Украинанын дрон чабуулдарынан Татарстанда сегиз өзбекстандык каза болду

Сүрөттүн булагы, t.me/eveningkzn
10-августта Татарстандын Нижнекамск шаарына жасалган Украина дрон чабуулдарынан 13 адам каза болду. Өзбекстандын Казань шаарындагы Башкы консулдугунун маалыматына караганда, каза болгондордун сегизи — Өзбекстандын жарандары.
"Башкы консулдук каза болгон жарандардын үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат", — деп айтылат билдирүүдө.
Татарстандын расмий өкүлдөрү өлгөндөрдүн арасында Өзбекстандын жана Тажикстандын жарандары бар экенин билдиришти.
Нижнекамск шаарынын башчысы Радмир Беляев каза болгондордун арасында беш жашар кыз да бар экенин маалымдады.
Өзбекстандын Казань шаарындагы Башкы консулдугу каза болгон адамдардын аты-жөнүн толук жарыялаган жок, алардын инициалдарын гана келтирди: А.Д.К., У.С.А., Б.О.М., А.Р.Э., Х.Д.Р., Х.Ф.Ф. жана И.Д.Ф.
Азырынча расмий органдар каза болгон өзбекстандыктардын кайсы ишканада иштегени, кайсы облустан экени же чабуул учурунда так кайсы жерде болгону тууралуу кеңири маалымат бере элек.
"Учурда бул маселе Башкы консулдуктун көзөмөлүнө алынды. Окуянын чоо-жайын тактоо максатында жергиликтүү жооптуу ыйгарым укуктуу органдар жана тергөө органдары менен зарыл байланыштар түзүлдү. Каза болгон жарандардын сөөгүн соттук-медициналык экспертиза жана зарыл болгон расмий процедуралар аяктагандан кийин мекенине кайтаруу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлөрүн билдиребиз", — деп маалымдады Өзбекстандын консулдугу.
Көп сандаган дрондордун чабуулу эртең мененки саат 8:30 чамасында болгон.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Татарстандын бийлигинин маалыматына караганда, 75 адам медициналык жардам сурап кайрылган, алардын 21и ооруканага жаткырылган.
Президент Рустам Минниханов республика боюнча аза күтүү жарыяланып, майрамдык иш-чаралар жокко чыгарылганын билдирди.
Бул сокку Орусия Украинага каршы толук масштабдуу басып кирүүнү баштагандан берки Украинанын Орусиянын аймагына жасаган эң кандуу чабуулдарынын бири болду.
Орусиянын Тергөө комитетинин маалыматына караганда, Украинанын Куралдуу күчтөрү "турак жай секторуна, ошондой эле өнөр жай объектилерине" дрондор менен чабуул жасаган.
Тергөө комитети террордук чабуул беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.
Чабуулдун негизги бутасы катары Татарстандын Нижнекамск шаарындагы өнөр жай аймагында жайгашкан мунай жана мунай-химия объектилери айтылууда.
Тактап айтканда, Украинанын Башкы штабы "Танеко" мунай иштетүүчү заводуна сокку урулганын билдирди.
Бир катар эл аралык жана жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, заводдун аймагында өрт чыккан.
Бул украин аскерлеринин "Танеко" заводуна жасаган биринчи чабуулу эмес.
12-июнда да "Танеко" жана ТАИФ мунай иштетүүчү заводдору бутага алынганы кабарланган.
Июль айында ТАИФ заводуна дагы эки жолу чабуул жасалган.
Орусиянын башка аймактарындагыдай эле, Татарстандын аймагында да дрон чабуулдарынын алдын алуу максатында уюлдук байланыш жана интернет өчүрүлгөн. Көптөгөн адамдар жакындарынын кайда экенин биле албай кыйналышкан.
Расмий өкүлдөр жардыруулар болгон объектилердин жана жайлардын так даректерин жарыялашкан жок.
Бирок социалдык тармактарда дрон чабуулдары Нижнекамск шаарындагы Школьный бульвар деп аталган көчөдө да болгондугу тууралуу маалыматтар тарады.
Бул көчөдө "Ковёр" жаштар демилгелери борбору, студенттик эмгек отряддарынын борбору, жатакана жана "Кама" мейманканасы жайгашканы айтылат.
Расмий өкүлдөр Школьный бульвардагы мектептин имараты жабыркаганын билдиришти.
InKazan Telegram каналы Нижнекамск шаарынын расмий өкүлдөрүнө таянып билдиргендей, Школьный бульвардагы жардыруудан кийин үйлөрү жабыркаган адамдарды №3 лицейдин имаратына убактылуу жайгаштыруу чечими кабыл алынган.
Бул көчөдө 93 адам убактылуу баш калкалоочу жай сурап кайрылганы кыйроонун масштабы канчалык чоң болгонун көрсөтөт.
Татарстандын башчысы Рустам Минниханов дрон чабуулуна кабылган Нижнекамск шаарынын өнөр жай аймагына барды.
Бул тууралуу Татарстандын президентинин басма сөз катчысы Лилия Галимова билдирди.
"Вечерняя Казань" Telegram каналы окуя болгон жерден тартылган сүрөттөрдү жарыялады.
"Бул аймакта турак жай объектиси, башкача айтканда, хостел жабыркаган. Ал жерде тогуз адам каза болгон. Учурда окуя болгон жерде тергөө иштери жүргүзүлүп жатат", — деди Галимова.
































