Аскер прокуратурасы УКМКнын бир канча кызматкери кармалганын билдирди

Сүрөттүн булагы, official
УКМКнын бир катар жооптуу кызматкерлери кармалганын 14-апрелде Аскер прокуратурасынан билдиришти.
"Аскердик прокуратурасы тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында КР УКМКнын жооптуу кызматкерлери кармалды. Тергөө маалыматтарын ачыктоого жол берилбегендиктен, башка маалыматтарды билдирүү мүмкүн эмес" деп айтылат билдирүүдө.
10-апрелде да Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет учурда иштеп жаткан үч кызматкери кармалганын маалымдаган.
Айрым маалымат каражаттары УКМКнын башчысынын мурдагы орун басарлары - Тимур Шабданбеков жана Даниэль Рысалиев кармалганын жазышууда. Рысалиев да, Шабданбеков да 10-февралда Камчыбек Ташиев кызматтан алынган күнү отставкага кетирилген.
Баш прокурор Максат Асаналиев 9-апрелде парламентте баяндама жасап жатып, УКМК кызматкерлеринин үстүнөн жазылган 386 арыз-даттануулар түшкөнүн жана иликтенип жатканын билдирген. Бул даттануулардын алкагында Аскер прокуратурасы тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, коррупция жана пара алуу фактылары боюнча кылмыш иштери козголуп жатат.
Башкы прокуратура ар бир кылмыш ишинин үстүнөн көзөмөл жүргүзөт. Бул кылмыш иштеринде мынчасы мамлекетке, мынчасы жеке чөнтөккө кетти' деген так маалыматтар болгон эмес. Бул кызматкерлер "мамлекетке өндүрөбүз" деген терини жамынып алып, өздөрүн да унуткан эмес", - деген Асаналиев.
10-февралда президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Ал кызматтан алынгандан бери Ташиев башкарган кездеги УКМКнын кызматкерлерин рейдерликке жана башка мыйзамсыз иштерге айыптаган арыздар жазылып, билдирүүлөр жарыяланган.




























