Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстанда экономика 2026-жылы 8,9% түзөрүн болжоп жатат

Сүрөттүн булагы, Official
Азия өнүктүрүү банкынын апрелдеги "Азиянын өнүүгүүсүнө сереп" баяндамасында кийинки жылы өлкө экономикасынын өсүшү 8,9% түзүшү мүмкүндүгү айтылат.
Аналитиктердин баалоосунда 2025-жылга салыштырмалуу өнүгүү темпи жайлайт, былтыр экономиканын өсүшү 11,1% жеткен эле.
Ал эми 2027-жылы өсүш 8,4% түзөрү күтүлүүдө.
Экономиканын негизги кыймылдаткычы ички суроо-талап болот, ага акча которуулар, 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасынын алкагындагы мамлекеттик инвестициялар кирмекчи. Ошол эле маалда курулуш жана соодада активдүүлүк жайлашы мүмкүн экени белгиленет.
Азия өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы директору Чжэн Ву өлкө орто аралыкта экономикасынын өсүшүн сактай алат деп билдирди. Анын айтымында, бул үчүн жеке тармактын ролун көтөрүү керек жана инвестициялык климатты жакшыртуу үчүн түзүмдүк реформаларды жасаш керек.
Прогнозго ылайык, инфляция былтыркы жылдагы 8,2% көрсөткүчтөн 2026-жылы 10,3% өсүшү мүмкүн. Бирок 2027-жылы кайра 8,5% түшүшү ыктымал.
Баалардын өсүшүнө ички жогору талап, электр энергиясына жана жылуулукка карата тарифтердин жогорулашы тааасир этет, ошондой эле акча алмаштыруудагы олку-солкулук таасирин берет.
Аталган банк геосаясий жактан орун алып жаткан бүдөмүктүк жагдайынан улам күйүүчү май отундарын ташуудагы маршруттук өзгөрүүлөр дагы инфляцияга таасир этерин эскертти.
































