Абдирасулова үйүнө милиция келгенин кабарлады, ИИМ "Формула-1" жарышы боюнча пикирлерге реакция жасады

Сүрөттүн булагы, social media
Укук коргоочу Азиза Абдирасулова үйүнө милиция кызматкери келип кеткенин кабарлады. Бирок эмне себептен келгенин так түшүндүрбөгөнүн айтты.
"Азыр үйдө өзүм жалгызмын, тиричилигимди кылып, эч жакка деле чыккан жокмун. Жолдошум Бишкекте дарыланып жатат. Эртең менен "Акмат Рысбековмун, Бишкектин Ички иштер башкармалыгынанмын" деп бир жигит чалды. "Айтыңың маарек болсун, айтыңыз менен куттуктап коеюн дедим эле, үйүңүзгө барайын дедим эле" деди. Бишкекте эместигимди, Майлуу-Сууда экенимди айттым. Көрсө, Азамат Токтоналиев деген жетекчиси жолугуп кел деп, көрсөтмө бериптир. Көп өтпөй, "Бейшен Жаркуловмун, майормун" деп мен жашап жаткан жердин аймактык милиция кызматкери чалып, үйүмө келерин айтты. "Эмне мени баарыңар сагынып калгансыңар, кел" дедим. Келди. Видеого тартып алдым. "Кандай арызыңыз бар, абалыңызды сурап коеюн деп эле келгем" деди. Чыныгы максатын түшүндүргөн жок. Ахыбалым жакшы. Арызым эле мени тынч койгула, улам бириңер чалып, үйүмө келбегиле дедим. Эмнеге келишкенин так айта албайм", - деди Азиза Абдирасулова.
Укук коргоочу мунун алдында Фейсбуктагы баракчасына Ысык-Көл облусунда "Формула-1" кайык жарышын өткөрүүгө каршы экенин билдирген. Ал ЮНЕСКОго кат жазып жатканын да белгилеген.
Бүгүн, 28-майда Ички иштер министрлиги билдирүү таратып, Ысык-Көл облусунда "Формула-1" кайык жарышы тууралуу маалыматтарды таратууда этият болууга чакырган. ИИМ бул иш-чара Борбор Азияда биринчи ирет өтүп жатканын, Кыргызстандын кадыр-баркын көтөрө турганын белгиленген.
ИИМ социалдык тармактарда бул жарыштын өтүшүнө каршы чыгып, экологиялык коопсуздукка тынчсызданган адамдардын билдирүүлөрүн "популисттик кадам" деп мүнөздөгөн. Билдирүүдө "Формула-1" жарышы буга чейин өткөн жерлерде бир да жолу экологиялык көйгөй жаралбаганы жазылган.
"Бул чемпионат кырк жылдан ашык убакыттан бери дүйнөнүн ондогон мамлекеттеринде, анын ичинде биздикиндей эле болгон туюк көлдөрдө да өткөрүлүп, бир да жолу экологиялык зыяны тууралуу факты болбоптур. Муну ошол соцтармакты колдонгондор интернетти карап изилдеп көрсө деле болмок. Демек, максаттары деле экология эмес, жеке өздөрүн пиар кылуу десек болот. Экологияга жогорку бийликтегилер башка жарандарыбыздан кем калбай күйөт. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы жана көзөмөлү менен ИИМдин экология жана туристтик милициясы, ӨКМдин, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык кѳзѳмѳл министрлигинин кызматкерлери беш жылдан бери Ысык-Көл жана башка көлдөрдү торлордон жана таштандылардан тазалоо боюнча жигердүү иш алып барууда. Миңдеген чакырым торлор, миңдеген тонналаган таштандылар алынып чыкты", - деп жазылган билдирүүдө.
Жогорку ылдамдыктагы кайыктардын UIM F1H2O дүйнөлүк чемпионаты быйыл 31-июлдан 2-августка чейин Ысык-Көлдө өтөт. Анын өтүшүнө активисттердин бир бөлүгү каршы чыгып, бул көлгө зыянын тийгизе турганын айтып жатышат.


























