Иран АКШ менен согушта канчага чейин туруштук бере алат?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
- Author, Саед Джафари, Би-Би-Синин Перс кызматынын саясий серепчиси
- Published
- Окуу убактысы: 5 мүнөт
Иранда жети ай мурда башталган согуш анын экономикасына жана инфраструктурасына олуттуу зыян келтирип жатканына карабастан, Тегеранда чечим кабыл алгандар согушту токтотууга анчалык деле ынтызар эместей.
Балким, Иран АКШ бул тирешүүнүн ыргагын жалгыз өзү гана башкара албай турганын көрсөткүсү келип жаткандыр. Балким, алар АКШ үчүн аскердик, экономикалык жана саясий чыгымдарды көбөйтүп, акыр соңунда Вашингтонду Ирандын айрым талаптарын кабыл алууга көндүргүсү келип жаткан чыгар.
Көп нерсе негизги суроого жооптон көз каранды: Иран бул согушту дагы канчага чейин уланта алат?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Иран дагы канча убакытка чейин аскердик кысым көрсөтө алат?
АКШ менен Израил Ирандын коргонуу тармагын жана анын ракеталарды чыгарган ишканаларын бутага алып, сокку уруп жатат. Бул жаатта кандай зыян келтирилип жатканына эч кандай көз карандысыз баалоо жүргүзүлө элек. Chatham House изилдөө борбору бул темадагы акыркы серебинде Иранда ракеталардын кандай запасы бар экени боюнча ишенимдүү баалоо болбогонун белгилейт.
Ирандын баллистикалык дүрмөттөрүнүн толкуну барган сайын азаюуда. Бирок Ирандын согушту улантуу жөндөмдүүлүгү баллистикалык ракеталар менен гана өлчөнбөйт. Себеби, Иранда дрондор жана канаттуу ракеталар бар, аларды оңой жана тез өндүрө алат. Каза болгон командирлердин ордуна жаңылары келди, командалык түзүм жабыркаган жок.
АКШдагы Жорж Вашингтон университетинин эл аралык мамилелер боюнча окутуучусу Мохамед Гаэди Би-Би-Синин Перс кызматына берген маегинде буларды айтты: "Иран ракеталарды учуруу жөндөмдүүлүгүн көпкө чейин сактай алат жана Ормуз булуңундагы кемелерге дагы деле зыян келтириши мүмкүн".
Ирандын бийлигинде чечим кабыл алып жаткандар согуш канчалык узакка созулса, АКШга ошончолук көбүрөөк зыян келет деп эсептешет. Ирандын ракеталарынан жана дрондорунан коргонуп жатып, АКШ абадан коргонуу системасынын запастарын түгөтүүдө жана айрым баалоолор боюнча, бул запастарды тез арада калыбына келтирүү мүмкүн болбойт.
"Бул согуштун мунайдын баасына тийгизген таасири жана АКШдагы ички саясий көз караштар Тегеранда Вашингтонду өзүнүн айрым талаптарын кабыл алууга көндүрө алат деген үмүттү пайда кылууда", - дейт Мохамед Гаэди. Ооба, республикачыл партиянын тарапкерлери президент Трампты мурдагыдай эле колдошууда, бирок сурамжылоолор көрсөткөндөй, жалпысынан америкалыктар бул согушка терс көз карашта жана Трамп өз максаттарына жетпей жатат деп ойлошот.
Эгерде Тегерандын эсептөөлөрү туура болсо, анда максат АКШга аскердик зыян келтирүү эмес. Узакка созулган жана кымбатка турган согуштун өзү кысым жасоонун каражатына айлана алат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Ирандын экономикасы канча убакытка туруштук бере алат?
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Согуштук аракеттер башталганга чейин эле Ирандын экономикасына инфляция, инвестициялардын тартыштыгы, улуттук валютанын кунунун түшүшү жана бардык жерде структуралык дисбаланс коркунуч жаратып келген. Дүйнөлүк банктын божомолу боюнча, 2025-2026-жылдары Ирандын экономикасы болжол менен 2,7 пайызга төмөндөдү.
Согуш болсо өлкөгө жаңы көйгөйлөрдү жаратты. Ирандын Улуттук статистикалык борборунун маалыматы боюнча, 12 айда инфляция 62 пайызды түздү. Баарынан да түштүк провинциялар жабыркап жатат, себеби негизги аскердик жоготуулар ушул аймактарга туура келүүдө. Мисалы, Хормогозан провинциясында инфляция 101 пайыздан ашты.
Согуштун айынан эмгек рыногу бир миллиондон ашуун жумуш ордун жоготту. Ирандын эмгек министринин орун басары билдиргендей, эки миллионго жакын адам жумушсуз калды. Эл аралык валюта фонду 2026-жылы Ирандын экономикасы 5,4 пайызга кыскарып, инфляция 69 пайызга жетет деп эсептейт.
Согуш улана берсе, аны менен бирге соода да токтоп, мунайдан киреше түшпөй калса, бул өлкөгө эбегейсиз чоң зыян келтирет. Ормуз кысыгы Ирандын өзүнүн экономикасы үчүн кысым көрсөтүү каражаты да, талуу жери да болуп саналат: ал АКШ жана дүйнөлүк энергетика рыноктору үчүн чыгымдарды көбөйтүүдө, бирок америкалык кемелердин Ирандын портторун блокадалоосу Ирандын өзү үчүн мунай ташуу ишин кыйындатып жатат.
Ошентсе да, экономикалык кысым сөзсүз түрдө эле өзгөрүүлөрдү көздөбөйт. Жорж Вашингтон университетинен Мохамед Гаэди авторитардык режимдер өтө оор экономикалык шарттарда да жылдар бою тиреш ичинде жашай берерин эске салды. Инфляция, жумушсуздук жана түзүмдөгү кемчиликтер элдин кыжырын келтириши мүмкүн, бирок Тегерандын аскердик саясаты мындан өзгөрүп кетпейт. Масштабдуу нааразычылыктар башталбаса же өкмөттүн өзүндө бөлүнүп-жарылуу болбосо, авторитардык режимдин кылы да кыйшайбайт.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Тегерандагы талаштуу маселе: согушту канчага чейин улантууга болот?
Согуш канчага чейин созулушу керектиги боюнча Тегеранда бир пикир жок.
Иран парламентинин спикери Мохамед Багер-Галибаф сүйлөшүүлөрдү четке кагып жаткан оппоненттерди сынга алып, бул согушта акыркы күч калганга чейин тирешүүнүн кажети жоктугун эскертти.
Иран парламентинин консерватор депутаты Амирхоссейн Сабеди АКШ тынчтык келишимине кол коюу үчүн Ирандын бардык талаптарын кабыл алган күндө да, жаңы согуш чыкпайт деген кепилдик жок экенин билдирди.
Бул жаңжалды "согуш үчүн" жана "тынчтык үчүн" деген эки лагердин тиреши катары карабаш керек. Галибаф Ирандын укуктарын камсыз кылбаган келишимди кабыл албай турганын кошумчалады. Бул тирешүү Иранга кандай жаңы рычагдарды берет жана кайсы учурда чыгымдар пайдадан ашып кетет – маселе мына ушунда.
Карапайым эл кандай ойдо? Согуш боюнча көз карандысыз жана ишенимдүү коомдук сурамжылоолор жүргүзүлгөн жок, социалдык тармактарда жазылган пикирлерди жалпы коомдун көз карашы катары кабылдоого да болбойт.
Иран боюнча эксперт, Германиянын Эл аралык мамилелер жана коопсуздук маселелери боюнча институтунун изилдөөчүсү Хамидреза Азизи Би-Би-Сиге берген маегинде Ислам Республикасы үчүн эң коркунучтуусу ички фронт болушу мүмкүн дейт. Буга экономикадагы жана инфраструктурадагы көйгөйлөр себеп болмокчу.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Мунаса табууга мажбурлаган согуш
Узакка созулган согуш Иран үчүн регионалдык көйгөйлөрдү да жаратууда. Иран буга чейин Перс булуңундагы араб өлкөлөрү, айрыкча Сауд Аравиясы менен мамилелерди калыбына келтирүүгө аракет кылып келаткан. Аскердик базаларды, инфраструктураны жана деңиз жолдорун аткылоо канчалык узакка созулса, аларды калыбына келтирүү ыктымалдуулугу да ошончолук аз болот.
Ирандын коңшулары бул тирештен оолак болуп, сүйлөшүүлөргө кайтууга аракет кылышууда. Бирок алар өздөрүн Ирандын же аны менен байланышкан күчтөрдүн буталары катары сезип жаткан чакта АКШ менен коргонуу союздарын бекемдеп алуу азгырыгы ошончолук артып жатат.
Узакка созулган согуш америкалыктарга канчалык көп түйшүк алып келсе, Тегеран үчүн бул саясий утуш болот. Иран согушту токтотууга кандай учурда макул болору жана мындай макулдашууга кантип жетиш керектиги дагы деле түшүнүксүз.
"Ирандын стратегиясында бир кемчилик бар – согуш учурунда колуна тийген рычагдарды алар кантип узак мөөнөттүү саясий келишимге айландырарын билишпейт. Тегеран глобалдык энергия менен камсыздоону үзгүлтүккө учуратып, АКШ менен анын союздаштарына финансылык зыян келтире аларын далилдеди. Бирок ал Америка жана Перс булуңундагы өлкөлөр менен канча убакытка чейин тиреш абалында кала берери түшүнүксүз", - деди Хамидреза Азизи.
Азырынча эч кандай аскердик, экономикалык же саясий чыгымдар Иранды согуш жолунан кайтара алган жок. Бирок согуш канчалык узакка созулса, бул көйгөйлөр ички экономикага жана кошуналар менен болгон мамилелерге ошончолук олуттуу таасирин тийгизе берет. Демек, барган сайын бул жоготуулардын ордун толтурууга мүмкүндүк берген келишимди түзүү да ошончолук кыйын болот. (ZMa)
































