Трамп Иран маселеси боюнча "акыркы чечим" кабыл алуу үчүн өткөргөн жыйыны майнапсыз аяктады

Trump at the table making "not impressed" face

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Published
Окуу убактысы: 3 мүнөт

АКШ президенти Дональд Трамп жума күнү Иран менен ок атышууну токтотуу тууралуу макулдашууну узартуу боюнча "акыркы чечимди" кабыл алуу үчүн жогорку даражадагы жардамчылары менен жыйын өткөрүп, ал майнапсыз аяктады.

Трамп Иран өзөктүк куралдан баш тарууга, Ормуз кысыгын эч кандай чектөөсү жок эки багытта тең ачууга жана суудагы бардык миналарды жок кылууга макул болушу керек деп айтты.

Бул жолугушуу Ак үйдүн кризис жагдайларда колдонулуучу Кырдаалдар бөлмөсүндө өттү. Иран буга чейин өзүнүн өзөктүк программасы боюнча позициясынан тайбаганын жана ал жарандык гана максаттарда колдонула турганын билдирген.

Бейшемби күнү АКШ бийлигинин өкүлдөрү эки өлкө алдын-ала макулдашууга жетишкенин жана бул келишим Трамп менен Иран жетекчилигинин кароосунан өтүшү керектигин кабарлаган.

Маалыматтарга караганда, аталган келишимде ок атышууну токтотуу режими дагы 60 күнгө узартылып, Ирандын өзөктүк программасы тууралуу сүйлөшүүлөрдүн баштапкы этаптарын өткөрүү макулдашылган.

Ак үйдүн расмий өкүлү CBS News телеканалына: "Президент Трамп Америка үчүн пайдалуу жана ал койгон талаптарды аткарган келишимге гана ыраазы болот. Иран эч качан өзөктүк куралга ээ боло албайт", - деп билдирди.

Ок атышууну токтотуу 8-апрелде күчүнө кирген. Андан бери Трамп АКШ менен Иран келишим түзүүгө жакындап калганын жана сүйлөшүүлөр жылып жатканын бир нече жолу айткан, бирок эч кандай олуттуу жыйынтыктар боло элек.

screenshot

Сүрөттүн булагы, Donald J Trump/TruthSocial

Трамп жума күнү Truth Social коомдук сайтындагы билдирүүсүндө Ормуз кысыгындагы АКШнын деңиз блокадасын алып, ара жолдо калган кемелердин "үйгө алган сапарын улантууга" мүмкүнчүлүк берүүгө даяр экендигин жазып чыкты.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Ал ошондой эле Иран өзүнүн байытылган уран запастарын АКШ тарабынан чыгарып кетүү жана жок кылууга уруксат бериши керек деп талап кылды.

"Биз уруксат бермейинче эч кандай акча алып-берүүлөр болбойт", - деди АКШ президенти. - "Башка алда канча пункттар макулдашылды".

Ирандык Fars маалымат агенттиги өз булактарга таянып, Трамптын акыркы билдирүүлөрүн "чындык менен калптын аралашмасы" деп атады.

Ошондой эле агенттик алдын ала макулдашуу документинде өзөктүк материалдарды жок кылуу боюнча сөз болгон эмес деп билдирди.

Ал эми Ирандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Исмаил Бакаи мамлекеттик телеканалга берген маегинде өлкө бийлиги "согушту токтотууга бардык аракетин жумшап жатканын жана өзөктүк маселе боюнча эч кандай сүйлөшүүлөр жүргүзбөгөнүн" айтты.

Кошмо Штаттар көптөн бери Тегерандан жогорку деңгээлде байытылган уран өндүрүшүн токтотууну жана өзөктүк курал жасоодо колдонулушу мүмкүн болгон байытылган уран запастарын жок кылууну талап кылып келет.

Өз кезегинде Иран өлкөдөгү өзөктүк программасы тынчтык максатында гана иштеп келгенин айтып, өзөктүк курал жасоого аракеттер болуп жатканын четке кагууда.

Pete Hegseth

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, АКШнын коргоо министри Пит Хегсет

АКШнын коргоо министри Пит Хегсет Иранга каршы соккулар улантылышы мүмкүн болгонун Сингапурдагы коопсуздук саммитинде сөз сүйлөп жатып билдирди. Анын айтымында, Американын Жакынкы Чыгыштагы жана башка аймактардагы запастары мындай операцияга ылайыкташтырылган. "Биз ок-дарыларыбызды толуктап турабыз, ошондуктан ал жактан эч кам санабайбыз", - деди ал.

АКШ менен Израил 28-февралда Иранга сокку урган. Тегеран буга жооп катары Израилге жана Перс булуңундагы Кошмо Штаттардын өнөктөш өлкөлөрүндөгү аскердик жана мунай өндүрүү инфратүзүмүн бутага алып, ошондой эле дүйнөлүк мунай ташуу тармагындагы эн башкы деңиз жолдордун бири болгон Ормуз кысыгын бууп салган. Бул иш-аракеттердин натыйжасында мунай баасы кескин көтөрүлдү.

Бейшемби күнү АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс Тегеран менен сүйлөшүүлөрдө "бир нече пункттар, анын ичинде "уран байытуу маселеси" боюнча кызуу талкуулар болуп жатканын айтты.

"Биз максатыбызга али жете элекпиз, бирок кыйла эле жакындап калдык. Бул багытта жумушубузду улантабыз", - деди ал.

АКШ менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жаткан топтун башчысы жана Иран парламентинин төрагасы Мохаммад-Багер Галибаф жума күнү Вашингтондун "кепилдиктери же сөздөрүнө ишеним жок" болгондугун жана тек гана жасаган иш-аракеттерине ишене турганын белгилеп кетти.

Ал коомдук сайттардагы билдирүүсүндө Иран өзүнө карата жасалган иш-аракеттерге жооп кайтара турганын билдирди. "Биз биринчи болуп, алардан мурун эч нерсе кылбайбыз. Кандай гана келишим болбосун, андан уткан тарап — бул эртеңки согушка жакшыраак даярданган тарап болот", - деп жазды Галибаф.

a rocket

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Акыркы күндөрү Иран да, АКШ да бири-бирин ок атышууну токтотуу режимин бузгандыгына айыпташууда.

Бейшемби күнү Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу (ИРСК) Кувейттеги америкалык аба базасына бутага алганын тастыктап, аталган базадан стратегиялык мааниге ээ болгон ирандык Бандар-Аббас порт шаарына соккулар узатылганын жүйө катары келтирди.

АКШнын Борбордук командачылыгы Кувейтке жасалган чабуулду "ок атышууну токтотуу боюнча макулдашууну одоно түрдө бузуу" деп атады.