Чыңгыз Айдарбеков депутаттык мандатты берүүнү талап кылып БШКга кайрылды

Чыңгыз Айдарбеков

Сүрөттүн булагы, Offricial

Окуу убактысы: 2 мүнөт

Бүгүн, 13-апрерлде Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Чыңгыз Айдарбеков Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) расмий арыз менен кайрылды. Ал №21 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча бош калган депутаттык мандатты ага өткөрүп берүү процесси негизсиз создуктурулуп жатканын билдирди.

Айдарбеков БШКнын Ички иштер министрлигинен жана Тышкы иштер министрлигинен "кошумча маалыматтарды күтүп жатабыз" деген жүйөсүн мыйзамсыз деп эсептейт.

"Колдонуудагы мыйзамдарда жана КР БШКнын Жоболорунда текшерүүдөн өткөн жана тизмеде расмий катталган талапкерге карата «маалыматты тактоо үчүн мандат берүүнү токтото туруу же создуктуруу» сыяктуу процессуалдык аракет каралган эмес. Бардык текшерүү иш-чаралары талапкерлердин тизмесин каттоо стадиясында жүргүзүлөт. Мамлекеттик органдар жана алардын кызмат адамдары Конституцияда жана мыйзамдарда так көрсөтүлгөн гана ыйгарым укуктарга ээ. КР БШКда тиешелүү ченемдик укуктук актылар менен тастыкталган мыйзамдуу негиздер жок туруп, мандатты өзүм билемдик менен кармап туруу укугу жок" деген Айдарбеков БШКга жазган арызында.

10-мартта талган округдан шайланган депутат Куванычбек Конгантиев өз каалоосу менен мандатын тапшырган. Мыйзамга ылайык жана тизмедеги кезекке ылайык, бул мандат кийинки талапкер - Чыңгыз Айдарбековго берилиши керек. Бирок, БШК бүгүнкү күнгө чейин расмий чечим чыгара элек жана мандат берүү процессин токтотуп турат.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү Айдарбеков боюнча соттуулугу жана кылмыш иши бар - жогун тактоо максастында Ички Иштер министрлигинен маалымат күтүп жатышканын билдиришкен.

"Ички иштер министрлигинен маалымкат келе элек. Талапкер болгондо текшерген эмес белеңер деп да сурап жатышат. Ал убакта деле текшергенбиз. Тартип ошондой, шайлоо бүткөн маалда биз ошол текшерүүбүз менен эле мандатын бере беребиз. Ал эми кийин келип, мандат алып жаткандарды кайрадан ИИМден тактайбыз. Мисалы, азыр Бекмурза Эргешев деген депутаттын үстүнөн да анын соттуулугу тууралуу арыз түшкөн. Ал боюнча дагы ИИМден маалымат күтүп жатабыз", - деген Узарбек Жылкыбаев.

БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров да буга чейин №21 округ боюнча тактай турган жагдайлар бар экенин белгилеп, бирок кенен маалымат берген эмес.

Ички иштер министрлиги да Айдарбеков боюнча маалымат бере элек.

Чыңгыз Айдарбеков былтыркы парламенттик шайлоого Бишкектеги №21 шайлоо округунан катышып, эркек талапкерлер арасынан Жаныбек Абиров менен Куванычбек Конгантиевден кийин келип, 6259 (15,7%) добуш алган.

№21 шайлоо округунан шайланган Куванычбек Конгантиев 10-мартта мандатын тапшырган. Андан бир күн мурун социалдык тармактарда анын жана жакындарынын активдери, мүлктөрү жана байланыштары тууралуу видео тараган. Көп өтпөй ал "жер тилкелери боюнча мыйзамсыз схемаларды уюштурган" деп шектелип, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камалган.