"Аскердин абалы оор": "Эркештам" өткөрүү пунктунда жоокер өзүн-өзү атып алганы кабарланды

Окуу убактысы: 1 мүнөт

"Эркештам" өткөрүү пунктунда кызмат өтөп жаткан аскер өзүн-өзү атып алганы тууралуу кабар тарады. Маалыматты Аскер прокуратурасы Би-Би-Сиге тастыктады.

Аскер прокурорунун улук жардамчысы Эмир Бекжанов билдиргендей, окуя кечээ болгон. Учурда тергөөгө чейинки текшерүү жүргүзүлүп жатат жана анын жыйынтыгы менен укуктук баа берилет.

Айтымында, жоокердин өзүн-өзү атып алганы аскер кызматына түздөн-түз байланыштуу эмес.

Жабырлануучу учурда Алай райондук ооруканасында жатат, абалы оор деп бааланууда. Ал контракттык негизде кызмат өтөп жаткан.

Чек ара кызматы кошумча маалымат таратып, 2004-жылы туулган И. уулу А. аттуу аскер кызматкери АК-74 автоматы менен өзүн-өзү башка атканын билдирди.