Трамп Ирандын сунушун кабыл алып, бомбалоону токтотту. Тегеран Ормуз кысыгын ачууга макул болду

Трамп

Сүрөттүн булагы, EPA

Окуу убактысы: 2 мүнөт

АКШ президенти Дональд Трамп Тегеран Ормуз кысыгын ачса, Иранды бомбалоону эки жумага токтотууга макул болгонун жарыялады. Иран өз кезегинде ок атышууну токтотууга макул экенин ырастады, бирок бир катар шарттарды койду. Израил ок атышууну колдоду, бирок анын Ливанга тиешеси жок экенин билдирди.

"Мен Иранды бомбалоону жана кол салууларды эки жумага токтотууга макулмун", - деп жазган Трамп социалдык тармактардагы баракчасына.

Ал Ирандан "10 пункттан турган сунуш" алганын, аны "макулдашууга жетүүгө мүмкүн болгон документ" деп эсептей турганын айткан. Трамп бул эки жума акыркы келишимге жетүү үчүн зарыл экенин кошумчалаган.

Эгерде Иран дүйнөдөгү мунайдын жана суюлтулган жаратылыш газынын болжол менен 20%ы өткөн Ормуз кысыгын ачуудан баш тартса, Трамп Ирандын жарандык инфраструктурасын, анын ичинде көпүрөлөрдү жана электр станцияларын бомбалап, ал тургай "иран цивилизациясын" жок кылам деп коркуткан эле.

Бул ультиматумдун мөөнөтү 8-апрелде Гринвич убактысы боюнча саат 01:00дө бүтмөк. Трамп "ок атышууну токтотуу" тууралуу билдирүү жасаган учурда бул убакытка бир сааттай гана калган.

Ортомчу катары чыккан Пакистан АКШ менен Иранга тынчтык сунушун бергенин акыркы сааттарда жарыялады. Ал сунуш боюнча Вашингтон эки жумага бомбалоону токтотуп, Тегеран Ормуз кысыгын ачышы керек болчу.

Трамп өз билдирүүсүндө Пакистандын премьер-министри Шехбаз Шариф жана фельдмаршал Асим Мунир менен сүйлөшкөнүн айтып, алар аны "бүгүн кечинде Иранга каршы колдонулчу кыйратуучу күчтү токтото турууга" чакырганын билдирди.

"АКШ менен Ирандын ортосундагы мурда болгон ар кандай талаш-тартыштуу маселелердин дээрлик баары чечилди, эки жумалык мөөнөт келишимди аягына чыгарууга жана ишке ашырууга мүмкүндүк берет", - деп жазган президент.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Трамптын жарыясынан бир сааттай өткөндөн кийин, Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Жогорку Улуттук коопсуздук кеңеши менен биргеликте Тегеран эки жумалык ок атышууну токтотууга жана Ормуз кысыгы аркылуу кемелердин өткөрүүгө макул болгонун жарыялашты.

Аракчи кемелер "Ирандын Куралдуу күчтөрү аркылуу координацияланып, техникалык чектөөлөрдү эске алуу менен" мүмкүн болорун белгиледи.

Ирандын мамлекеттик телеканалы Трамптын билдирүүсүн дароо жарыялап, кырдаалды төмөнкүдөй чагылдырды:

"Трамп согушту токтотуу үчүн Ирандын шарттарын кабыл алып, эки жумага ок атышууну токтотту". Ошондой эле анын билдирүүсүн "Иранга каршы риторикадан артка чегинүү" деп атады.

Пакистандын премьер-министри Шехбаз Шариф ок атышууну токтотуу "ДАРОО" күчүнө киргенин жарыялады. Ал тараптар Трамптын ультиматумунун мөөнөтү бүтөөрүнө 10 мүнөт калганда чечимге келишкенин айтты.

Ошого карабастан, учурда АКШнын өнөктөштөрү болгон Израил, Бириккен Араб Эмираттары жана Сауд Арабиясында аба чабуулу коркунучу тууралуу сигналдар угулуп жатканы кабарланды. Израил армиясынын маалыматына караганда, алар Ирандын ракеталык чабуулдарын тосуп жатат, ал эми Перс булуңундагы мамлекеттерге ракеталар гана эмес, дрондор да чабуул коюп жатышат.

Израил өкмөтү расмий позициясын бир нече сааттан кийин жарыялады. Буга чейин Израилдин ок атышууну токтотууга макул болгону Ак үйдүн билдирүүсүнөн гана белгилүү болгон.

Нетаньяхунун өкмөтүнүн билдирүүсүндө Израил Трамптын Иранга сокку урууларды эки жумага токтотуу чечимин колдой турганы, бирок Иран дароо "кысыктарды" (эмне үчүн көптүк түрү көрсөтүлгөнү ачыкталган эмес) ачып, АКШга, Израилге жана аймактагы өлкөлөргө чабуулдарды токтотушу керек экени белгиленген. Билдирүүдө эки жумалык ок атышууну токтотуу Ливанга тиешелүү эмес экени айтылган.