"Бишкек Аренанын" ачылышы: Мектептер, мамлекеттик мекемелер онлайн иштеди

Сүрөттүн булагы, official
Бүгүн, 5-октябрда Бишкекте жаңы курулган "Бишкек Арена" спорттук-концерттик комплексинин расмий ачылыш аземи өтөт. Жарандар үчүн кирүү акысыз. Ачылышта Кыргызстандын жана коңшу өлкөлөрдөн келген белгилүү ырчылардын катышуусунда чоң шоу-программа болот.
Ачылыш аземи президенттин тапшырмасы менен уюштурулуп жатканы айтылган. Комплекске кирүү үчүн жарандарга алдын ала каттоодон өтүү шарты коюлган.
5-октябрдагы иш-чарага байланыштуу Бишкекте мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер, министрликтер, бюджеттик уюмдар жана билим берүү мекемелери онлайн форматта иштеди. Бийлик бул чечимди шаардагы транспорттук жүктөмдү азайтуу жана мүмкүн болгон жол тыгындарынын алдын алуу зарылдыгы менен түшүндүрдү.
Бул чечим коомчулукта кызуу талкуу жаратты. Социалдык тармактарда айрым жарандар иш-чарага байланыштуу мектептердин жана мекемелердин онлайн форматка өтүшүн сынга алышты. Айрыкча окуу жылы жакында эле башталганына карабай, сабактардын аралыктан өтүшү боюнча нааразы пикирлер айтылды.
"Бишкек Аренанын" пайдубалына капсула 2023-жылдын 30-августунда салынган. Курулуш иштери 2024-жылы башталып, быйыл аяктаган.
Комплексте алгачкы жолу, 31-августта VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи өткөн.
"Бишкек Арена" Борбор Азиядагы эң ири спорттук жайлардын бири катары көрсөтүлүүдө. Комплекс 51 252 көрүүчүгө ылайыкталган. Анын жалпы курулуш аянты 194 248 чарчы метр, бийиктиги 70 метр, диаметри 280 метр жана имарат сегиз кабаттан турат.
Президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзовдун маалыматына караганда, комплекстин курулушуна 386 млн доллар сарпталган. Бул сумма баштапкыда айтылган 60 млн доллардан кыйла жогору. Анын түшүндүрмөсүндө, алгач 30-35 миң көрүүчүгө ылайыкталган жөнөкөй стадион куруу пландалган. Кийин долбоор өзгөртүлүп, соода борбору, ресторандар, кафелер, супермаркет, кинотеатрлар, спорт зал жана балдар ойноочу жайлар камтылган көп функционалдуу комплекс куруу чечими кабыл алынган.
Комплекстин коммерциялык бөлүгүндө 48 дүкөн, супермаркет, 18 соода күркөсү, 23 ресторан, 11 кафе жана төрт кинотеатр залы каралган.
Бүгүнкү расмий ачылышка байланыштуу Бишкек мэриясы жарандар үчүн ар кайсы жерлерден "Бишкек Аренага" жана кайра шаарга жеткирүүчү 10 акысыз автобус каттамын уюштурганын, алар саат 15:00дөн 18:00гө чейин иштей турганын маалымдаган.





























