Курманбек Бакиевдин иниси Акмат Бакиевдин сөөгү Жалал-Абадга коюлары айтылды

Окуу убактысы: 2 мүнөт

Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин иниси Акмат Бакиев көз жумду. Анын тажиясы 14-апрелде Манас шаарынын Салы Бакиев көчөсүндөгү үйүндө өтөрү айтылды. Маалыматтарда ал акыркы жылдары Өзбекстандын Ханабад шаарында жашап жаткан жана жүрөк оорудан каза болду.

66 жаштагы Акмат Бакиев - бийликтен кулатылган мурдагы президент Курманбек Бакиевдин бир тууганы. Ал кезинде атасынын атындагы "Сали-Ата" ЖЧКны жетектеген. Акмат Бакиевге бир катар кылмыш иши козголуп, сот тарабынан күнөөлүү деп табылган. Агасы бийликте турган тушта ал Жалал-Абад облусунда таасирлүү кишиге айланган жана рейдерлик кылган деп айыпталган.

Акмат 2010-жылдагы апрель окуяларынан кийин Бакиевдер өлкөдөн качып кеткенде алардын Кыргызстанда калган жалгыз бир тууганы болгон.

2010-жылдын 21-июлунда Жалал-Абад шаарында кармалган. Кармалган учурда жанынан жасалма сакал, парик жана курал-жарактар табылганы айтылган.

Ал Жалал-Абадда массалык башаламандыктарды уюштуруу, улуттар аралык кастыкты козутуу, мыйзамсыз куралдуу түзүмдү түзүү, опузалап талап кылуу, ок атуучу куралдарды мыйзамсыз алуу жана сактоо, жерди өзүмбилемдик менен ээлеп алуу, ошондой эле токой фондусундагы жерлерге капиталдык курулуштарды куруу жана жаныбарларга ырайымсыз мамиле кылуу боюнча күнөөлүү деп табылган.

Ошондой эле 2010-жылдын 19-апрелинде Жалал-Абаддагы облустук администрацияны басып алууга катыштыгы бар деп табылган.

2011-жылы Жалал-Абад шаардык соту аны жети жылга эркинен ажыраткан. Акмат Бакиев журналисттерге берген маегинде дооматтарды четке каккан.

2012-жылдын башында Акмат Бакиев жаза өтөө тартиби жумшартылып, Бишкектеги №35 жатак абагына которулган. Бирок ден соолугуна байланыштуу Бишкектеги жеке ооруканалардын биринде дарыланып жатып, 2012-жылдын 3-мартында качып кеткен.

Айрым маалыматтарда кийин Өзбекстанда жашап жүргөн.

Акмат Бакиев 1960-жылы туулган.

2010-жылы 7-апрелде эл ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин бийлигине каршы көтөрүлгөн. Мамлекеттик стратегиялык объекттердин менчиктештирилиши, электр энергиясына жана байланышка болгон баалардын кескин көтөрүлүшү, бийликтин бир колго топтолушу элдин нааразычылыгын туудурган. Курманбек Бакиевдин режиминин тушунда саясий куугунтуктар күчөп, эркин медиага басым жасалып, оппозиция лидерлери камалган жана атылган.

Мына ушул көрүнүштөргө каршы чыккан эл 7-апрелде Бишкектеги Ала-Тоо аянтына агылып келген. Бишкектин борборунда окуялар курч мүнөздө өнүккөн. Тынчтык митингине чыккан жарандарга каршы ок атылып, 80ден ашуун адам ошол жерден курман болгон, жүздөгөн жарандар оор жаракаттарды алышкан.

Жыйынтыгында Бакиевдин режими кулатылып, ал Беларуска качып кеткен.

Апрель окуяларынан кийин Курманбек Бакиев жана анын жакындары (Жаныш Бакиев, Максим Бакиев) бир нече оор кылмыш иштери боюнча сыртынан узак мөөнөткө жана өмүр бою соттолушкан. Бакиев журналисттерге берген маектеринде ага коюлган айыптарды четке кагып келет.