Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты мандатын тапшырды

Окуу убактысы: 1 мүнөт

Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты Абдылдабек Эгембердиев мандатын тапшырды. Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 8-апрелдеги жыйынында анын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу чечимин кабыл алды.

БШКнын маалыматына караганда, ал жеке арызынын негизинде ыйгарым укуктарынан баш тарткан.

Эгембердиев №19 көп мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңешке депутаты болуп шайланган.

Эгембердиев мандатын тапшырып кеткен тогузунчу депутат болуп калды. Буга чейин да парламенттин төрагасы баш болуп, кеминде сегиз депутат мандатын тапшырып кеткен.

Баары "өз каалоом менен" деп арыз жазганы менен, бир да депутат эмне себептен кетип жатканын так жана ачык түшүндүргөн жок. Бирок коомдо алардын кетишин 75 кишинин каты менен байланыштырууда.

Алгачкылардан болуп Элдар Сулайманов депутаттык креслодон баш тартты. Анын аты буга чейин да коомчулукта талкууга түшүп, мурдагы жубайы тарабынан үй-бүлөлүк зомбулукка айыпталып келген.

Андан кийин Нурланбек Тургунбек уулу Жогорку Кеңештин төрагалыгынан кетип, көп өтпөй депутаттык мандатынан да баш тартты.

Ал муну ден соолугу менен байланыштырып, эч кандай саясий интригаларга аралашпаганын "Фейсбук" баракчасына жаза кетти. 23-февралда дагы бир депутат Кундузбек Сулайманов мандатын тапшырган. Учурда ал Камбар-Ата-1 ГЭСине байланыштуу ири мыйзам бузууларга шектелип, камакта.

10-мартта БШК Куванычбек Конгантиевди мандатынан ажыраткан. Расмий маалыматта ал өз каалоосу менен арыз жазганы айтылган. Бирок ага чейин интернетте Конгантиевдин ишмердигине байланыштуу видео тарап, анда ал мыйзамсыз жол менен эбегейсиз мал-мүлк топтогону маалымдалган. Көп өтпөй ал кармалып, эки айга камакка алынды. Болуп өткөндөр боюнча өзү үн каткан жок.

Депутаттык мандатын Курмункул Зулушев да тапшырды. Ал буга байланыштуу ак да, көк да деген жок. Зулушев депутат кезинде Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар боюнча комитетин жетектеп турган. Бул 75 кишинин парламентке түштү делген каты каралышы мүмкүн болгон негизги комитет болгон.

Мандатын тапшыргандардын арасында Шайырбек Ташиев да бар. Ал бул чечимин өлкөдөгү туруктуулук, тынчтык менен байланыштырды.

Ага чейин медиада Шайырбек Ташиевдин суракка чакырылганы кабарланып, андан тышкары чет өлкөдө кумар ойноп, 1 миллион доллардан ашуун сумманы уттуруп жибергени тууралуу видеолор тараган.

Ички иштер министрлиги "Кыргызнефтегаз" ачык акционердик коомундагы коррупциялык фактылар боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 1-апрелде Шаирбек Ташиевди камакка алган.

Андан сырткары, Нурланбек Азыгалиев жана Гүлсүнкан Жунушалиева да өз каалоосу менен Жогорку Кеңештен кеткен.