Казакстанда машыгуу учурунда аскерлердин каза болгондугуна байланыштуу беш командир кармалды

Сүрөттүн булагы, Администрация Мангистауской области/telegram
Маңгыстау облусунда машыгуу учурунда аскерлердин каза болгондугуна байланыштуу беш командир кармалды. Бул тууралуу Казакстандын басылмалары Ички иштер министрлигине шилтеме берип жазып чыкты.
Кармалгандардын арасында Казакстандын Куралдуу күчтөрүнүн Аскер-деңиз бөлүгүнүн командиринин биринчи орун басары, аскер бөлүктүн эки командири, ошондой эле деңиз жөө аскерлер ротасынын командирлери бар. Алардын баары Актау шаарындагы убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Кармалгандарга кызматтык милдеттерине шалаакы мамиле кылган жана кеме башкаруу эрежелерин бузган деген айып коюлууда.
Казакстандын Аскер-деңиз күчтөрүнүн машыгуусу учурунда Каспий деңизине 12 аскер агып, каза болду. Дагы үч аскер куткарылып, эки аскерди издөө иштери уланууда.
Окуя 24-сентябрда Казакстандын түштүк-батышындагы Маңгыстау облусунда болгон.
Казакстандын премьер-министрдин орун басары Канат Бозумбаев Telegram баракчасы аркылуу 17 адам агып кеткенин билдирди. Анын айтымында, аскерлер тапшырманы аткарып жаткан учурда аба ырайы кескин начарлап, шамал болгон.
Казакстандын Коргоо министрлиги аскерлер кандай жагдайда каза болгонун жана кайсы машыгууга катышып жатканын азырынча ачыктай элек.
Бирок 22-сентябрда Казакстандын Коргоо министрлигинин Telegram каналында "Каспийди коргоо-2026" аскердик машыгуусу Казакстандын Каспий деңизиндеги секторунда өтүп жатканы тууралуу маалымат жарыяланган. Ага 500дөн ашуун аскер, согуштук кемелер жана жээктеги аскер бөлүктөрү катышып жатканы айтылган.
Бейшемби күнү кечинде Казакстандын Коргоо министрлиги каза болгон 12 аскердин аты-жөнүн жарыялады. Алардын арасында мөөнөттүү аскер кызматын өтөп жаткан 11 матрос жана бир улук лейтенант бар.
Lada.kz жарыялаган видеодо куткаруу операциясы жүрүп жатканы айтылууда. Күндүз тартылган видеодо катуу шамал болуп жатканын көрүүгө болот. Издөө-куткаруу иштери жүрүп жаткан жерде аскер-деңиз флотунун кемеси жүрөт.

Сүрөттүн булагы, Администрация Мангистауской области/telegram
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев аскерлердин каза болгонуна байланыштуу көңүл айтты жана 25-сентябрды улуттук аза күтүү күнү деп жарыялады.
"Казинформ" агенттиги билдиргендей, вице-премьер Канат Бозумбаев окуяны иликтөө боюнча комиссияны өзү жетектей турганын айтты. Ошондой эле ал окуяга байланыштуу тиешелүү органдар кылмыш иштерин козгогонун билдирди.
Окуяга байланыштуу Кыргызстан президент Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаевге көңүл айтты.
"Каспий деңизинде аскердик машыгуу өткөрүү учурунда болгон кайгылуу окуянын кесепетинен Казакстандын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларынын каза болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Сизге, каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө, туугандарына жана жакындарына аза кайгысын тең бөлүшүп көңүл айтам жана жабыр тарткандардын тезирээк сакайып кетишин каалайм", - деп айтылат президенттин телеграммасында.
































