Кара-Кой жайлоосу. Туризмди алга сүрөгөн аялдар

Сүрөттүн булагы, COLLAGE
Ош облусунун Ноокат районундагы Кара-Кой жайлоосунда дээрлик ар бир экинчи кожолук конок тосуп иштейт. Бирок көпчүлүгү турист тосуу стандарттары менен анча тааныш эместигин адистер айтууда. Акыркы учурларда аталган жайлоого келген туристтердин агымы көбөйгөндүктөн мындагы ишкер айымдар түрдүү долбоорлорго катышып, өз көндүмдөрүн жакшыртып жатышыптыр. Биз алардын айрымдарын кепке тарттык.
Гүлчырай, Гүлсара, Гүлира жана Айжаркын Ноокат районундагы Кара-Кой жайлоосунда конок үй иштеткен ишкер айымдар. Алар Кыргызстандын туризм тармагын өнүктүрүүгө опол тоодой салым кошсок деген кыял менен жашашат. Маселен Айжаркын 33 жашта ишкерликтин изги жолуна түшкөн. Ал жайлоонун чокусуна алты боз үйдү куруп, конокторду тосууда.

"Негизи өзүм бул жерде күч келгенде курулуш деле кылам. Иштейм деген аял курулушту деле жасайт. Бул жактан малды деле саап карайбыз. Кандай иш болбосун аялдар кылабыз. Кечээ келгениңерде бул жердин мыгын кагып, курулуш кылмакпыз. Биз жайлоого чыгып, мал саап, каймак, сары май кылып, туугандарга берет элек. Эми азыр минтип туризм өнүгүп, андай нерселерди кылбай калдык, мал карабай калдык. Карагандар бар, бирок аз".
"Декретте болсом да ишкердикти улантып жатам"
Гүлчырай болсо беш баланын энеси. Ал алгач өз үйүндө конокторду тосуп келсе, азыр түрдүү долбоорлорго катышып, эки боз үй алыптыр. Анын айтымында, бул иш балалуу энелер үчүн да ыңгайлуу.

"Декретте жөн отурбай конокторду тейлеп, колубуздан келишинче аракет кылып жатабыз. Учурда эки боз үй жана баня иштетем. Конок тосуу дагы өзүнчө адамдын хоббиси десек болот. Ошол коноктор келип, сага рахматын айтып, тамагыңыз даамдуу болуптур дегенде өзүңдү бактылуу сезесиң. Декретте отурсаң дагы, жаш балаң болсо да, өзүңдүн сүйгөн жумушуң болгондуктан анын оорчулугу тийбейт".
"Этно стилдеги эс алуу жайын иштетем"
Ал эми Гүлсара айымдын конок үйү этно стилде. Анын ичиндеги ар бир буюм нукура, дубалдары болсо кадимки ылай менен шыбалган. Керебеттери жыгачтан жасалган, сырдалбаган. Себеби акыркы учурда нукуралуулукка басым жасап, ден-соолук үчүн табият койнуна качкандар көп дейт ишкер айымдар.

"Бөлмөлөрдү этно стилде жасаганга аракет кылдык. Дубалдары кадимки эле ылай шыбак. Бул дем алганга жакшы. Адамды аябай эс алдырат экен. Керебеттерибиз жыгачтан жасалган. Стол, стулдар баары жыгачтан".

"Ден-соолугума байланыштуу Кара-Койдо калдым"
Элүү эки жаштагы Гүлира Балтабаева Кара-Койго эс алууга келип, ошол бойдон ишкер болуп калып калган.

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
"Мен өзү көп жыл Бишкекте жашадым. Анан ден-соолугума байланыштуу ушул жерге келип калдым. Ушундай башым ооруйт эле. Көп нерселер жоголуп, бул жакта жеңил, жакшы жүрөм. Ошол. Аллах Тааланын кудурети менен бул жерге келип калдым. Ден соолугум үчүн келдим. Ушул жерди өнүктүрүшүм керек экен, коноктор келип сурап жатат деп ушул боз үйлөрдү алдым. Боз үйлөрдөн кийин тапчан, анан мындай коттедж салдык. Бул каражаттар өзү эле келбейт экен. Бул каражаттарды табууга жолдошум, балдарым жардам берди. Анан бул жерден тапкан акчадан кошуп отуруп, ушинтип кеңейтирип жатабыз".
Конок тоскон ишкер айымдардын ар бири Өзбекстандан келгендердин саны арбын экенин айтып жатышты. Ар бир ишкер айымдын конок үйүндө бирден же экиден өзбекстандык турист бар экенине күбө болдук. Бул көрүнүштү статистикалык маалыматтар да тастыктап турат. Өзбекстандын Улуттук статистика комитетинин 2025-жылдагы маалыматына ылайык, өткөн жылы Кыргызстанга 3 миллиондон ашуун өзбекстандык турист келген. Маргаландан келген Инобат айым Кара-Койдо үй-бүлөсү менен эс алып жатыптыр.

"Үй-бүлөбүз менен жети киши болуп келдик. Эс алып жатабыз. Өтө сонун жерлер экен. Буйруса көп келип турабыз. Кыялданып отурабыз. Таза абасы, кооз тоолору, суулары жакты. Адамдары да аябай кичипейил экен. Келгенибизде аябай жакшы тосуп алышты. Сонун эс алып жатабыз".
"Жаратылышты сактоо вазыйпасы да оорлошууда"
Мында жергиликтүү тургундардын ар бир экинчиси турист тосуп иш кылса, сырттан келип ишкердик кылгандар да арбын. Кыргыз-Ата жаратылыш паркынын кызматкери Абжал Бөрүбаевдин айтымында, туризм тармагында ишкердикке кызыккандар көбөйүп, ошого жараша жаратылышты сактоо вазыйпасы да оорлошууда.

"Экологдор менен бирге иштейбиз. Буларга келип түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз. Туристтер 2023-2024-2025-жылдары көбөйдү. Мурунку жылдары мынчалык эмес эле. Ижарачылар аркылуу туристтерди тосуп алуу шарттары да жакшырууда. Биринчиден, мына коттеджде бардык шарттары бар. Боз үйлөрдө да ошондой болуп жатат. 2025-жылдан баштап чыныгы боз үйлөрдү куруу боюнча биздин райондон токтом, буйрук чыккан. Ошолор боюнча да эскертүүлөрдү берип жатабыз. Көп ишкерлер чыныгы боз үйлөрдү алып келип тигип жатышат. Мурунку темирден жасалган боз үйлөрдү алып салышты".
"Ишкер айымдар кооператив түзсөк дейбиз"
Кара-Койдогу туризмди өнүктүрүүгө салым кошуп жаткан айымдар мындан ары атайын кооператив түзүп, түрдүү долбоорлорго катышууга бел байлап жатыптыр. Алар акыркы үч жылда ишкердикти илгерилетүү үчүн "Аялдар тынчтык банкы" фонду уюштурган "Седеп" долбооруна катышууда. "Аялдар тынчтык банкы" фондунун жетекчиси Гүлсана Абытова Кара-Койлук ишкер айымдар сырттан келген конокторду тосууда стандарттарды мыкты өздөштүргөнүн баса белгиледи.
"Кара-Кой жергесиндеги аялдарга туристтик тейлөөнүн сапатын жогорулатып, кызмат көрсөтүүнүн стандарттарын үйрөтүп жатабыз. Тамак-аш берүүнүн стандарттары, туристтердин жатаканасынын стандарттары бар. Ошол эле учурда биздин айымдардын санариптик көндүмдөрүн арттырып жатабыз. Мисалы боз үйлөрүн, коттедждерин видеого жакшы кылып тартып, Инстаграмга чыгарып, ички туристтерди тартуу жолдорун үйрөтүп жатабыз. Ал эми чет элдик туристтер үчүн биздин аялдардын боз үйлөрүн, коттедждерин, конок үйлөрүн bookingcom, tripadvisor, google maps койдук. Ошол санариптик көндүмдөр аркылуу да туристтерди тартууну үйрөтүп келе жатабыз".






























