Жалал-Абадда полковник жана тергөөчү пара алып жаткан жеринен кармалды

Жалал-Абадда полковник жана тергөөчү пара алып жаткан жеринен кармалды

Сүрөттүн булагы, Official

Окуу убактысы: 1 мүнөт

Жалал-Абад Облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчи орун басары, полковник К.К.И. жана Тергөө кызматынын тергөөчүсү, майор Т.А.Ж. пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы маалымат таратты.

Тергөө маалыматына ылайык, алар жарандардан текшерүү иштерин токтотуп жана кылмыш ишин козгоодон баш тартуу үчүн 2000 АКШ долларын талап кылышкан. Шектүүлөрдү кармоо Ички иштер башкармалыгынын имаратында жүрдү, алар 170 миң сом алып жаткан учурда 15-апрелде колго түштү.

Атайын кызмат кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин, тергөө иштери жүрүп жатканын билдирди.

Атайын кызмат бүгүн тараткан маалыматка ылайык, Бишкек ШИИБдин Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын инспектору, милициянын лейтенанты А.Б.Ш. да пара алып жаткан жеринен кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

УКМК бул кармап-камоолор Ички иштер органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө ишке ашырылып жатканын билдирди.