды жүргүзүү, ошондой эле камактагы саясатчыларды бошотуу талаптары бар.
Күртстан жумушчу партиясынын 2025-жылдын июль айында таркатылгандан кийин кабыл алган аталышы - Кыймылдын башкаруу администрациясы - алкактык мыйзамда "олуттуу каталар жана кемчиликтер" бар экенин билдирди. Бул тууралуу күрттөрдү колдогон Yeni Yasam гезити 11-августтагы башкы макаласында жазды.
"Демократиялык саясий ишмердик ой жүгүртүү жана биригүү эркиндигине толук кепилдик берген демократиялашуу аркылуу гана камсыздалышы мүмкүн. Алкактык мыйзамдан кийин дароо демократиялашууну алдыга жылдырган мыйзамдар жана чаралар кабыл алынышы керек", - деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле мыйзамды "...анын ишке ашырылышын [Ожалан] көзөмөлдөгөн шартта гана" аткарууга болору айтылды.
Сиирттеги адвокаттар коллегиясынын төрагасы Алптекин да Өжаланга "үмүттөнүү укугу" берилиши «өтө зарыл» экенин билдирди. "Үмүттөнүү укугу" - Адам укуктары боюнча Европа кеңешинин өмүр бою эркинен ажыратылган адамдар келечекте бошотулууга үмүтү болушу керек деген принциби.
Rawest компаниясынын изилдөөчүсү Гирасундун айтымында, күрт саясий чөйрөлөрү Күртстан жумушчу партиясынын жогорку даражалуу ишмерлеринин алкактык мыйзамдан чыгарылышын "алгачкы кадам" катары кабыл алууда. Анын айтымында, күрт коомчулугу «мындан ары дагы кадамдар жасалышын күтүп жатат".
"Мындан ары... биз демократияны жана күрттөрдүн, ошондой эле бүтүндөй Түркиянын эркиндигин өнүктүрүүгө, күрт элинин өздүгүн мыйзам аркылуу таанууга, эне тилинде билим алууга жана өзүн-өзү башкарууга жетишүүгө, ошондой эле социалдык, саясий, экономикалык жана маданий укуктарды камсыз кылууга көңүл бурабыз", - деди Күртстан элдик конгрессинин (Kongra Gel) теңтөрагасы Ремзи Картал.
Элдердин теңдиги жана демократия партиясынын депутаты Хун да "бюрократияда, сот системасында жана мектептерде... өзгөрүү жана трансформация" керектигин айтты. Ошондой эле Түркиянын Кылмыш кодексине жана терроризмге каршы мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө, Конституцияны "реформалоого" чакырды.
Айрымдар өкмөттүн чынчылдыгынын "лакмус кагазы" катары Селахаттин Демирташ жана күрттөрдү колдогон башка таанымал камактагы саясатчылардын бошотулушун белгилешти.
Бийликчил ЖМКлар алкактык мыйзам Демирташты бошотууга жол бербей турганын жазышкан. Бирок Юстиция министри Акин Гүрлек да, Элдердин теңдиги жана демократия партиясы да бул маалыматтарды четке какты.
































