Чоң-Гара жана Таш-Төбө айылдарынын тургундары кыргыз жарандыгын алууда

Сүрөттүн булагы, Official
Баткен облусунда Өзбекстандан Кыргызстанга өткөн Чоң-Гара жана Таш-Төбө айылдарынын тургундарына кыргыз жарандыгын алуу үчүн документтерди кабыл алуу дагы бир жумага узартылды. Бул тууралуу Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Облус башчысы Мамыржан Рахимов аталган айылдардын тургундары менен жолугуп, жарандык алуу жана тиешелүү документтерди даярдоо маселелерин талкуулады.
Жарандардын маселелерин ыкчам чечүү жана документтештирүү иштерин сапаттуу жүргүзүү боюнча тиешелүү кызматтарга бир катар тапшырмаларды бергени айтылат.
Маалыматка караганда, Чоң-Гара айылында жалпы 1 492 тургун жашайт. Алардын 139у Кыргызстан жарандары. Бүгүнкү күнгө карата 1 147 жарандын кыргыз жарандыгын алуу боюнча документтери кабыл алынды.
Таш-Төбө айылында жалпы 466 тургун бар, алардын 116сы Кыргызстан жараны болсо, 207 кишинин, кыргыз жарагандыгын алуу боюнча документтери кабыл алынды.
Мындан тышкары, жолугушууда айыл тургундары тарабынан социалдык маселелер, анын ичинде калкты тиешелүү кызматтар менен камсыз кылуу жана күнүмдүк көйгөйлөргө байланыштуу бир катар маселелер көтөрүлдү.
Облус башчысы айтылган маселелер боюнча жооптуу жетекчилерден маалымат алып, аларды мыйзам чегинде жана мүмкүнчүлүккө жараша ыкчам чечүү зарылдыгын белгиледи.
























