"Наркоэпидемиядай эле болуп жатат": Жер-жерлердеги маңзат көйгөйү

a man in balaclava
Published
Окуу убактысы: 3 мүнөт

Соңку айларда интернет айдыңында жер-жерлерде маңзат каткандар тууралуу видеолор көп тарай баштады. Аны жергиликтүү тургундар тартып, маңзатка каршы күрөшүүгө чакырган ураандар менен социалдык тармактарга жарыялап жатышат. Би-Би-Си ошондой айылдардын бирине барып жетинен кабар алды.

Атын атагысы келбеген Сокулук районуна караштуу Кожомкул айылынын тургуну бир нече айдан бери айылдагы маңзат каткандар менен күрөшүп келет. Айтымында, айыл көчөмө-көчө маңзат каткандардын чордонуна айланган.

Тургун

"Мына бул жерлерде балдар да ойнойт. Ушул жерлерге наркомандар отуруп алып чегишет. Бөтөлкөлөрүн, пакеттерин ыргытышат. Бул жердин баарын таштандыга айлантышты. Башында мен деле билген эмесмин. Эшикке чыксам, жаш балдар, жаш кыздар отурат. Унчукпай эле өтүп кетчүмүн. Качан балдарым үйгө алып келгенде байкап калдым. Өткөндө дал ушул мен турган жерде чукулап жатышыптыр. Мына, бул жакты карагыла, казып салышкан. Таштандыга толгон. Балдарым ойноп жүрүп таап алып, изолентага оролгон таңгакты үйгө алып келишти. Ачсам, ичинде порошок сыяктуу бир нерсе бар экен. Тузга окшош экен. Ошондон кийин текшерип, видеого тарта баштадым. Мына, бул чөптүн алдын карагыла. Тээтиги жакка чейин "закладка" кылып жүрүшөт. Кошуналар баарын билет",- деди ал.

Анын айтымында, Кожомкул айылына шек жараткан ар кандай адамдар көп келет. Алар жер чукулап, маңзат издеп же жашырып жүргөн учурлар көп кездешет. Арасында өспүрүмдөрдөн тартып, 50-60 жаштагы адамдарга чейин бар.

"Жакында эле бул жерде төрт бала отурду. Үчөө такыр эле жатып калыптыр. Башында мас экен деп ойлогом. Көрсө чегип алышыптыр. Карасам, 17-18 жаштагы эле балдар экен. Булар чеккенден кийин өзүн жоготуп коёт экен. Ошондуктан тургундар үчүн өтө коркунучтуу болуп калды. Балдарды эшикке чыгара албай калдык. Мына, бул көпүрөнүн алдын карагыла, таштандыга толгон. Бул жак наркоэпидемиядай эле болуп кетти",- деди айыл тургуну.

Ал милиция кызматкерлери жүргүзгөн рейддерден кийин айылда абал бир аз тынчый түшкөнүн кошумчалады.

"Бул дагы милиция тазалап койгондон кийин. Учурда бир аз тынч болуп калды. Алар түнү менен рейд кылып жатышат. Мага бир жолу бирөө кол салды. Бир аз тартыштык, дароо милицияны чакырып, салып бердим. Мына бул көчө толугу менен эле "закладчиктердин" жерине айланып кеткен. Үй жактан карап турсаң чукулап отургандарын көрөсүң. Арасында эми 15-16 жаштагы балдар, кыздар бар. Бул жашка да карабайт экен. 55-60 жаштагы кишилерди да көрдүм. Чоң эле аялдар, эжелер жүрөт",- деди ал.

Тургундар жүздөрүн көрсөтүп, аты-жөнүн ачык айтуудан кооптонуп турушту. Алар маңзатка байланыштуу көйгөй тууралуу ачык сүйлөгөндөргө карата коркутуп-үркүтүүлөр болуп жатканын айтууда. Айрыкча ата-энелер балдарынын коопсуздугу үчүн кабатыр болуп турат.

a man in balaclava
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Айыл тургуну

"Кымбат унаалар менен келишет. Ар кайсы жерди казышат. Алгач биз эмне болуп жатканын түшүнгөн жокпуз. Акырындык менен шектене баштадык. Эми чара көрүүгө аракет кылып жатабыз. Бул чындыгында коркунучтуу",- деди дагы бир айыл тургуну.

"Бизге эле эмес, балдарга да коркунуч туудурат экен. Эшикке чыккандан, ары-бери баскандан, эртең менен, кечинде жумушка барып келгенден да коркуп калдык. Балдарды мурда дүкөнгө, ар кайсы жакка жалгыз эле жиберчү элек. Азыр эшикке чыгарбай калдык. Минтип силерге сүйлөп бергенден да коркуп турабыз. Алар кандай абалда, кандай маалда келери белгисиз. Аябай эле кооптуу болуп калды",- деди ал жердеги аялдардын бири.

тургун

"Аял-эркек, жаш-карысына карабай калды. Карасаң, жакшынакай эле адамдар. Келип алып күнү деле, түнү деле казып, издеп жатышат. Канчасын келип милиция кармады. Бирок жеткирүүчү ким экенин таап чыга албай коюшту. Балдарга кыйын болуп жатат. Көчөгө чыгып ойноп жатып эле "момпосуй таап алдык" деп келип калышат. Ачып көрсөк эле, тузга окшош порошок",- деди дагы бир айыл тургуну.

"Аларды кудайдын куттуу күнү көрөбүз. Кармайбыз. Бул эле жерде эмес, ушул айылдын көчөлөрүнүн баарында бар. Коңшу көчөдө туугандарым жашайт, алар да даттанып жатышат. Жаштар келип топтошуп отурат, издешет, казышат. Ошол эле жерлерде биздин балдар ойнойт. Айтор, аралашып эле жатып калдык. Бул абдан кооптуу. Айрыкча түнкүсүн аңдып эле калдык",- деди атын атагысы келбеген дагы бир тургун.

a police officer
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Каныбек Үсөнов

Тиешелүү органдардын маалыматына караганда, бул багытта түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, рейддер өткөрүлүүдө. Синтетикалык баңгизат саткан интернет-дүкөндөр аныкталып, бөгөт коюлууда.

"Кыргызстанда, айрыкча жаштар арасында, жеңил акча табууга кызыгып, мыйзамсыз иштерге аралашкандар бар. Мунун жазасы оор. 5 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган",-деди ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын бөлүм башчысы Каныбек Үсөнов.

Учурда Кожомкул айылынын тургундары мамлекет бул көйгөйгө өзгөчө көңүл буруп, баңгизатка каршы күрөштү күчөтүүнү суранып жатышат. Алар кооптуу көчөлөргө камера орнотуп, жарыктандырууну жакшыртуу зарылдыгын айтышууда.