Апасы менен алтынчы кабаттан кулап түшкөн төрт жаштагы кыз комадан чыкты

комадан чыккан кыз

Сүрөттүн булагы, Akipress

Окуу убактысы: 1 мүнөт

Апасы менен алтынчы кабаттан кулап түшкөн төрт жаштагы кыз комадан чыкты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

"Бейтаптын абалы стабилдүү, анын даарылануусу жана саламаттыгына адистер байкоосун улантууда", - деп жазды Фейсбук баракчасына аталган министрликтин басма сөз кызматкери Жылдыз Айгерчинова.

Өткөн ишемби күнү Бишкеги Жал кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн алтынчы кабатынан 28 жаштагы Элвина Атабек кызы аттуу келин эки баласы менен кошо кулап, өзү каза таап, беш айлык чүрпөсү да чарчап калган. Төрт жаштагы кызы оор абалда ооруканага жеткирилип, комада болчу.

Бөбөктүн акыбалы саламаттык сактоо министринин көзөмөлүндө.

Каза тапкан жаш келин узак убакыт үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыгы болгону айтылууда. Маркумдун жолдошу ага психологиялык эле эмес, физикалык да зомбулук көрсөтүп келгенин келиндин туугандары айтып чыгышты.

Эне-баланын өлүмү боюнча кармалган шектүүнүн бөгөт чарасы каралып, А. М. А. эки айга камалды.

Бул тууралуу Би-Би-Сиге Бишкек шаардык сотунан кабарлашты. Маалыматта Ленин райондук соту райондук тергөө кызматынын өтүнүчүн канааттандырып, маркум Элвина Атабек кызынын жолдошунун 4-июнга чейин камакка алганы айтылат.

6-апрелде Элвинанын жаназасы окулуп, ал беш айлык чүрпөсү кошо жерге берилген.

Ички иштер министрлиги кабарлагандай, Кыргызстанда 2025-жылы (12 айда) ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо электрондук журналына 22 миң 152 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган.

Бул 2024-жылга салыштырмалуу 28% же 4836 фактыга көп.

2025-жылы 25-декабрда ИИМдин коомдук коопсуздук кызматынын үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу бөлүмүнүн башчысы Данияр Сапарбаев 2025-жылы үй-бүлөлүк зомбулуктан 31 адам ажал тапканын билдирген.