А.Алымбаева: Шайлоо эки айлампада өтүшү мүмкүн, негизги атаандаштар белгилүү

Кыргызстанда Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген 63 талапкердин документтерин текшере баштады.
Би-Би-Си саясат талдоочу Аида Алымбаевага кайрылып, президенттик жарыш, негизги атаандаштар жана шайлоонун тобокелчиликтери тууралуу сурады.
А.Алымбаева: 2017-жылы өткөн президенттик шайлоого катышам деп 59 адам арыз берген экен. Бул жолу арыз бергендер саны андан болгону төрт кишиге гана көп болду. Бул эмнеден кабар берет? Кыргызстанда шайлоого талапкерлерди каттоонун жол-жобосу болушунча жеңилдетилген. Бул биздин шайлоо системасынын артыкчылыгы. Бирок БШКда талапкерлерди электен өткөрүүнүн экинчи этабы да бар да. Бир миллион сомдук күрөө акы, 30 миң адамдын кол тамгасын чогултуу жана мамлекеттик тилден сынак тапшырууда талапкердин көбү жыдып калат. Мисалы, 2017-жылы 59 адамдан он үчү эле талапкер катары БШК тарабынан катталган. Бул жолу да барып-барып кеминде 15-16 талапкер шайлоо жарышына чыкса керек.
Би-Би-Си: Шайлоонун фавориттери кайсыл саясатчылар болот?
А.Алымбаева: Шайлоодо негизги күрөш Садыр Жапаров жана оор салмактагы саясатчы Адахан Мадумаров ортосунда жүрөт окшойт. Бул экөө тең өлкөдөгү улутчул кыймылдардын лидерлери. Экөөнүн тең электораты элеттиктер.
Бул экөөнө атаандаш күчтөр да чыга алат. Бирок алар блокко биригиши керек болот. Аларды Кыргызстан парламенттик башкаруу нугунда кетишин каалаган электораттын прогрессивдүү бөлүгү колдоп кетмек. Жапарав дагы, Мадумаров дагы президенттик башкарууну жактаган саясатчылардан. Экөөнүн бирөөсү өтсө да, парламенттин ролун болушунча чектегенге аракет кылат. Андыктан Клара Сооронкулова, Элдар Абакиров, Бабур Толбаев, Аймен Касенов, Садык Шер-Нияз, Каныбек Иманалиев өңдүү талапкерлер бириксе бул президенттик жарыштын жетишкендиги болмок.
Эгерде административдик ресурс колдонулбаса, президенттик шайлоо бир гана айлампа менен чектелбей, эки тур менен өтөт го дейм. Жапаров шайлоодо оңой эле жеңишке жетишет деп ишенимдүү айтууга болбойт. Себеби, ал күчтүү бийлик вертикалын түптөгөнгө үлгүрбөдү.
“Форма-2” арызы менен шайлоо жокко чыгарылганы да анын тарапкерлеринин санын кескин кыскартты.

Сүрөттүн булагы, Social media
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Дагы бир маанилүү жагдай бул жолку шайлоодо оппозициялык партиялардын талапкерлери болбой жатат. Мисалы, “Ата Мекен”, “Бир Бол” президенттикке өз талапкерлерин жылдырбады. Каныбек Иманалиев, Cадык Шер-Нияз талапкерлигин койду. Бирок алар партия атынан чыгып атабы, түшүнүксүз. Оппозициялык партиялар шайлоо калыс өтөт деп ишенбей жатышабы же баары бир Жапаров жеңет деген ойдо болуп атабы, бул чоң суроо. Шайлоочулар регионалдык мүнөздө артыкчылык берип да добуш берип келет. Бул жааттан алып караганда, Улукбек Кочкоровдун да шансы жогору. Мамлекеттик кызматтарда иштеди, таанымал, саясий жакшы капиталы бар.
Би-Би-Си: Айрым талдоочулар шайлоого талапкерлигин коюу бул бекер пиар, саясий соодалашуу куралы болуп калды деп мүнөздөп жатат.
А.Алымбаева: Президенттик жарышка чыгуу бул, албетте, абсолюттук пиар. Алдыда бизде парламенттик, жергиликтүү, Бишкек шаардык кеңешке да шайлоолор келе жатат. Жеңишке жетпесине көздөрү жетип турса деле, катышып жаткандарды көрүп жатабыз. Бирок шайлоодо чектөө деген болбош керек. Алар шайлануу укугун пайдаланып жатышат, чектөөнүн кажети жок. Бул мыйзам ченемдүү эле көрүнүш. Болгону президенттик жарышта саясий партиялардын да активдүүлүгү күчөсө жакшы болот эле. Шайлоодо идеялардын күрөшү журсө жакшы да, бирок тилекке каршы андай болбой жатат.

Сүрөттүн булагы, Social media
Би-Би-Си: Мөөнөтсүз президенттик шайлоонун негизги кандай тобокелчиликтери бар?
А.Алымбаева: Тобокелчиликтер чоң экенин 6-октябрдан кийинки окуялардан да көрдүк. Эгерде бул жолу шайлоо таза ачык-айкын, калыс өтпөсө, басым жана административдик ресурс колдонулса, добуш сатып алуу аракети болсо ошондой эле каршылык маанай түзүлөт. Жарандар тез эле мобилдешип, митингдер өтүшү мүмкүн. Биздей жаш мамлекетке бул чоң тобокелчилик. Октябрдагы окуяларда криминалдык топтордун катыштыгы тууралуу да талкуулар болду. Бийликтеги вакуумдан пайдаланып ошол эле бийликке келүүнү менчикти бөлүштүрүүнү каалагандар бар. Негизи парламенттик шайлоолор биринчи, андан кийин президенттик шайлоо өтүшү керек эле. Бирок биринчи өлкө башчысы тандалат деген чечим болгондон кийин Жапаров андай тобокелчиликтерге жоопкерчилик алышы керек. Охлократия же сүрмө топтун саясаты бул жолку шайлоодон кийин да орун алышы толук мүмкүн. (EKa)




























