Киев Трамп жарыялаган "энергетикалык элдешүүнү" колдоду, Москва азырынча үндөй элек. Эмне белгилүү?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
АКШнын президенти Дональд Трамп жекшемби күнү Орусия менен Украина энергетикалык объектилерге сокку урбоо боюнча макулдашканын билдирди. Киев мындай демилгени колдоого даяр экенин айтты. Ал эми Москва бул билдирүүгө азырынча комментарий бере элек.
Трамп макулдашуу "дароо күчүнө кирерин" айтканы менен, анын шарттарын тактаган жок.
"Бүгүнтөн тартып Орусия менен Украинанын ортосундагы согушта ЭНЕРГЕТИКАЛЫК ЭЛДЕШҮҮ күчүнө кирет. Эки тарап буга макул болду. Аны бузбагыла!" — деп жазды Трамп Truth Social социалдык тармагына.
Украинанын президенти Владимир Зеленский алгач Трамптын билдирүүсүнө таң калганын билдирди. Кийинчерээк Москва макул болсо, Киев бул демилгени колдой турганын шардана кылды. Ошол эле учурда Зеленский Трамптын билдирүүсүнөн кийин да Орусия Украинанын энергетикалык объектилерине сокку урганын айтты.
Трамп Киевди Орусиянын мунай иштетүүчү заводдоруна сокку урууну токтотууга чакырды. Бул Орусиядан дизелди АКШга жана дүйнөлүк рынокко жеткирүү боюнча келишим жарыяланган учурга туш келди. Трамп Зеленскийди да кескин сындап, Украинага жаңы президент керектигин айтты.
Дизелди жеткирүү боюнча келишим барган сайын көбүрөөк сынга кабылып жатат. Зеленский бул келишимди Владимир Путинге берилген белек жана согушка кошулган салым деп атады. Европанын айрым өкүлдөрү жана АКШдагы бир катар саясатчылар, анын ичинде Республикалык партиянын өкүлдөрү да бул чечимди колдобой турганын билдиришти.
Үч демократ жана төрт республикачыл сенатор биргелешкен билдирүү таратып, Трамптын келишими Орусиядан энергетикалык ресурстарды импорттоого тыюу салган мыйзамга түздөн-түз каршы келерин белгилешти.
"Конгресстин позициясы так: Орусия Украинага каршы баскынчылыгын жана НАТО боюнча союздаштарыбызга коркунуч жаратуусун токтотмоюнча, АКШ Орусиядан мунай импорттобошу керек", — деп билдиришти сенаторлор.
Улуу Британиянын коргоо министри Уэс Стритинг да Дональд Трамп менен Владимир Путиндин дизель боюнча келишимин Лондон колдобой турганын билдирди.
Ал жекшемби күнү Би-Би-Си радиосуна курган маегинде Вашингтон жана анын өнөктөштөрү Орусияга кысымды күчөтүүгө басым жасашы керектигин айтты.
Бул келишим — Конгресске аралык шайлоо жакындап жатканда АКШда күйүүчү майдын баасын төмөндөтүүгө багытталган Трамптын кезектеги аракети. Буга чейин ал Иранга каршы согуштун АКШнын ички саясатына тийгизген кесепеттери менен бир нече айдан бери күрөшүп келген. Согуш дүйнөлүк рынокто күйүүчү майдын, айрыкча дизелдин кымбатташына алып келген.
Энергетикалык элдешүү мүмкүнбү?
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Трамп буга чейин да Орусия менен Украинанын ортосунда энергетикалык объектилерге сокку урбоо боюнча макулдашуу түзүлгөнүн жарыялаган. Акыркы жолу мындай билдирүүнү сентябрда жасаган. Бирок анда Москва да, Киев да макулдашууга жетишилгенин ырастаган эмес. Эки тарап тең энергетикалык инфраструктурага сокку урууну уланткан.
Украинанын президенти Владимир Зеленский жекшемби күнү Axios басылмасына кыскача маек куруп, Трамптын ок атышууну токтотуу боюнча макулдашуу тууралуу билдирүүсү өзү үчүн жаңылык болгонун айтты.
"Бирок орусиялыктар энергетикалык объектилерге сокку урбоого макул болсо, Украина да макул болот. Эгер президент Трамп Путин менен бул боюнча макулдашкан болсо, анда жарашуу качан башталарын бизге кабарлаңыздар. Биз даярбыз жана макулдашууну кабыл алабыз", — деди Зеленский.
Кийинчерээк Украина президенти Киев Орусиянын энергетикалык объектилерине сокку урбоого даярдыгын, бирок Орусиянын өзү буга кызыкдарбы деген маселе бар экенин айтты.
"Бул — бардыгы үчүн жакшы жаңылык. Эң негизгиси, ал иш жүзүнө ашышы керек. Украина ок атышууну токтотуунун жана согушту аяктоонун бардык реалдуу жана ишенимдүү жолдорун колдойт. Биз Орусиянын энергетикалык объектилерине сокку урбоого даярбыз. Орусия да ушундай кадамга барууга даяр болот жана бул боюнча АКШ президенти менен макулдашууга жетишилет деп үмүттөнөбүз. Мындай макулдашууну кубаттайбыз", — деди ал.
Мындан көп өтпөй Axios басылмасы Ак үйдүн өкүлүнө шилтеме жасап, Трамптын Орусия менен Украинанын ортосунда энергетикалык жарашуу жөнүндө билдирүүсү мунай иштетүүчү заводдорго чабуул жасоону токтотуу мүмкүнчүлүгүн гана караган сунушту билдириши мүмкүн экенин жазды.
Ак үйдүн өкүлүнүн айтымында, эгер эки тарап тең мунай иштетүүчү заводдорго сокку урууну токтотсо, кийинки кадам энергетикалык инфраструктуранын башка объектилерине да чабуул жасабоо боюнча макулдашуу болушу мүмкүн.
"Орусиялыктар бул сунушту карап жатышат. Алардын макул болууга даярбы же жокпу, жакында билебиз", — деди Ак үйдүн өкүлү Axios басылмасына.
Бирок басылма белгилегендей, мындай сунуш эки тарап үчүн бирдей шарт түзбөйт. Украиналык аткаминердин Axios басылмасына билдиришинче, Украинада бир гана мунай иштетүүчү завод бар. Ал Орусиянын бир нече жолку чабуулунан жабыркап, азыр толук кубаттуулукта иштебейт. Ал эми Орусияда мындай заводдордун кеңири тармагы бар.
Financial Times гезити Европанын аткаминерлерине шилтеме жасап, Ак үй Киевге басым жасап жатканын жазды. Маалыматка караганда, Вашингтон Украина Орусиянын аймагындагы энергетикалык объектилерге сокку урууну токтотпосо, аны курал-жарак менен камсыздоого багытталган сатып алуу механизмин токтотобуз деп коркутууда.
Басылманын булактарынын айтымында, Вашингтон Украинанын Орусиядагы мунай иштетүүчү заводдорго чабуулдарын токтотушу үчүн Европанын борборлоруна жана Киевге басым жасап жатат. Ак үй бул маалыматка расмий комментарий бере элек. Бирок Трамп өткөн дем алыш күндөрү Киевден Орусиянын мунай иштетүүчү заводдоруна сокку урууну токтотууну талап кылганын өзү ырастаган.
Financial Times басылмасынын маектештеринин айтымында, АКШнын позициясы чалгын маалыматтарын алмашууну токтотуу жана PURL механизмин иштен чыгаруу коркунучун камтыган. PURL — Украина үчүн америкалык курал-жарак сатып алууга мүмкүндүк берген "Украинанын артыкчылыктуу муктаждыктарынын тизмеси" программасы.
"Алар Киевге чалып жатышат… Европадагы баарына чалып жатышат", — деди Пентагондун өкүлү менен телефон аркылуу сүйлөшкөн аткаминер.
Украинада шайлоо болобу?
Трамптын сынына жана Украинанын лидерин алмаштыруу тууралуу сунушуна жооп берген Владимир Зеленский Орусиянын президенти Владимир Путин 60 күнгө ок атышууну токтотууга макул болсо, Украинада президенттик шайлоо өткөрүүгө даяр экенин билдирди.
Зеленский бул тууралуу ABC News америкалык телеканалына берген маегинде айтты.
"Президент Трамп Украинага жаңы президент керек экенин айтты. Аны урматтаганым менен, өлкө башчысын тандоо биздин коомдун, элибиздин иши болуп эсептелет. Ооба, биз согуш абалындабыз жана шайлоо өткөрүү чындап эле кыйын", — деди Зеленский.
Анын айтымында, маселе шайлоонун коопсуздугунда гана эмес, добуш берүүгө шарт түзө турган коопсуздук системасын камсыздоодо дагы болуп турат.
"Эгер президент Трамп чындап эле шайлоо аркылуу өзгөрүү болушун кааласа, мен бул тууралуу анын командасына да айткам. Анда Путинге кайрылып, бизге эки ай, 60 күн убакыт берсин. 60 күнгө толук ок атышууну токтотсок, биз шайлоо өткөрөбүз", — деди Украина президенти.
Москва бул сунушка азырынча жооп бере элек.
Зеленский буга чейин да шайлоо өткөрүүнүн негизги шарты катары 60 күнгө ок атышууну токтотуу керектигин бир нече жолу айткан.
Украинада согуш абалы киргизилгендиктен, мыйзам боюнча бул маалда добуш берүүгө болбойт. Путин болсо шайлоо өткөрүлбөгөндүктөн, Зеленскийдин бийлиги легитимдүүлүгүн жоготконун байма-бай айтып келет. Кремль ок атышууну токтотуу сунуштарына да макул болгон эмес.





























