Трамп НАТОну сындады, альянстын башчысы жолугушуу "абдан ачык" болгонун айтты

Окуу убактысы: 2 мүнөт

Дональд Трамп Ак үйдө НАТОнун башкы катчысы Марк Рютте менен жеке жолугушуудан кийин Иран менен болгон согушта АКШны колдобогону үчүн НАТОну кайрадан катуу сынга алды.

Жолугушуудан кийин Truth Social платформасына АКШнын президенти төмөндөгүдөй деп жазды:

"НАТО БИЗГЕ КЕРЕК УЧУРДА ЖАНЫБЫЗДА БОЛГОН ЖОК, ЭГЕР КАЙРАДАН ЖАРДАМ КЕРЕК БОЛСО, АНДА ДАГЫ ЖАНЫБЫЗДА БОЛБОЙТ".

Ошол эле учурда, Рютте CNN телеканалына берген маегинде Трамп менен болгон жолугушуусун пикир келишпестиктерге карабастан "өтө ачык" болду деп айтты.

Шаршемби күнкү сүйлөшүүлөрдүн алдында Трамп трансатлантикалык аскердик альянстан чыгууну карап жатканын айткан. Ал мындай пикирди бир нече НАТО өлкөлөрү дүйнөлүк мунай бааларынын өсүшүн басаңдатуу үчүн Ормуз кысыгын кайра ачууга жардам берүүдөн баш тарткандан кийин билдирген. Ак үй сүйлөшүүлөрдүн чоо-жайын ачыктаган жок.

Шаршемби күнү башкы катчы Ак үйдө эки сааттан ашык убакыт болду, бирок анын Дональд Трамп менен жолугушуусу канча убакытка созулганы белгисиз.

Жолугушуу НАТОдо калуу анын жана Американын кызыкчылыгы үчүн да маанилүү экенине Трампты ынандырууга багытталган.

Бирок бир нерсе айдан ачык болуп турат. Дональд Трамп альянстан жана ага мүчө өлкөлөрдөн күмөн санап турат. Анткени ал бул өлкөлөр АКШга "Эпикалык нааразылык" операциясынан мурун жана операция учурунда жетиштүү жардам берген эмес деп эсептейт.

Акыркы жумаларда Трамп 32 мамлекеттен турган трансатлантикалык альянстан чыгам деп коркутуп келет.

Ирандагы куралдуу жаңжал боюнча НАТОнун ролу тууралуу суроого Ак үйдүн басма сөз катчысы Каролина Ливитт шаршемби күнү президенттин түз сөзүн келтирип, "НАТО сыноодон өттү жана ийгиликсиз болду" деп билдирди.

Левитт НАТОго мүчө өлкөлөрдүн коргонуу чыгымдарын АКШ каржылап жатса да, алар Америка элине далысын салганын айтып, Дональд Трамп НАТО башчысы менен "абдан ачык жана түз сүйлөшө турганын" билдирген.

Ошол эле учурда, Рюттенин Трампка жөнөткөн билдирүүсүндө көптөгөн европалык өлкөлөр ага тоскоол болбогону тууралуу айтылган.

Баш катчы CNNге берген маегинде "Европанын басымдуу көпчүлүк өлкөлөрү базаларды жайгаштырууга, логистикага жана учуу операцияларына жардам көрсөтүштү" деп айтылат.

Бул аргументтер жана баш катчынын Трамп менен болгон жеке сый мамилеси президентти ынандырууга жетиштүү болобу же жокпу азырынча белгисиз.

Дүйнө азыр согушка чейинки мезгилге караганда коопсузбу деген суроого Рютте "албетте" деп жооп берип, ал абалды Ирандын өзөктүк коркунучтарын азайтууга багытталган Дональд Трамптын лидерлиги менен байланыштырды.

Ал НАТОнун мүчөлөрү Ирандагы согушту мыйзамсыз деп эсептебей турганын жана көпчүлүгү Ирандын ядролук потенциалын азайтуу маанилүү дегенге кошуларын билдирди.

2023-жылдын аягында АКШ Конгресси Америка президентинин Сенаттын үчтөн экисинин добушу же Конгресстин актысы болмоюнча НАТОдон бир тараптуу чыгуусуна тыюу салуу үчүн добуш берген.

АКШ администрациясы менен НАТОнун ортосундагы мамиле Ирандагы согушка чейин эле татаалдашып кеткен. Бул Трамптын Гренландия боюнча пландарына байланыштуу пикир келишпестиктерден улам келип чыккан.