"Атайын кызматты ичтен билет": УКМКнын жаңы төрагасы ким?
Элеонора Куленбекова, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Сүрөттүн булагы, Official
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 1-июлда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) жеке курамына төраганын милдетин аткаруучу Максат Асаналиевди тааныштырды.
Касымалиев атайын кызматтын жаңы жетекчисинин алдында турган негизги милдеттерди белгилеп, УКМКнын өздүк курамы мыйзам чегинде өз милдеттерин ар-намыс жана жогорку кесипкөйлүк менен аткараарына ишеним артты.
"Реформаны ишке ашырууга жөндөмдүү"
Максат Асаналиев 30-июндун кечинде УКМКнын төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Ал 2024-жылдан бери башкы прокурор кызматын аркалап келген. УКМКнын мурдагы жетекчисинин орун басары, президенттин кеңешчиси Марат Иманкулов Максат Асаналиевдин дайындалышын оң баалап, Би-Би-Сиге мындай пикирин билдирди:
"Ташиев менен Сегизбаевди (ред. УКМКнын мурдагы төрагалары) жаңы төрага Максат Асаналиев менен салыштырып болбойт да. Бул деген УКМКда тергөөчү болуп иштеп, анан кийин прокуратурага иштеп кеткен жигит. Атайын кызматты ичинен жакшы билет, структураны билет. Прокуратура органдарында иштеп келгени дагы абдан чоң тажрыйба болду да. УКМКда көбүнчө оперативдик жумуш. Чалгындоо, контр чалгындоо деген бар, анын барын терең түшүнгөн жигит бул. Андыктан Асаналиевге ишти алып кетиш абдан жеңил болот. Президент Садыр Жапаров айтпадыбы, "УКМКны реформалайбыз" деп, ошол реформаны ишке ашырууга туптуура жөндөмү бар, билими жетиштүү".
УКМКдагы реформалар
Быйыл 10-февралда Камчыбек Ташиев кызматтан бошотулгандан кийин атайын кызматта бир катар структуралык өзгөрүүлөр орун алган.
Негизги өзгөрүүлөрдүн бири – Чек ара кызматы УКМКнын курамынан чыгарылып, өз алдынча мамлекеттик орган катары кайра түзүлдү. Ошондой эле, Мамлекеттик күзөт кызматы (мурдагы 9-кызмат) комитеттен бөлүнүп, түздөн-түз президентке баш ийген түзүмгө айланган.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
"Шабданбеков төрт айга жетпей иштептир. Ошол убакыт ичинде структуралык жактан өзгөрүштөр болду. Чек ара кызматы, 9-бөлүмдү айтпаганда Антикоррпуицялык кызмат деген 6-бөлүм дагы оптимизацияланып атат. "Эду" дегенге окшогон бир нече коррупция менен шугулданган 70тен ашык кызматкерлер иштен алынды. УКМКда "тазалануу" жүрдү. Төрт-беш жылдан бери жылдан бери жогору жактагы башчысына таяныппы же атын сатыппы булар аябай кутуруп кетишкен. УКМКнын чалгын жана контр чалгын, экстремизм башкы милдеттери бар. Экономикалык иштерди президенттин алдындагы Тергөө кызматы түзүлөт деп атат, алардын тергөөсү ошол жакка өтүшү мүмкүн. Бул эки-үч айдын ичинде билинип калышы мүмкүн",- дейт УКМК төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков.
Мындан сырткары, акыркы төрт айда УКМКнын борбордук аппаратында жана аймактык бөлүмдөрүндө бир катар кадрдык алмашуулар болуп, төраганын орун басарлары жана башка жооптуу кызматкерлер жаңыланды.
Мындай өзгөрүүлөрдүн фонунда комитетке мурда башкы прокурор болуп иштеген адамдын төрага болуп дайындалышы УКМКдагы жаңы этаптын башталышы катары бааланууда. Бирок бул өзгөрүүлөр комитеттин иш багытына кандай таасир этери азырынча белгисиз.
УКМКнын төрагасынын мурунку орун басары Артур Медетбеков атайын кызмат мындан ары саясатташпаган органга айланышы керек дейт.
"УКМКнын кызматкерлери тазалыгы, мыйзамдуулугу, туура эмес, ыпылас иштерге катышпоосу камсыздалышы керек. Саясатка арашпай, саясатташтырылбай, укук коргоо органдардын мыйзамдуу жолго алып бара турган орган болушу керек".
Жаңы төрага ким?

Сүрөттүн булагы, Official
Асаналиев карьерасын УКМКнын тергөө бөлүмүндө баштап, кийин Башкы прокуратурада ар кандай жетекчилик кызматтарды аркалаган.
Алсак, 2000-жылы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетин аяктагандан кийин, эмгек жолун Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде тергөөчү катары баштаган.
2001–2010 жылдары УКМКнын тергөө бөлүмдөрүндө, анын ичинде өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөөчү болуп иштеген.
Андан соң, 2010-жылдан 2022-жылга чейин Башкы прокуратуранын системасында ар кандай кызматтарды, анын ичинде Бишкек шаарынын Биринчи май районунун прокурору жана Ош облусунун прокурору кызматтарын аркалаган.
Асаналиевдин карьерасынын өзгөчөлүгү – ал эки негизги укук коргоо системасында тең тажрыйба топтогонунда. Бул анын коопсуздук органдарынын да, прокуратуранын да ишин жакшы билген жетекчи катары сыпатталышына негиз берип жатат.
Ташиевдин мезгилиндеги УКМК
Камчыбек Ташиев жетектеген беш жыл ичинде УКМКнын ролу жана ишмердүүлүгү кыйла кеңейген. Мурда негизинен улуттук коопсуздук, терроризмге каршы күрөш, чалгынга каршы иштер менен алектенген комитет, экономикалык чөйрөдөгү иштерге активдүү аралашып кеткен.
Быйыл 8-апрелде башкы прокурор кезинде Максат Асаналиев УКМКнын айрым кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттери боюнча Аскер прокуратурасы 18 кылмыш ишин козгоп, тергөө жүргүзүп жатканын маалымдаган. Анын айтымында, ал убакта атайын кызмат кызматкерлеринин үстүнөн 386 арыз түшкөн.
Буга чейин УКМКнын мурдагы төрагасы Жумгалбек Шабданбеков 11-февралдан бери мекемеден жети кызматкер бошотулуп, 83ү тартип жазасына тартылганын билдирген болчу.
Ал эми башкы прокурордун милдетин аткаруучу болуп дайындалган Малик Бектурганов 1998-жылдан бери прокуратура тармагында эмгектенип келет.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 1-июлда аны да жамаатка таарныштырды.
УКМК төрагалыгынан бошогон Шабданбеков башка кызматка бара турганы айтылды. Ал 2020-жылдан тартып быйыл 10-февралга чейин УКМКнын төрагасынын орун басары болуп, ошону менен бирге жогорку саясий жетекчилерди кайтарган 9-кызматын башкарып келген.
































