"Ажы баламдан айрылып калдым". Кадамжайда 10-класстын окуучусу мушташтан кийин каза болду

Сүрөттүн булагы, courtesy
Кадамжайлык окуучунун өлүмү боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Баткен облустук милициясы кабарлады.
Маалыматка караганда, 27-май күнү Кызыл-Кыяда өспүрүмдөр ортосунда жаңжал чыгып, 17 жаштагы бала каза тапкан. Жергиликтүү милиция бул факты боюнча 16 жаштагы окуучу кармалып, Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси ( "Ден соолукка оор залал келтирүү") менен кылмыш иши козголуп, тергөө башталганын билдирди.
Тургунбой Тургунбаевдин сөөгү кечээ жерге берилди. Атасы мектепте жакшы окуган, диний билим да алып жүргөн уулунан ажырап калганын айтып берди.
"Баламды өлтүрүп коюшту. Ажы баламды 16га киргенде өлтүрүп коюшту. Балакайым, балам... ушундай иш болду. Баламдан айырылып калдым. Куран жаттап жүргөн ажы балам өлүп калды. Азыр эч нерсе дей албайм. Мен өзүмө келе албайтам", -деди Абдулла Тургунбаев.
Баткен облусунун Кадамжай райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Нурланбек Исраилов окуя тууралуу кеңири маалымат бере албай турганын, тергөө иштери жүрүп жатканын айтты:
"Бизде да так маалымат жок, азыр тергөө жүрүп жатыптыр. Окуя Курман айт күнү болгон. Маркум бала достору менен Кызыл-Кыяга айттап барыптыр. Кызыл-Кыяда парк бар. Кызыл-Кыя шаары менен бала жашаган Кадамжай районундагы Таш-Коргон айылы бири-бирине жакын, 10-15 чакырым. Пикир келишпестик болгон окшойт, бирок ким урганын билбейбиз".
Айыл өкмөт башчысы Каныбек Мамажанов маркум Тургунбой Тургунбаев 2009-жылы төрөлгөнүн, №2 Амир Темур мектебинде 10-класста окуганын, үлгүлүү балдардын бири болгонун айтты.
"Буга чейин мектептин директорлору менен, ата-энелер менен жыйындарды өткөрүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнбүз. Тилекке каршы, Курман айт күнү паркта балдар менен талаш-тартыш болуп, Тургунбой башынан запкы жеп, кайтыш болду. Сураштырсак, жүрүм-туруму жакшы, эч ким менен жаңжалдашпаган жакшы бала болгон экен. Футбол ойночу. Үйүндө чоң ата, чоң эне, ата, апасы, иниси, карындашы менен жашаган".
Би-Би-Си аталган мектептин директору Вахобжон Балтабаев менен байланышкан учурда ал окуучу тууралуу буларды айтып берди:
"Мектепте эң жакшы окуган окуучу эле. Өтө тартиптүү, баарына үлгү берген бала эле. Ушундай... Мектептин эң жакшы окуучусу. Он жыл окуса, бир жолу аны мушташта көргөн эмеспиз, көргөн эмеспиз. Өтө жакшы окуучу. Мектеп 1-класстан 11-класска чейин ыйлап жатат. Ушундай ыйлай турган окуучу эле".
Бул арада ушул эле Кадамжай районунда дагы бир кайгылуу окуя катталды. 28-майда 16 жаштагы өспүрүм мотоцикл менен тоодон кулап, каза болду. Өспүрүм жаңы сатып алынган спорттук "Эндура" мотоцикли менен Көк-Жалаң жайлоосуна мал караганы баратып, кулап кеткен. Ал Чаувай жайлоосунда алган оор жаракатынан улам, тез жардам унаасында ооруканага жетпей жолдо каза болгон.






























