Трамп Иранга деңиз блокадасын киргизерин жана Ормуз кысыгындагы жүктөрдүн наркынан 20% жыйым ала турганын жарыялады

Дональд Трамп

Сүрөттүн булагы, EPA/Shutterstock

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Дональд Трамп
Published
Окуу убактысы: 3 мүнөт

АКШнын президенти Дональд Трамп Кошмо Штаттар Иранды Вашингтон менен мурда жетишилген макулдашууларды бузду деп айыптап, өлкөгө карата деңиз блокадасын кайрадан киргизип жатканын билдирди. Кийинчерээк ал АКШ Ормуз кысыгын өз көзөмөлүнө алышы мүмкүн экенин кошумчалады.

"Ормуз кысыгы ачык, ал Иран менен же ансыз деле ачык бойдон калат. Биз Иранга карата блокаданы кайра киргизип жатабыз. Ал дал ушундай аталат, анткени ал Ирандын кемелерине жана Иран менен соода кылгандарга гана тиешелүү. Калган бардык өлкөлөр Ормуз кысыгын эркин жана тоскоолдуксуз колдоно алышат", - деп жазды ал өзүнүн Truth Social социалдык тармагында.

Трамп ошондой эле мындан ары АКШ өзүн "Ормуз кысыгынын сакчысы" деп атай турганын жарыялады.

Анын айтымында, Вашингтон бул стратегиялык маанилүү аймакта кемелердин коопсуздугун камсыздоого ниеттенип жатат, бирок ал үчүн кеткен чыгымдардын ордун толтурууну күтөт.

"Ушул көз ирмемден баштап АКШ "Ормуз кысыгынын сакчысы" катары белгилүү болот. Адилеттүүлүк үчүн биз дүйнөнүн бул өтө туруксуз аймагында коопсуздукту камсыз кылуу үчүн зарыл болгон бардык чыгымдарды жабуу максатында ташылган жүктөрдүн наркынын 20% өлчөмүндө компенсация алабыз. Бул механизмди ишке ашыруу дароо башталат", - деди Трамп.

Трамп бул механизм иш жүзүндө кандайча аткарылаарын түшүндүргөн жок. АКШнын Борбордук командачылыгы кийинчерээк блокада шейшембиден тарта кайра башталарын билдирди.

Ошондой эле дүйшөмбү күнү Fox News телеканалына берген интервьюсунда Трамп өткөн түнү АКШ Иранга "өтө кубаттуу сокку" урганын, тагыраагы, Борбордук командачылык өлкө аймагындагы аскердик объектилерге бир катар чабуулдарды жасаганын айтты.

"Алар биздин колубузда. Алар чегинип жатышат. Алардын аскердик техникасынын көбү талкаланды. Алардын абадан коргонуу системалары иштен чыгарылды", - деди Трамп.

Fox News менен болгон маекте Трамп Ирандын өкүлдөрү америкалык тарап менен 11 саатка созулган сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн айтты.

"Бул адамдар менен баары ар дайым 11 саатка созулат. Чындыгында бир эле мүнөт жетиштүү болмок", - деди Трамп.

Анын айтымында, жолугушуу аяктагандан кийин ирандык делегация сүйлөшүү бөлмөсүнөн чыгып кетип, андан соң кайра байланышка чыгып, "бир нече өзгөртүүлөрдү киргизүү" керектигин билдиришкен.

"Дайыма эле бир өзгөрүүлөр. Алар кесипкөй сүйлөшүүчүлөр - болгону ушуну менен гана алектенишет. Мен аларды муну жакшы аткарышат деп да айта албайм. Алар менден эч нерсе ала алышкан жок", - деп билдирди Трамп.

Ал ошондой эле Иранды Билл Клинтондон, Жорж Буш жана Барак Обамадан баштап, 47 жыл бою америкалык президенттерди "мурундан жетелеп келди" деп айыптады.

Аймактагы кырдаалдын курчушу Иран Ормуз кысыгындагы жүк ташуучу кемелерге чабуул жасагандан кийин башталды.

Тегеран "согуш жалыны" менен коркутууда

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Ирандын жогорку аскердик командачылыгы - "Хатам аль-Анбия" штабы - АКШга Ормуз кысыгын "башкарууга кийлигишүүгө" жол бербей турганын жарыялады.

Ирандын "Тасним" агенттиги жарыялаган билдирүүдө АКШнын кысык аймагындагы "кайталап жасаган авантюралары" "аймактын коопсуздугун олуттуу түрдө солкулдатты" деп айтылат.

"Биз Кошмо Штаттарга бул өтө маанилүү суу жолун көзөмөлдөөгө жол берген эмеспиз жана жол бербейбиз", - деп баса белгилешти аскерлер.

Штаб ошондой эле Ирандын куралдуу күчтөрү "АКШнын бандиттик армиясы" деп атаган тараптын ар кандай провокациялык аракеттерине бөгөт коюу үчүн чараларды көрүп жатканын кошумчалады.

Мындан тышкары, Тегеран Кошмо Штаттар менен Ормуз кысыгында кызматташуунун ар кандай түрү Ирандын суверенитетине каршы "согуш актысы" катары каралаары тууралуу эскертти.

Билдирүүдө кеңири мазмундагы эскертүү да камтылган: "Эгер конфликт жайылса, согуш жалыны аймактагы бардык өлкөлөрдү каптайт".

АКШнын президенти Дональд Трамптын билдирүүсүнө Иран парламентинин улуттук коопсуздук жана тышкы саясат боюнча комиссиясынын мүчөсү Эбрахим Резаи да жооп кайтарды.

Трамптын АКШ "Ормуз кысыгынын сакчысы" болот деген сөздөрүн комментарийлеп, Резаи X социалдык тармагына: "Бизге кысыкты коргоо үчүн чет элдик жалдануучу жумушчулар керек эмес!" - деп жазды.

Ошентип, Тегеран АКШнын Ормуз кысыгын көзөмөлдөө боюнча ар кандай дооматтарын четке кагып, бул стратегиялык суу жолунун коопсуздугун камсыз кылууну өзүнүн эгемендүү милдети катары эсептей турганын билдирди.

Кысыкта эмне болуп жатат?

Ормуз кысыгындагы кыймыл чектелүү бойдон калууда. MarineTraffic кемелерди көзөмөлдөө кызматынын маалыматы боюнча, акыркы бир нече суткада кысыктан кемелердин өтө аз гана бөлүгү өтө алды.

Учурда Wilmot жана Seafaith аттуу эки кеме автоматтык идентификация системаларын (AIS) күйгүзүп, Оман булуңун көздөй чыгышты карай багыт алууда.

Wilmot кемеси бара турган жери катары Пакистанды көрсөткөн, бирок конкреттүү портун тактаган эмес. Seafaith болсо Омандагы Сохар портуна баратат.

Дагы эки кеме - Evalovia жана Aisana - Ормуз кысыгынан чыгып жаткан жеринен байкалгандан кийин өз жайгашкан жери тууралуу маалымат берүүнү токтоткон. Алардын азыркы турган жерин тастыктоо мүмкүн эмес.

MarineTraffic маалыматына ылайык, Wilmot, Evalovia жана Seafaith кемелери Оман булуңуна бараткан жолдо курсун өзгөрткөн. Кийинчерээк Wilmot жана Seafaith кайрадан баштапкы багыты боюнча кыймылын уланткан.

Evalovia дагы Оман булуңун көздөй багыт алгансып, андан кийин "радардан жоголгон" - башкача айтканда, автоматтык идентификация транспондерин өчүргөн.

Кемелер өз коопсуздугун камсыздоо үчүн зарыл деп эсептегенде, координаталарды берүү системаларын өчүрүп коюу учурлары көп кездешет.

Мындан тышкары, Bayaze D жүк ташуучу кемеси жана Ирандын бир нече кемеси Ормуз кысыгы аркылуу батышты карай, болжолдуу түрдө Ирандын портторуна багыт алып баратат.

Буга чейин дүйшөмбүдө Ирандын Улуу Британиядагы элчилиги Тегеран Ормуз кысыгында "техникалык жана аскердик тоскоолдуктардан таза" убактылуу коопсуз деңиз коридорун түзгөнүн кабарлаган. Ошол эле учурда дипломатиялык өкүлчүлүк АКШнын аскердик аракеттеринен улам кысык кемелер үчүн "жогорку тобокелдиктеги аймакка" айланганын баса белгилеген.