Иран: Израилдин Ливанга жасаган чабуулдары АКШ менен Ирандын ортосундагы келишимди бузууда

Сүрөттүн булагы, Getty Images
"АКШ согушту каалайбы же тынчтыктыбы, тандашы керек. Израилдин Иран менен өнөктөш Ливанга жасаган чабуулдары ок атышууну токтотууну бузуу болуп саналат",- деп билдирди Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Саид Хатибзаде Би-Би-Сиге берген 15 мүнөттүк эксклюзивдүү маегинде.
Ал Би-Би-Синин Radio 4 каналындагы Today программасына берген маегинде Иран өткөн түнү Ак үйгө билдирүү жөнөткөнүн айтып, анын маңызын мындайча түшүндүрдү: "Бир эле учурда тортту жеп да, сактап да калуу мүмкүн эмес".
"Ок атышууну токтотууну талап кылып, анын шарттарын, бардык аймактарды, анын ичинде Ливанды да камтыган келишимди кабыл алып, андан кийин союздашыңар (Израил) кан төгүүнү баштаса бул туура эмес",- деди ал.
Ал АКШ согушту каалайбы же тынчтыктыбы? Тандашы керек деп билдирди:
"Бир эле убакта экөөнү тең ишке ашыруу мүмкүн эмес. Бул бири-бирине карама-каршы нерселер экени айдан ачык көрүнүп турат",- деп белгиледи.
Министрдин орун басарынын айтымында, Иран менен АКШнын ортосундагы байланыштар уланууда жана эки тарап кечээ кечинде Пакистан аркылуу кабар алмашышты. Ал Иран "натыйжалуу жыйынтыкка жетүүгө абдан кызыкдар" экенин баса белгиледи, анткени бул анын улуттук кызыкчылыгына туура келет.
АКШ менен Ирандын өкүлдөрү келе жаткан ишембиде Пакистанда жолугушары күтүлүүдө. Хатибзаденин айтымында, АКШ тараптан сүйлөшүүлөрдү вице-президент Жей Ди Вэнс жетектейт, ал эми Иран тараптан парламенттин спикери Мохаммад-Багер Галибаф катышат.
Саясатчы Иран Ормуз кысыгы аркылуу кемелердин коопсуз өтүүсүн камсыз кыларын билдирди. Бирок анын ачылышы "АКШ бул агрессияны чындап токтоткондон кийин гана" ишке ашарын айтты. Ал бул жерде Израилдин Ливанга жасаган чабуулдары тууралуу кеп кылды.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Ал Иран "эл аралык нормаларды жана эл аралык укукту" сактай турганын, бирок Ормуз кысыгынын коопсуздук маселеси "Иран менен Омандын жакшы ниетинен" көз каранды экенин билдирди.
Кемелерден өтүү үчүн акы алынбайбы же аларга коркунуч жаралбайбы деген суроого Хатибзаде Иран кысыктын "тынч" болушун каалаарын, бирок коопсуздук эки тараптуу процесс экенин айтты. Ошондой эле ал "бул булуңду кыянаттык менен пайдаланууга" аскердик кемелерге жол берилбей турганын белгиледи.
Министрдин орун басары ошондой эле Иран "Хезболланын" Израилге жасаган чабуулдарын колдоону токтотобу деген суроого комментарий берди.
"Биз Жакынкы Чыгыштагы бардык тараптарды америкалыктар менен жетишилген ок атышууну токтотуу келишимин сактоого чакырабыз",- деди ал.
Бул - Иран "Хезболладан" ракета атууларды токтотууну суранат дегенди билдиреби деген суроого ал: "Хезболла" Ливандын чыныгы каршылык көрсөтүүчү кыймылы экени айдан ачык",- деп жооп берди.
Ирандык офицерлер "Хезболлага" кеңеш берип, машыктырып жана куралдандырып жатат деген айыптоолорду четке кагасызбы деген суроого ал: "Мен муну четке какпайм",- деп жооп берди. Ошондой эле ал Иран бул кыймылды "колдой турганын" айтып, бирок "алар биздин атыбыздан иш алып барат деген чындыкка дал келбейт",- деп кошумчалады.
Ал АКШ менен Ирандын ортосундагы келишимде эки тарап тең жана алардын союздаштары "мындан ары ок атышууну токтотууну кабыл алат" деп белгиленгенин айтты.
Эгерде Израилдин соккулары улана берсе, Иран сүйлөшүүлөрдөн чыгып кетеби деген суроого ал: "Биз биринчи кезекте Жакынкы Чыгыштын жалпы жыргалчылыгына көңүл бурабыз",- деп жооп берди.
Хатибзаденин айтымында, Израилдин аракеттерин "геноцидге окшош көрүнүш" катары баалоого болот. Израил өз кезегинде аларга ракета атып жаткан "Хезболладан" өч алып жатканын айтууда.




























