"Туулган күнүмө "Орус жамааты" келди". Жаңы улутчулдардын бейнеси

"Орус жамааты"
    • Author, Амалия Затари
    • Role, Би-Би-Синин Орус кызматы
  • Published
  • Окуу убактысы: 11 мүнөт

Разия менен Катя бири-бирине такыр окшобойт. Бири Кыргызстандан Сибирдеги айылга көчүп келген көп балалуу эне болсо, ал эми экинчиси Архангельскидеги жаштар үчүн өзгөчө кечелердин уюштуруучусу. Бирок, аларды бириктирген бир окуя бар – экөө тең "Орус жамаатынан" жапа чегишкен. "Орус жамааты" – бул Орусиядагы эң ири улутчул уюм. Бул уюмдун мүчөлөрү кандайча иш алып барарын, кимдерге каршы күрөшүп жатканын жана аларды кимдер каржылай турганын Би-Би-Синин Орус кызматы жана BBC Eye "Артынан түш, Кудайга жалын, карма" деп аталган даректүү тасмада айтып берет.

"Уулум "мигрант" деген эмнени билдиреринен кабарсыз эле"

"Эмне үчүн адамдар бизге үйрүлүп түшүп, жакшы мамиле жасаганы мен үчүн ушул кезге чейин табышмак", - деп жылмаят үч баланын энеси, жупуну кийинген 30 жаштагы Разия.

Биз Разияны Бишкектин жанындагы чакан айылдан таптык. Разия бул жакка туугандары менен учурашканы келген экен. Жөнөкөй бир кабат үйдүн айланасында чакан короо бар, ал жерде тооктор чуркап жүрөт. Үйдүн жанында уй-эчкилер үчүн чакан жай бар. Үйдүн кире беришинин алдында чоң тандыр меш турат. Нан бышыруу үчүн Разия от жагып жатат.

2023-жылдын жай мезгилинин этегинде ал күйөөсү жана үч баласы менен Кыргызстандан Сибирге көчүп барышкан. Разия орус тилин жакшы билет, бирок буга чейин Орусияда эч качан болгон эмес. Ал орус тилин кыргыз мектепте үйрөнгөн экен.

Разиянын кайнатасы эбак эле орус жарандыгын алып, Сибирде он жылдан бери жашап жаткан. Башында жаш үй-бүлө кайнатасынын Новосибирскиге жакын жердеги үйүндө жашап, бир жылдан кийин өз үйүн сатып алышкан. Алар машинесин саткандан кийин ошол акча кошуна айылда чакан үйдү алууга жеткен экен.

Миңге жетпеген адам жашаган чакан айылда Разиянын үй-бүлөсү жалгыз мигрант болуп калышты. Жергиликтүүлөр мигрант үй-бүлөнү өтө жылуу кабыл алышкан.

Алар өз үйүнө 2024-жылдын жай айынын аягында, түшүм жыйымы кызуу жүрүп жаткан маалда көчүп киришкен. Элеттиктер алар менен таанышуу үчүн белек-бечкектерин көтөрүп алып, үйүнө баш багышкан: "Кимдир бирөө бадыраң көтөрүп алган экен, айтор, эч кимиси куру кол келген жок".

Разия балдары жана айылдагы кошуналары менен

Сүрөттүн булагы, Raziya/Personal archive

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Разия балдары жана айылдагы кошуналары менен

Көйгөйлөр сентябрда, Разиянын тун баласы жергиликтүү мектептердин бирине 2-класска киргенде башталган. "Окуу жылы башталгандан бир жума өтүп-өтпөй, баламды улуту үчүн кодулай башташкан экен", - дейт Разия.

"Мен муну укканда аябай ызаа болдум, - деп мойнуна алат Разия. – Буга чейин биз Орусиянын башка айылында бир жыл жашаганбыз, ал жерде баламды эч ким таарынтчу эмес. Ал жерде армяндар жана башка улуттар окушчу. Балам ал тургай мигрант деген эмнени билдиреринен кабарсыз эле".

Бир күнү уулу үйгө сабалып келгенден кийин Разия жана жолдошу мугалим менен сүйлөшүүнү чечишет.

"Эртеси мектепке баратканда бир баланы жолуктуруп калдык, уулум бул бала аны сабагандардын бири болгонун, ал бешинчи класста окуй турганын айтты. Бала машинебизди көрөр замат качып жөнөдү. Жолдошум чыгып, "машинеге отур" деп айтты", - деп эскерет Разия.

Разия жолдошу менен Кыргызстандан Орусияга кайнатасынын жанына көчүп келишкен
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Разия жолдошу менен Кыргызстандан Орусияга кайнатасынын жанына көчүп келишкен

Разиянын айтымында, 5-класстын окуучусу акыры машинеге отурууга макул болуп, алар сүйлөшүп, окуучу анын уулунан кечирим сураган. Мугалим менен сүйлөшүү үчүн баарыбыз мектепке чогуу бардык. Мугалим алардын баласына эми эч ким кол көтөрбөй турганын, буга көз саларын айтып жолго салган.

Балдардын ортосундагы бул жаңжал ошону менен унутта калгандай көрүнгөнү менен, андан кийин орун алган окуялар тездик менен өнүктү. Ошол эле күнү кечинде Разияга жана жолдошуна полициядан телефон чалып, аларды суракка чакырышкан. Көрсө, кол көтөргөн баланын энеси Разия менен анын жолдошунун үстүнөн арыз жазып, "баламды уурдап кетишип, өлтүрүп коёбуз деп коркутушкан" деп айыптаганы белгилүү болгон.

Полиция ата-энелерди жана балдарды суракка алып, бирок акыры иш козгобоо тууралуу чечим кабыл алган. Ошондон кийин 5-класстын окуучусунун апасы "Орус жамаатына" даттанып кайрылган.

"Адвокат жалдашыңар керек"

"Орус жамааты" – бул Орусиядагы улутчулдардын эң ири бирикмеси. Төрт жылдын ичинде алардын катары калыңдап, жалпы өлкө боюнча жана оккупацияланган аймактарда 150гө жакын топчолору пайда болгон.

“Орус жамааты” 2022-жылы негизделген

Сүрөттүн булагы, Русская община/RuTube

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Орус жамааты" 2022-жылы негизделген
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

"Орус улутчулдарынын буга чейинки муундарынан айырмаланып, "Орус жамааты" саясий режимге берилгендиги менен айырмаланат", - дейт "Сова" изилдөө борборунун директору (Орусияда "чет элдик агент" катары таанылган) Александр Верховский. Александр 20 жылдан ашык убакыттан бери орусиялык оңчул кыймылдарды изилдеп келатат.

"Орус жамаатынын" мүчөлөрү Украинадагы согушту жана Владимир Путиндин салттуу баалуулуктарды бекемдөөгө алган багытын колдошот. Алар чиркөө менен жигердүү иш алып барышып, орус армиясынын муктаждыктарына акча чогултуп, укук коргоо органдары менен кызматташып, мигранттарга каршы күрөшүп келишет.

"Орус жамаатынын" социалдык тармактарында мигранттарга каршы жазылган посттор өтө көп. Алар Орусияга келген КМШ өлкөлөрүнүн жарандарын орой, кемсинтүүчү сөздөр менен мазакташат. "Орус жамааты" сырттан келгендер жасаган кылмыштар тууралуу көп жазышат. Эки адамдын ортосундагы кадимки чыр-чатакты алар улуттук негизде чыккан жаңжал катары бурмалап чыгарышат.

Разия да дал ушундай кырдаалда калды. 5-класстын окуучусу менен болгон окуядан бир ай өткөндөн кийин "Орус жамааты" окуучунун апасы тартылган видеону Телеграмдагы каналга жайгаштырган. "[Уулумду] кармап алышып, күч менен машинеге отургузуп, өлтүрөбүз деп коркутушкан. Менин күйөөм Украинада атайын операцияга катышып жүрөт, мени коргой турган эч ким жок. Мен "Орус жамаатынан" жардам сурайм".

“Орус жамаатына” даттанган окуучунун апасы Би-Би-Синин суроолоруна жооп берүүдөн баш тартты

Сүрөттүн булагы, YouTube/russ.obshina

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Орус жамаатына" даттанган окуучунун апасы Би-Би-Синин суроолоруна жооп берүүдөн баш тартты

"Орус жамаатынын" координатору Андрей Ткачук бул окуя тууралуу айтып берип жатып, Разиянын күйөөсүн "эргул вахаббит" деп атап, "ал достору менен бирге окуучуну машинеге күч менен отургузуп, коркутушкан", - деген. Бирок, Разиянын айтымында, машинеде ал күйөөсү жана уулу менен эле болчу. Ткачуктун видеосунда Разия тууралуу сөз болгон эмес.

"Бул окуяга чейин мен "Орус жамааты" тууралуу уккан эмесмин, - дейт Разия. – Анан мага бул орустарды коргогон улутчулдардын тобу экенин түшүндүрүп беришти".

Разияны жана анын күйөөсүн кайрадан суракка чакырышкан, бирок бул жолу Тергөө комитетине барышы керек эле. Ал жерде күйөөсү жашы жете элек баланы уурдады деген шек менен камакка алынган – ал 12 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн эле.

"Бир маалда эле күйөөмдүн колуна кишен салып, алып кетишти, - деп эскерет Разия. – Мен дүрбөлөңгө түшүп, ыйлап, кыйкыра баштадым".

Разияга да коркутуу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон, бирок камашкан эмес.

"Тергөөчү аял биз үчүн күйүп жатты, - деп улантат Разия. – Ал: "Анын [5-класстын окуучусунун энесинин] артында "Орус жамааты" турат. Адвокат жалдагыла деп кеңеш берет элем" деп айткан".

Көп өтпөй бул иш мигранттарга катаал мамилеси менен белгилүү болгон Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкиндин колуна тийген. "Орус жамаатынын" мүчөлөрү Бастрыкинге колдоо көрсөтүүнү өтүнүп, тынбай кайрылып турушат жана адатта мындай окуялар кылмыш ишин козгоо менен бүтөт. Бул жолу да ушундай болду — Бастрыкин Разия менен анын күйөөсүнүн ишин жеке көзөмөлүнө алган.

Ушундан улам жергиликтүү Тергөө комитети ишти жаап коё алган жок, деп түшүндүрөт Разия. Анын айтымында, тергөөчү ага боор тартканы менен, колунан эч нерсе келбей турганын мойнуна алган. "Биз Москванын көрсөтмөлөрүн аткарабыз, себеби бул ишти Бастрыкин өз көзөмөлүнө алды", - деп айтты мага тергөөчү".

Салттуу баалуулуктарды колдоп, "бузулгандарга" каршы чыгып...

"Орус жамааты" мигранттар менен гана күрөшпөйт.

31 жаштагы Катя Фил Архангельскиде кечелерди уюштуруучу катары белгилүү. "Мен уюштурган иш-чараларга башкаларга окшобогон адамдар келишет. Алардын сырткы келбети өзгөчө: чачтары ачык түстө, пирсинг бар, адаттан тыш макияж", - дейт ал.

“Орус жамаатынын” рейдинен кийин Катя кечелерди уюштурбай калды
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Орус жамаатынын" рейдинен кийин Катя кечелерди уюштурбай калды

2024-жылдын октябрында Катя 30 жашын белгилеп жаткан эле. Ал бардыгы ар кандай өзгөчө кийимдерди кийип келе турган жабык кечени уюштуруп, бул тууралуу жарыяны өзүнүн жабык тайпасына чыгарган. Бирок кече өзгөчө шаңдуу өтүп жаткан маалда, Катя тилек айтып, торттогу шамды өчүрүүгө камданып жатканда бөлмөгө беткапчан адамдар кирип келишкен.

Катянын айтымында, конокторду жерге жаткырышып, аларга күч колдонулган.

"Туш тараптан сабалган, кордук көргөн адамдардын үндөрү чыгып жатты. Эч ким эч нерсе түшүндүргөн жок, - деп эскерет Катя. – Алар досумдун башын куралдын кундагы менен урушкан. Дагы бир кызды өтө катуу уруп, жерге жаткырышты, ал аябай ыйлады".

“Орус жамааты” коопсуздук күчтөрү менен рейддерди туруктуу негизде өткөрүп келет.

Сүрөттүн булагы, Anonymous party guest/personal archive

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Орус жамааты" коопсуздук күчтөрү менен рейддерди туруктуу негизде өткөрүп келет.

Күч түзүмдөрү менен бирге рейдге кийиминде "Орус жамааты" деген жазуусу бар адамдар да катышты, алар да жүзүн беткап менен жашырышкан.

"Алар конокторумду паспортторун көрсөтүүгө мажбурлап, телефондору менен сүрөткө тартып алышты. Аларды ***** [гейлер], кумсалар деп аташкан", - деди Катя.

Рейдден кийин "Орус жамаатынын" өкүлдөрү Катянын кечесинде ЛГБТга үгүттөөнүн белгилерин издешкенин билдиришти.

"Биз дүйнөнү жакшы жагына өзгөртүүгө аракет кылып жатабыз"

Архангельскиде болгондой рейддерди "Орус жамааты" укук коргоо органдары менен үзгүлтүксүз өткөрүп турат. BBC Eye эсептеп чыккандай, уюмдун мүчөлөрү Орусиянын ар кайсы аймактарында бери дегенде 900 рейдге катышып, алардын 300дөн ашыгын коопсуздук күчтөрү менен биргеликте өткөрүшкөн.

Би-Би-Си Ички иштер министрлигине "Орус жамааты" менен байланышы тууралуу суроо узатканы менен, жооп алган жок. "Орус жамаатынын" мүчөлөрүнүн бири жана уюмга жакын булак да уюм өз иш-аракеттерин ФСБ менен бирге координациялай турганын Би-Би-Сиге айтышты.

"Орус жамааты" курулуш объектилерин, жатаканаларды, дүкөндөрдү, түнкү клубдарды кыдырышат. Алар мыйзамсыз жүргөн мигранттарды издешет, "салттуу баалуулуктарды бузган" же "ЛГБТнын үгүтүн камтыйт" делген кечелерди бузушат.

Дмитрий (аты өзгөртүлдү) орусиялык армиянын катарында Украинадагы согушка катышып, жарадар болгондон кийин “Орус жамаатына” кирген.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Дмитрий (аты өзгөртүлдү) орусиялык армиянын катарында Украинадагы согушка катышып, жарадар болгондон кийин "Орус жамаатына" кирген.

"Биз дүйнөнү жакшы жагына өзгөртүүгө аракет кылып жатабыз, биз православдарды, орустарды аларга коошпогон кирден арылтуудабыз. Музыканы да, маданиятты да көзөмөлдөп, адамдар оюна келгенди айта бербестен, оозуна карап сүйлөшүн талап кылабыз", - дейт Дмитрий (аты өзгөртүлдү). Ал орусиялык армиянын катарында Украинадагы согушка катышып, жарадар болгондон кийин "Орус жамаатына" кирген.

BBC Eye "Орус жамаатынын" Телеграмдагы каналдарына чыккан 21 миңден ашык билдирүүнү талдап чыгып, ар бир төртүнчү пост мигранттарга арналганын жана алардын көбүндө ксенофобиялык сөздөр бар экенин аныктады.

"Мигранттардын маданияты башка, бизге кайнаса да каны кошулбайт. "Орус жамааты" – организмге зыян келтирүүгө жол бербеген антитело", - дейт Дмитрий.

"Орус жамаатынын" мигранттарга каршы айткандарын колдогондор аз эмес. Би-Би-Си уюмдун Телеграмдагы каналынын өсүш ыргагын талдап чыкты. 2024-жылдын март айында ага катталгандардын саны кескин өскөн. Буга Москвада "Крокус Сити Холл" концерттик залына кол салуу себеп болду. Ошол кол салууда 150 адамдын өмүрү кыйылган эле.

Кол салуу үчүн Тажикстандын жарандарын күнөөлүү деп табышкан. Бул кол салуу тууралуу "Орус жамаатынын" посттору жана чабуулдун фонунда миграциялык саясатты катаалдаштырууга чакырыктар миңдеген адамдарды тартты.

Орусия Украинага бастырып киргенде, орус бийлиги элдин колдоосун издеп, "патриоттук сезимдерди козгош" керек болчу, дейт изилдөөчү Александр Верховский: "Ошондуктан мамлекеттик саясаттын негизги багытын колдогондорго, анын ичинде бийликтин иш-аракеттерин колдогон улутчул топторго көбүрөөк эркиндик берилди".

Александр Верховский 20 жылдан бери Орусиянын улутчул кыймылдарын изилдеп келет
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Александр Верховский 20 жылдан бери Орусиянын улутчул кыймылдарын изилдеп келет

"Патриоттук сезимдер сөзсүз эле этностук улутчулдук менен байланышта болууга милдеттүү эмес, бирок адатта ушундай корреляция пайда болот", - деп кошумчалайт Верховский.

Көптөгөн орус улутчулдары согушту колдошкон жана өздөрүнүн ресурстарында мигранттарга каршы билдирүүлөрдөн тышкары, Кремлдин согушка тиешелүү үгүт сөздөрүн да таратып жүрүшөт.

"Орус жамаатынын" пайда болушун жана ушундай масштабда кеңейишин мындайча түшүндүрсө болот: согуштук кырдаалда мамлекет калктын көңүл коштугуна нааразы. Себеби, согуш үчүн ылдыйдан энтузиазм болушу керек. Согуш аяктагандан кийин мамлекет "Орус жамааты" сыяктуу кыймылдардын кылыктарына чыдай береби? Айта албайм", - дейт Верховский.

Кайрымдуулук гана эмес

"Орус жамааты" өзүн "орус элинин бейформалдуу жамааты" катары тааныштырууда жана өз мүчөлөрүнүн кайрымдуулук салымынын эсебинен гана ишин улантып жатканын, мунун тышында эч кандай каржылоосу болбогонун тынбай айтып келет.

Бирок BBC Eye колуна тийген финансы документтери уюм жок дегенде бир нече фонддон акча аларын көрсөтүүдө.

Бул фонддордун бири саясат таануучу жана саясий технолог Сергей Михеевге таандык, ал федералдык каналдардагы үгүт шоуларга эксперт катары тынбай катышып келет. "Досье" борбору (Орусияда "чет элдик агент" катары таанылган) Михеевдин Кремль менен байланышы бар экенин жана Орусиянын чалгын кызматтарынын чет өлкөлөрдөгү тапшырмаларын аткарып жүргөнүн билдирген. Атап айтканда, басылманын маалыматы боюнча, Михеев 2020-жылы Грузиядагы парламенттик шайлоодо Кремлге жан тарткан талапкерлерди сүрөө менен алектенген.

Саясат таануучу жана саясий технолог Сергей Михеев Би-Би-Сиге берген жообунда “Орус жамаатына” тилектеш экенин ырастап, бирок анын фонду кыймылга акча которуп турат деген дооматты “калп” деп атады.

Сүрөттүн булагы, Русская община/RuTube

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Саясат таануучу жана саясий технолог Сергей Михеев Би-Би-Сиге берген жообунда "Орус жамаатына" тилектеш экенин ырастап, бирок анын фонду кыймылга акча которуп турат деген дооматты "калп" деп атады.

Дагы бир туруктуу демөөрчү – миллиардер, "Продимекс" агрохолдингин ээси Игорь Худокормовдун фонду. "Кант падышасы" деп атап жүрүшкөн, Орусиядагы эң ири жер ээлеринин бири болгон Худокормов элдин назарына көп илинбегенге аракет кылып келет.

Худокормов Би-Би-Синин суроосуна жооп берүүдөн баш тартты, ал эми Михеев анын фонду "Орус жамаатына" акча которуп турат деген сөздөрдү жокко чыгарды.

"Бирок мен чындап эле "Орус жамаатына" жан тартам жана аны пайдалуу уюм деп эсептейм", - деп кошумчалады ал.

"Хайп үчүн"

"Орус жамаатынын" мүчөлөрү башкаларды шыктандыруу үчүн рейддери жана акциялары маалында тартылган видеолорду интернетке жайгаштырып турушат. Айрым видеолорду жүз миңден ашык адам көргөн.

"Орус жамаатынын" мурдагы мүчөсү Леониддин айтымында, аны мигранттарга каршы күрөшкө уюмдун интернетке чыгарган дал ушундай контенти түрткөн.

"YouTube'дан толтура видеолорду көрүп, мен да катышсам болот экен деген ойго келгем", - дейт ал.

Бирок көп өтпөй уюмдан көңүлү калгандыктан, анын катарынан чыгып кеткен: "Кайда барарыбыз белгисиз болгону, барган жерде координациянын жоктугу, эч ким жоопкерчилик албаганы мага жаккан жок. Иш-чаралардын көбү видеого тартып, макала жазуу үчүн өткөрүлөт. Мунун баары эмне үчүн жасалып жатканын түшүнгөн жокмун, алардын көздөгөнү хайп элеби?".

"Алар чындап эле маанилүү баалуулуктар тууралуу жар салышат: ишеним, бир туугандык, өз ара жардам, - деп кошумчалады Леонид. – Бирок, иш жүзүндө алар бул максаттарды көздөп жатабы же жокпу – бул мага түшүнүксүз бойдон калды".

Леонид “Орус жамаатынан” көңүлү калгандыктан чыгып кеткен
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Леонид "Орус жамаатынан" көңүлү калгандыктан чыгып кеткен

"Орус жамааты" тартиптин сакталышына көз салганын айтып келет, ошол эле маалда негизинен коркутуп-үркүтүү менен иш алып барышат. Мунун өзү мыйзамсыз жүрүм-турум болуп саналат эмеспи", - деди "Сованын" директору Александр Верховский.

Ал эми күч түзүмдөрү менен кызматташкан мындай уюмдун активисттери адамдардын айрым топторуна, мисалы, мигранттарга карата терс көз карашта болсо, "анда алардын тартип үчүн күрөшүнүн жүрүшүндө, тескерисинче, мыйзамды жана тартипти бузган кырдаалдар сөзсүз түрдө пайда болот", - деп эсептейт Верховский.

"Орус жамаатынын" өзү Би-Би-Синин суроолоруна жооп берүүдөн баш тартты, бирок социалдык тармактарга пост чыгарышты. "Орус жамааты" айткан ар бир сөзүбүздү бурмалай турган Орусиянын душмандарына комментарий бербейт".

"Кечеге катышпагандар да күбө болушту"

Архангельскидеги кечеде болгон рейдден көп өтпөй Катянын үйүндө тинтүү жүргөн. Ага каршы "динге ишенгендердин сезимдерин мазактады" деген айып менен иш козголгон. Мындай берене менен айыпталгандар адатта үч жылга чейин эркинен ажыратылат.

Сотто рейдге катышкан "Орус жамаатынын" мүчөлөрү, ошондой эле аты-жөнү айтылбаган күбөлөр жана Катянын кечесине такыр эле катышпаган адамдар күбө катары чыгышкан.

2025-жылы жайында Архангельск соту аны күнөөлүү деп таап, 200 саатка мажбурлап иштөөгө өкүм кылган.

Жаза катары Катя ооруканада пол жууганга милдеттендирилди
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жаза катары Катя ооруканада пол жууганга милдеттендирилди

"Баары биздин тарапта болду"

Разиянын күйөөсү кармалганы тууралуу кабар айылды дүрбөлөңгө салды. Күйөөсү кармалган күндүн эртеси эле бошотулган, бирок ал да, Разия да кылмыш иштерине шектүү статусунда болчу.

Айылдын тургундары Разия менен анын жолдошун колдоп, видео кайрылуу менен чыгышты. "Күтүүсүздөн баары биздин тарапта болушту. Элден муну күткөн эмеспиз. Баары бизди колдоп жатышты", - деп эскерет Разия.

Натыйжада жаңы жылдан кийин Разия менен анын күйөөсүнө козголгон иштер жабылган. Бирок, "Орус жамааты" кандайдыр бир мааниде өз максатына жеткендей болду, себеби Разиянын үй-бүлөсү айылдан көчүп кетүүгө мажбур болду.

"Тергөө маалында жолдошумдун колуна кишен салып, айылга алып келип, айылдаштарынын көзүнчө ары-бери сүйрөп, баланы кайсы жерде машинеге отургузганын, кайсы жерден таштаганын көрсөтүп берүүнү талап кылышкан эле. Күйөөм өзүн кылмышкердей сезип, кайра кайтып барууга психологиялык жактан даяр боло албады. Менде да ошондой сезимдер болду", - дейт ал.

Улутчул уюмдар согуш жүрүп жаткан шарттарда мамлекетке пайдалуу боло алат

Сүрөттүн булагы, Русская община/RuTube

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Улутчул уюмдар согуш жүрүп жаткан шарттарда мамлекетке пайдалуу боло алат

Жаңы машине алабыз деген тилек менен чогултуп жүргөн болгон акчасын – 300 миң рублди Разия адвокатка карматкан.

"Биздин ордубузда орусча билбеген башка үй-бүлө болсо, алар эмне кылаар эле? Эгерде айылдаштар бизди колдоп бербесе, окуя кантип өнүгөт эле? Тергөөчү да улутчул болуп калса, ишибиз эмне менен аяктамак эле? деп ойлоно берем, - дейт Разия. – Ошондо мигрантсыңбы же өлкөнүн жаранысыңбы, эч айырмасы жок, үмүт үзүп койбостон, өз чындыгың үчүн күрөшүш керектин түшүндүм".

Макала Андрей Горьяновдун, Олег Смирновдун, Андреа Житарунун, Сердар Тумгорендин, Крис Зубак-Скистин катышуусу менен даярдалды. (ZMa)