Исламабаддагы сүйлөшүүлөр: Жей Ди Вэнс жөнөп кетти, бирок Ирандын катышуусу белгисиз бойдон калууда

вава

Сүрөттүн булагы, EPA/Shutterstock

Окуу убактысы: 4 мүнөт

11-апрелде, ишемби күнү, Исламабадда Ирандагы согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүлөр өтүшү керек. Бирок алардын башталышына бир сутка калганда АКШ тарабынан жарыяланган элдешүү келишими формалдуулук катары сезилүүдө: жума күнүнө караган түнү Израил Ливанга сокку урууну улантты, ал эми Дональд Трамп Иранды Ормуз кысыгынын иш жүзүндө блоктолуп калышынан улам убактылуу ок атууну токтотуу шарттарын бузду деп айыптады.

Буга карабастан, АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс жума күнү Исламабадка учуп кетти, бирок ал жакка Ирандын делегациясы келер-келбеси дагы деле белгисиз.

"Биз сүйлөшүүлөрдү чыдамсыздык менен күтүп жатабыз", - деди ал Исламабадга баруучу учакка отурар алдында. Ал эгер ирандыктар "ак ниеттүүлүк" менен иш кылса, АКШ "кол сунууга" даяр экенин кошумчалады. Бирок, эгерде алар "бизди алдоого аракет кылышса", АКШ буга жол бербейт", - деп жыйынтыктады вице-президент.

Анын айтымында, Дональд Трамп ага алдыдагы сүйлөшүүлөр боюнча тиешелүү көрсөтмөлөрдү берген. Иран менен болгон сүйлөшүүлөрдөгү америкалык делегациянын курамына АКШ президентинин атайын чабарманы Стив Уиткофф жана Трамптын күйөө баласы Жаред Кушнер да кирди.

Исламабад сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө жигердүү даярданууда: атап айтканда, Би-би-синин кабарчылары билдиргендей, президенттик сарайдын жанындагы парламенттин алдындагы башкы кесилиште полиция тартуучу топторду четтете баштады.

Ошол эле учурда, жолугушууга Ирандын делегациясы келер-келбеси азырынча толук белгисиз. Бейшемби күнү Ирандын Пакистандагы элчиси алардын делегациясы бүгүн кечинде келери тууралуу билдирүү жарыялап, бирок бир сааттан кийин аны өчүрүп салган.

"Чечим азырынча биротоло кабыл алына элек", - деп билдирди жума күнү эртең менен Ирандын Тышкы иштер министрлигинин жогорку даражалуу кызматкери Би-би-синин кабарчысынын сүйлөшүүлөргө катышуу тууралуу суроосуна жооп берип жатып.

Иран Ормуз кысыгын ача элек

Жумага караган түнү АКШнын президенти Дональд Трамп Trith Social соцтармагына бир катар билдирүүлөрдү жасады. Трамп Иранды эки жумалык ок атышпоо тууралуу макулдашуунун шарттарын бузду деп айыптады.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

"Иран Ормуз кысыгы аркылуу мунайдын тоскоолдуксуз өтүшүн камсыз кылуу милдетин кыянатчылык менен аткарып жатат. Бул биз жетишкен макулдашууга туура келбейт!", - деп жазды АКШнын президенти.

Трамп ошондой эле Иран Ормуз кысыгы аркылуу танкерлерди акы алып өткөрүп жатканын айтып, "мындай кылбаса жакшы болмок, эгерде кысык аркылуу өтүү үчүн акча алып жатышса, муну чукул арада токтотууга тийиш", - деди. Башка бир постто "жакында Ирандын жардамы менен же ансыз деле мунай келе баштаганын көрөсүңөр", - деп убада кылды, бирок мунун чоо-жайына токтолгон жок.

Ок атышууну убактылуу токтотуу режими күчүнө кириши үчүн маанилүү шарттардын бири – Иран Ормуз кысыгын кемелердин өтүшү үчүн ачууга тийиш. АКШ менен Израил 28-февралда Иранга каршы баштаган согушта эки жумалык элдешүү үчүн шарттардын тизмесинде 10 пункт бар.

Трамптын билдирүүсүнөн кийин Ормуз кысыгы чектелген форматта болсо да кемелер үчүн ачылган. Reuters агенттигинин маалыматына караганда, ок атышуу токтогондон кийин алгачкы 24 сааттын ичинде кысык аркылуу мунай өнүмдөрүн ташыган бир танкер жана беш жүк ташуучу кеме гана өткөн. AFP деңиз аркылуу жүк ташыгандардын маалыматына таянып жазгандай, Жакынкы Чыгышта ок атышууну токтотуу тууралуу жарыялангандан бери кысык аркылуу 10 кеме өткөн. Бул чөлкөмдөгү эң маанилүү транспорттук артериялардын бири үчүн өтө жупуну көрсөткүч. Ормуз кысыгы аркылуу дүйнөлүк мунай өндүрүүнүн 20% – күнүнө 140 танкер транзит болуп өтөт.

Израил Ливанды аткылоону улантып жатат

Иран Ормуз кысыгынын кайрадан бөгөттөлүшүн Израил коңшу Ливандын аймагын аткылоону токтотпогону менен түшүндүрдү. Израил ушул тапта Ливандагы "Хезболла" радикалдуу шиит тобунун объекттерин аткылап жатат. Иран болсо "Хезболланы" колдоп келет.

Жума күнү эртең менен Израилдин аскер жетекчилиги түнүндө Ливандын ракета учурган 10 түзмөгүнө сокку урганын билдирди. Мунун алдында Ливан ушул түзмөктөрдөн Израилдин түндүгүнө ракеталарды учурган.

АКШ ок атышууну токтотуу тууралуу жарыяласа да, Израил менен "Хезболла" ортосунда тиреш ого бетер күчөдү: режим башталган биринчи күнү эле Израил Ливандын аймагына жапырт чабуул коюп, "Хезболланын" турумдарын жана объекттерин бутага алганын билдирди. Ливандын бийлигинин маалыматы боюнча, бул күндөрү 300дөн ашуун адам Израилдин чабуулунан көз жумду. Бейшемби өлкөдө аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Жума күнү Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Ливандын бийлиги менен түз сүйлөшүүлөр башталганы тууралуу билдирген маалда да эки өлкө бири-бирине сокку урду. Нетаньяху Ливан "түз сүйлөшүүлөрдү баштоо тууралуу бир нече жолу өтүнгөнүн" айтып, алардын негизги маселеси "Хезболланы" куралсыздандыруу жана Израил менен Ливандын ортосунда тынчтык мамилелерди орнотуу болорун жарыялады.

Мунун алдында Нетаньяху Израилдин түндүгүндөгү жашоочуларга кайрылып: "Ливан менен элдешүү болбойт" деп айткан.

Анткен менен Дональд Трамп Израил жакынкы күндөрү Ливанга чабуулдарынын масштабын азайтат деп убада кылды.

"Мен Биби [Нетаньяху. — Би-Би-Си] менен сүйлөштүм жана ал эми сабырдуу болмокчу. Баарыбыз өзүбүздү колго алышыбыз керек деп ойлойм", - деди Трамп NBC News телеканалына Израилдин премьер-министри менен телефон аркылуу сүйлөшкөндөн кийин.

Ливандын жогорку даражалуу аткаминери Reuters агенттигине акыркы 24 сааттын ичинде Ливан Израил менен кеңири сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн шарттарды түзүү максатында убактылуу элдешүү аракетин көрүп жатканын айтып, бул элдешүү АКШ менен Ирандын ортосунда түзүлгөн моделде болушу керектигин кошумчалады. Ал эми "Хезболланын" өкүлү Али Файяд бейшемби күнү топ Израил менен түз сүйлөшүүлөрдү четке кагарын билдирди.

Reuters агенттигинин Израилдеги булагы маалымдагандай, Израилдин Ливан менен сүйлөшүүлөрү келерки аптада Вашингтондо башталаары күтүлүүдө. Мамлекеттик департаменттин өкүлү "ок атышууну токтотуу боюнча уланып жаткан сүйлөшүүлөрдү талкуулоо" үчүн келерки аптада жолугушуу болорун ырастады.

Бирок Израилдин Ливандын аймагын аткылоосун улантуусу – АКШнын, Израилдин жана Ирандын ортосунда пикир келишпестиктин масштабы канчалык кеңири болгонунун эң айкын мисалы.

Израил менен АКШ ок атышууну убактылуу токтотуу шарттары Ливанга тиешелүү эмес деп ырасташат. Ошол эле маалда Ирандын талабы боюнча, элдешүүнүн маанилүү шарты – Израил Бейрутка жана Ливандын башка шаарларына чабуулун токтотушу керек. Израил Ливанга чабуулун токтотмоюнча Иран Ормуз кысыгын жүк ташуулар үчүн ачпай турганын билдирди. Исламабадда АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс менен сүйлөшүүлөрдө ирандык делегацияны жетектейт деп күтүлүп жаткан Иран парламентинин төрагасы Мохаммад-Багер Галибаф Ливан да, Ирандын башка өнөктөштөрү да ок атышууну токтотуу тууралуу келишимдин бир бөлүгү болгонун айтты.

Жаңжалды жөнгө салууда ортомчу катары чыгып жаткан Пакистан да ушундай пикирди карманууда.

Тараптардын билдирүүлөрү кырдаал туңгуюкка кептелгендей таасир калтырууда: Дональд Трамп Иран "бул элдешүү тууралуу макулдашууну" аткармайынча, америкалык аскерлер чөлкөмдөн кетпейт деп убада кылды, Иран болсо АКШ "агрессиясын токтотмоюнча" Ормуз кысыгын ачпай турганын билдирди.

Сүйлөшүүлөргө бир күн калды

Бейшемби күнү маалымат каражаттары Исламабаддын борборунда сүйлөшүүлөргө даярдык көрүлүп жатканын кабарлашты.

Тегеран ал жакка өз өкүлдөрүн жөнөтөрүн ырастады, бирок жума күнү эртең менен Ирандын Tasnim мамлекеттик агенттиги аты аталбаган булакка шилтеме жасап, ирандык делегация азырынча Тегеранда экенин билдирди.

"Ирандык делегация америкалыктар менен сүйлөшүү үчүн Исламабадга келгени тууралуу айрым медиа каражаттарына чыккан маалымат чындыкка дал келбейт", - деди агенттиктин маектеши. (ZMa)