"Маңкурт шаар". Бишкекте тарыхый жайлар жана архитектуралык эстеликтер кантип жана эмне үчүн бузулуп жатат?

Сүрөттө: Заманбап Бишкек – бул архитектурада жана коммерциялык курулушта советтик шаардын, улуттук кыргыз мотивдеринин кошундусу.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сүрөттө: Заманбап Бишкек – бул архитектурада жана коммерциялык курулушта советтик шаардын, улуттук кыргыз мотивдеринин кошундусу.
    • Author, Айсымбат Токоева
    • Role, Би-Би-Синин Орус кызматы
  • Published
  • Окуу убактысы: 10 мүнөт

Кыргызстандын борбор калаасы тарыхый өткөн чагын тазалоонун чордонунда калды: Бишкекте буга чейин советтик архитектуранын бир нече ири объектилери талкаланган эле, эми айрым эстеликтер да жок кылынат деп күтүлүүдө. Бузулган объектилердин ордунда коммерциялык курулуш иштери жигердүү жүрүп жатат. Би-Би-Си мунун артында эмне турганын, советтик өткөн чактан арылууга байланышы болуп-болбогонун түшүнүүгө аракет кылды. Ушул кезге чейин Борбордук Азиядагы советтик шаар куруунун үлгүсү деп эсептелген шаарды мындан ары эмнелер күтүп жатат?

Өткөн жылдын жазында Royal Central Park көп функционалдуу комплексинин курулуш аянтына символикалык капсуланы салуу аземине Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров катышкан. Бул парк 60 миң жашоочуга эсептелип, 3 миллиард долларга бааланууда.

Курулуш үчүн жер катары бир кездеги легендарлуу "Ак-Кула" советтик ипподромдун аймагы тандалып алынган. 1947-жылы курулган комплекс ээнсиреп, 2020-жылдардын башында эстелик статусун жоготуп, акыр соңунда талкаланган абалга келген.

"Мурдагы ипподромдун аймагында 23 миң батир, аянты 45 миң чарчы метр болгон соода борбору, ошондой эле коммерциялык жана кызматтык жайлары бар 55 кабаттуу борбор куруу пландалууда. Мындан тышкары мектептерди, ооруканаларды, мейманканаларды жана башка социалдык объектилерди куруу да каралган. Ошондой эле сейил бак, жасалма көл жана бак-дарактар да планга киргизилди", - деди Жапаров.

Ар кандай ипподром – бул биринчи кезекте чоң бош талаа. Шаардагы мындай мейкиндикти натыйжалуу жана пайдалуу колдонууга келтирилген жүйөлөр кыйла жөнөкөй жана түшүнүктүү. Бишкекте жаңы курулуштардын өзгөчөлүгү – ипподромдун кайталангыс жана таанымал курулмаларын – кире бериш комплексин, административдик имараттарды жана трибуналарды шаардын жана улуттук тарыхтын бир бөлүгү катары сактап калып, каалаган долбоорго интеграцияласа болот.

"Ак-Кула" ипподрому тууралуу сөз болгондо, бул жерде шаар менен талаа, заманбап турмуш менен көчмөндөрдүн каада-салты айкалышары белгиленип келчү. Совет мезгилинде бул жөн гана спорттук арена эмес, жылкы чарбасынын маанилүү элементи да болчу. Бул жерде кыргыздын улуттук оюну – көк-бөрү боюнча да мелдештер өтүп келген. Сырттан байкоочулар бул жерди Кыргызстандын иденттүүлүгүнүн жана тарыхынын маанилүү бөлүгүн чагылдырган кынтыксыз символикалык көрүнүш катары баалап келишкен.)

Сүрөттө: "Ак-Кула" ипподрому бузуларына алты ай калганда

Сүрөттүн булагы, Anna Karamurzina

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сүрөттө: "Ак-Кула" ипподрому бузуларына алты ай калганда

Бирок жок дегенде "Ак-Кула" тууралуу эсти сактап калыш керек деген жүйөлөр кабыл алынган жок. Ипподромду бузардын алдында Бишкектин тургуну Алексей мэрияга кайрылып, имараттын витраждарын сактап калууга аракет жасаган. Алексейдин ырасташынча, шаар бийлиги жана мэриянын кызматкерлери ал тургай витраждар бар экенин да билишкен эмес. Анын кайрылуусун мэрия башка жергиликтүү аткаруу органына — акимиатка жиберген. Бюрократиядан улам иштер создугуп отуруп, акыр соңунда ипподром толугу менен бузулган.

"Ипподромдун жетекчилери да, курулушчулардын бригадири да, жумушчулар да баалуулукту көрө алышкан жок, алар витраждарды дубал менен кошо бузуп, таштандылардын астында калып кете берди", - деп эскерет Алексей.

Эстеликке эмнелер кирет?

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Журналисттер жана урбанисттер 2021-жылдан бери Бишкек жана анын тургундары бери дегенде тогуз ири тарыхый имараттан ажыраганын эсептеп чыгышты. Бузулган объектилердин басымдуу бөлүгү сталиндик ампир делген стилде курулган.

"Эркин-Тоо" басмаканасын – 1931-жылы курулган "Басма үйүн" бузушту, бул жерде Кыргызстандын биринчи гезити, андан кийин республиканын башка басмалары да чыгып турган. 2015-жылы басмакана эстелик макамынан ажыратылган: Маданият министрлиги объект архитектуралык, шаар куруу жана тарыхый-маданий баалуулугун жоготуп, аны калыбына келтирүүгө мүмкүн эмес деп тапкан.

1939-жылы курулган Күрөңкеев атындагы эң эски музыкалык окуу жайдын имараты да бузулду. Бул республикадагы кесипкөй музыканттарды: концертмейстерлерди, музыка мугалимдерин, элдик жана симфониялык оркестрлердин артисттерин даярдаган жалгыз окуу жайы болчу.

Эч кандай айкын түшүндүрмө бербестен, үч белгилүү эстеликти да жок кылышты. Алар: "Коноктордун жолугушуусу" мозаикасы, Эмен сейил багындагы Бишкектеги эң эски фонтандардын бири жана Айтматов атындагы Орус драма театрынын дубалындагы барельеф.

Архитектура профессору Айгүл Насирдинова тарыхый имараттарга болгон мындай мамиле Бишкекти ар түрдүү маданий коддорун жоготуп бараткан "бир жолу колдонулуучу шаарга" айландырарын белгилейт.

"Биз – маңкурт шаарбыз". Себеби, өзүн сыйлаган шаарларда архитектуралык эстеликтер бузулбайт. Аларга келечекте бюджетти толуктай турган капитал катары мамиле жасашат", - дейт Насирдинова.

Маңкурттар – Чыңгыз Айтматовдун "Кылым карытар бир күн" романындагы эс-тутумунан ажыраган адамдар. Бул сөз улуттук өзгөчөлүгүн, тарыхы жана маданияты менен байланышын жоготкон адамды сүрөттөш үчүн колдонулуп келет.

Сүрөттө: Бишкектеги Ак үй (Парламенттин расмий резиденциясы) советтик модернизмдин стилинде курулган.

Сүрөттүн булагы, Universal Images Group

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сүрөттө: Бишкектеги Ак үй (Парламенттин расмий резиденциясы) советтик модернизмдин стилинде курулган.

Тарых бизнеске уттуруп жатат

"Эстеликтерди коргоо жөнүндө" мыйзамда ар бир объект макамды биротоло алары белгиленген. Анткен менен, мыйзамдын 36-беренесинде "эстелик табигый кырсыктын натыйжасында капысынан бузулганда жана объекттин тарыхый, илимий, көркөм жана башка түрдөгү дөөлөтүнө коркунуч келтирилгенде" тарыхый-маданий мурас объекттерин бузууга жана кайра курууга өкмөттүн уруксаты менен гана жол берилери жазылган.

Так ушул жобону өкмөт жана атайын комиссиялар архитектуралык же тарыхый эстелик макамынан ажыратып жатканда колдонууда.

Архитектура профессору Айгүл Насирдинова тарыхый имараттарды бузуудан биринчи кезекте курулуш компаниялары пайда көрүп жатканын белгиледи. Бишкектин көптөгөн тарыхый имараттары жыш жайгашкан борбордук бөлүгүндө орун алган, бул жакта бир чарчы метр үчүн эң жогорку баа белгиленген.

"[Адатта] архитектуралык эстеликтер мамлекеттин менчиги болуп саналат жана менчиктештирүүгө жатпайт. Бул эстеликтер шаардын борбордук бөлүгүндө жайгашкан жана чоң аймактарды ээлейт", - дейт Насирдинова. Эгерде эстелик кулап, аны калыбына келтирүү мүмкүн болбосо, анда анын ордун каалагандай колдонсо болот. "Архитектуралык эстеликтер бизнеске утулуп жатат", - деп белгилейт профессор.

Активисттер жана байкоочулар тарыхый имараттарды бузууда негизги факторлордун бири коррупция болуп жатканына кошулушат.

Сүрөттө: Бишкекте көп кабаттуу үйлөр тынымсыз курулуп жатат

Сүрөттүн булагы, Dmitry Motinov for BBC Russian Service

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сүрөттө: Бишкекте көп кабаттуу үйлөр тынымсыз курулуп жатат

"Бул жерде кыска мөөнөттүү экономикалык пайда табуу логикасы үстөмдүк кылып жатат. Тилекке каршы, азырынча бул координаттар системасында бир чарчы метрдин баасы тарыхтын жана маданияттын материалдык эмес баалуулугунан жогору турат. Сакталып калган иденттүүлүк тез арада үйлөрдү куруп салганга караганда туризм жана жашоо сапаты аркылуу келечекте шаарга көбүрөөк пайда алып келе турган узак мөөнөттүү актив экенин түшүнбөй жатышат", - дейт архитектор жана шаардык чөйрөнү стратегиялык өнүктүрүү боюнча эксперт Айбек Сыдыков.

Акыркы беш жылда Кыргызстанда курулуш долбоорлорунун масштабдары кыйла кеңейди. Ал эми курулуш тармагындагы көрсөткүчтөр өлкөнүн ИДПсынын өсүшүнүн негизги факторлорунун бирине айланды. Соңку үч жылда ИДП эки эсе өсүп, 1 триллион сомдон (11 миллиард доллар) дээрлик 2 триллион сомго жетти. Өкмөттүн маалыматына ылайык, 2025-жылы өлкөнүн экономикасы 11 пайызга өскөн. Курулуш тармагындагы өсүш өткөн жылы 21 пайыздан ашкан.

Бишкек кандай архитектурасы менен белгилүү?

Бишкек (буга чейин - Фрунзе, Пишпек) шаар макамын 1878-жылы алган, XX кылымдын башына чейин бир кабаттуу үйлөрдөн турган калктуу конуш болчу.

Шаардын негизги өнүгүүсү совет дооруна туура келди – азыр Бишкекте 1917-жылга чейин курулган үйлөрдүн жана объектилердин аз гана бөлүгү сакталып калган.

Сүрөттө: Бишкек совет доорунда кайрадан курулуп чыккан. Шаардын биринчи шайланган старостасы (мэри) Илья Терентьевдин үйү (1910-жылы) революцияга чейин курулуп, сакталып калган саналуу имараттардын бири.

Сүрөттүн булагы, Dmitry Motinov for BBC Russian Service

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сүрөттө: Бишкек совет доорунда кайрадан курулуп чыккан. Шаардын биринчи шайланган старостасы (мэри) Илья Терентьевдин үйү (1910-жылы) революцияга чейин курулуп, сакталып калган саналуу имараттардын бири.

Архитектор Айбек Сыдыков Бишкектин архитектурасы советтик модернизм жана сталиндик ампир стилиндеги үйлөр (СССРдеги 1930-1950-жылдардагы архитектуралык багыт) менен белгилүү болгонун айтты.

"Кыргызстандын мамлекеттик цирки (1976-жылы курулган) шаардагы советтик модернизмдин эң белгилүү үлгүлөрүнүн бири болуп саналат", - дейт архитектор.

Сыдыков 1960-1980-жылдарды камтыган "Фрунзелик модернизм" – бул Бишкектин архитектурасынын уникалдуу катмары экенин баса белгилейт.

"Бул эл аралык стилди жергиликтүү контекстке ыңгайлаштыруу: күндөн коргоочу панжаралар, бетон, улуттук оймо-чиймелер.[Мисалы], Т.Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясы – бул көзгө дароо урунган фасады, ири геометриялык фигуралары жана советтик модернизм үчүн мүнөздүү рельефтик декоративдүү элементтери бар монументалдык концерттик зал", - деп мисал келтирет Сыдыков.

Сүрөттө: Мамлекеттик цирктин "Учуучу табагы" – советтик модернизмдин айкын мисалы. Ошону менен бирге бул – Бишкектеги эң таанымал имараттардын бири

Сүрөттүн булагы, Dmitry Motinov for BBC Russian Service

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сүрөттө: Мамлекеттик цирктин "Учуучу табагы" – советтик модернизмдин айкын мисалы. Ошону менен бирге бул – Бишкектеги эң таанымал имараттардын бири

Советтик брутализм жана модернизм постсоветтик мейкиндикте көп жактырыла бербеген архитектуралык стилдер. Чет элдик изилдөөчүлөрдөн айырмаланып, жергиликтүү тургундар өз чөйрөсүнүн ыңгайлуулугуна (же ыңгайсыздыгына) көңүл бурушат, ал эми бийлик адатта көйгөйлөрдү чечүүнүн эң жөнөкөй ыкмаларын издейт.

"Жаңы Кыргызстан"

Ири долбоорлорду жана демилгелерди ишке ашырып жатканда президенттин тарапкерлери жана өзү да "Жаңы Кыргызстанды" көп айтышат. Бул – Жапаровдун расмий эмес стратегиясы. ИДПнын өсүшү, модернизациялоо жана туризмди өнүктүрүү стратегиянын максаттары катары белгиленген жана мунун баары кыргыздардын байыркы тарыхынан кабар берген жаңы улуттук идеологияга дал келет.

"Бүгүнкү күндө Кыргыз мамлекеттүүлүгү биздин заманга чейинки биринчи миң жылдыктын аягында пайда болгондугу анык далилденди. Ошондон бери кыргыздар өнүгүүнүн бир катар этаптарынан өтүп, ар кайсы мезгилдерде мамлекеттик түзүлүштөргө ээ болуп келди. [...] 1917-жылдагы Октябрь революциясы, СССРдин калыптанышы жана Борбордук Азияда улуттук бөлүнүү саясаты кыргыз элинин мамлекеттүүлүгүн жаңыча түшүнүүгө түрткү берди", - деп айтты Жапаров "Азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар жөнүндө" жарлыкка кол койгондон кийин.

Жапаров тышкы символдор жана өлкөнүн сырткы көрүнүшү канчалык маанилүү болгонун белгилеп келет. 2021-жылы мамлекеттин башына келгенден кийин Жапаров президенттик администрация үчүн жаңы имарат куруу зарылдыгын билдирген. Жаңы комплекс 2024-жылдын август айында ачылган. Администрациянын имараты буга чейин архитектуралык эстелик макамын алып келген мурдагы "Ысык-Көл" мейманканасынын ордуна курулган.

Шаардыктардын жана архитекторлор коомчулугунун нааразычылыгына президенттин ошол кездеги басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев жооп кайтарган. Ал администрациянын жаңы имаратынын курулушу өлкө үчүн "аброй" маселеси экенин белгилеген.

Сүрөттө: "Ынтымак Ордо" президенттик администрациясы

Сүрөттүн булагы, Administration of the President of Kyrgyzstan

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сүрөттө: "Ынтымак Ордо" президенттик администрациясы

Акыркы беш жылдын ичинде бийлик жаңы административдик имараттардын курулушуна ондогон миллион доллар каражат сарптады.

Бийликтин символдорго көңүл бурары мамлекеттик желектин өзгөрүшүндө да байкалды (жарандардын реакциясы ар кандай болду), ал эми 2024-жылы жаңы гимнди кабыл алуу демилгеси көтөрүлгөн (учурда атайын комиссия гимндин варианттарын кароодо).

"[Азыркы гимндин] авторлору "Кыргызстан эгемен өлкө болду, эми кыргыз элинин тагдыры өз колунда" деп гимнди толкундануу менен жазышкан. Андан бери 33 жыл өттү, биз мамлекет катары толук калыптандык, дүйнө жүзүнө таанылдык. Эми жүз жыл өтсө да азаттыкка чыктык, эгемен өлкө болдук деп ырдап жүрө беребизби? 5 миң жылдык тарыхыбыз бар эл экенибизди ырдап, келечек муундарга дух бере турган гимн жазып койсок эмнеге болбосун?", - деди президент.

14-апрелде өлкөнүн түштүгүнө сапары маалында Жапаров кийинки жылы Кыргызстандагы советтик жана орусча аталыштагы бардык калктуу конуштардын аталыштары өзгөртүлөөрүн билдирген. Бирок көп өтпөй Жапаровдун басма сөз катчысы Аскат Алагөзов мамлекет башчынын сөздөрүн туура эмес түшүнүп алышканын, айылдарга конкреттүү адамдардын ысымын ыйгарууга убактылуу тыюу салуу жөнүндө гана сөз болуп жатканын билдирди.

Сүрөттө: Экономика министрлиги президенттик администрациянын бош турган имаратына көчкөндөн кийин 1954-жылы курулган эски имарат бузулушу ыктымал деген коркунуч жаралды. План боюнча бул жерге көп кабаттуу үй курулмакчы.

Сүрөттүн булагы, Dmitry Motinov for BBC Russian Service

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сүрөттө: Экономика министрлиги президенттик администрациянын бош турган имаратына көчкөндөн кийин 1954-жылы курулган эски имарат бузулушу ыктымал деген коркунуч жаралды. План боюнча бул жерге көп кабаттуу үй курулмакчы.

Былтыр Кыргызстандын көлөмү боюнча экинчи шаары болгон Ошто Владимир Лениндин 23 метрлик эстелиги бузулганда айрым эксперттер өлкөдө советтен калган мурастардан арылуу башталганын айтышкан. Ал кезде бул Лениндин Борбордук Азиядагы эң бийик эстелиги болчу. Ленин көчөсүнүн аталышын Алымбек Датка көчөсү деп өзгөрткөндө бул маанилүү символикалык чечимдей көрүнгөн.

Бирок Кыргызстандын борбор калаасындагы райондор мурдагы эле советтик аталыштарды алып жүрөт. Алар: Октябрь, Биринчи Май, Свердлов жана Ленин райондору, ал эми Бишкектин борборунда Лениндин да эстелиги сакталып калган. Ошондуктан, советтик архитектураны демонтаждоо жана бузуу кандайдыр бир идеологиялык программанын бир бөлүгү деп айтууга болбойт.

"Кыргызстанда советтик доордон арылуу процесси саясий деңгээлде маңыздуу, аң-сезимдүү жүргөн жок", - дейт "Эсимде" изилдөө долбоорунун жетекчиси Элмира Абылбек. — Ар кандай талкуулар болууда, бирок алар мамлекеттик деңгээлде эмес. Биз баарыбыз мурдагы шаарыбызга өтө көнүп калганбыз. Бирок "өзүбүзгө кайтуу" процесстери – тилди, маданиятты жана тарыхты сактоо жана өнүктүрүү жигердүү жүрүп жатат. Бул сөзсүз түрдө бир нерсеге агрессивдүү түрдө каршы туруу процесси эмес, бул өз субъективдүүлүгүбүздү калыбына келтирүү процесси".

Жаңылоо

Бишкектеги тарыхый имараттар бузулгандан кийин эле "хрущевка" үйлөрдү жаңылоо тууралуу сөздөр чыга баштады. Бишкектеги советтик үйлөрдү бузуу тууралуу пландарын Кыргызстандын бийлиги 2024-жылдын аягында жарыялаган. Мамкурулуштун (учурда Курулуш жана архитектура министрлиги) башчысы Нурдан Орунтаев Бишкекте совет мезгилинде курулган үйлөр 50-70 жылга эсептелгенин журналисттерге билдирди. Бийлик жаңылоо иштери Бишкектин жаңы башкы планы кабыл алынгандан кийин башталат деп ишендирди.

Архитектура профессору Айгүл Насирдинова Бишкектин курулушу "башаламан жана стихиялуу процесс" экенин белгилейт.

СССР тарагандан кийин 2000-жылдардын башына чейин Бишкектин башкы планы болгон эмес жана кабыл алынган эмес. Бул мезгилде шаарда курулуш эч кандай документтерсиз жүрүп, калаанын бийлиги 1970-жылы кабыл алынган башкы планды бетке кармачу.

Эгемен Кыргызстандын тарыхында Бишкектин биринчи башкы планы 2006-жылы бекитилип, 2025-жылга чейин күчүндө болду.

Колдонуудагы башкы пландын жана башка шаар курууга тиешелүү документтердин болбогонуна карабастан, Бишкектин инфраструктурасын модернизациялоо чоң масштабда башталган. Ошентип Батыш автобекетинин имараты бузулуп, Чыгыш автобекетинин имараты реконструкциялоо максатында жабылган. Шаардын четинде жайгашкан жаңы автобекет шаардыктар үчүн альтернатива болуп калды.

Шаардагы эң чоң жана эң эски базарлардын бири болгон "Ош базары" да шаардын четине жылдырылып жатат. Шаарда чыгыш стилинде курулган бул соода комплекси 40 жылдан ашык убакыттан бери иштеп келген. Бийлик базар бузулгандан кийин анын аймагына сейил бак жана оорукана курууну убада кылууда. Бирок 24-апрелде кабыл алынган Бишкектин жаңы башкы планында тарыхый комплекстин ордуна турак-жай жана бизнес үчүн зона пландаштырылган.

Бишкектин Башкы архитектурасы жана Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы шаардын курулушу жана жаңы башкы план боюнча Би-Би-Сиге комментарий берүүдөн баш тартышты.

Бишкек 2020-жылы пайда болгонбу?

Сүрөттө: Буга чейин Экономика министрлиги жайгашкан имараттын жанындагы “Сүрөтчүнүн үйү” да көп кабаттуу турак-жай комплекси үчүн пайдаланыла турган аймакта калды.

Сүрөттүн булагы, Dmitry Motinov for BBC Russian Service

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сүрөттө: Буга чейин Экономика министрлиги жайгашкан имараттын жанындагы "Сүрөтчүнүн үйү" да көп кабаттуу турак-жай комплекси үчүн пайдаланыла турган аймакта калды.

Эгемендүү Кыргызстандын бийлиги имаратты архитектуралык эстеликтердин тизмесине киргизген. Эми 30 жылдан кийин "Сүрөтчүнүн үйү" борбордогу башка тарыхый имараттардын тагдырын кайталап калат деген тобокелдик жаралды.

Марттын башында шаардын бийлиги имарат турган жерди президенттин иш башкармасынын менчигине өткөрүп берүүнү чечкенде, ал эми кадастрдык документтерде бул участокто эч кандай имарат жок деген маалымат пайда болгондон кийин имарат бузулат деген кооптонуу жаралган. Кыргызстандын Сүрөтчүлөр союзу коңгуроо кагып, укугун сотто талашууга аракет кылган, бирок 29-апрелде сот мэриянын аракетин мыйзамдуу деп тапкан.

71 жаштагы сүрөтчү, Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Гүлнара Мусабай бул жер дайыма республиканын сүрөтчүлөрү үчүн чыгармачылык жана уюштуруу борбору болуп келгенин айтат.

Мусабай 1980-жылы Ленинграддагы В.И. Мухина атындагы көркөм окуу жайын бүтүрүп, Фрунзеге кайтып келгенден бери Сүрөтчүлөр үйүндө эмгектенет.

"Галерея, көргөзмө залы, графикалык устаканалар бар, совет маалында китепкана иштечү. Кечинде сүрөтчүлөр үчүн окуу студиялары, мастер-класстар, көргөзмөлөр өткөрүлчү. Имараттын жер төлөсүндө бардык белгилүү графиктер өз эмгектерин басып чыгарган басма устаканалар бар", - дейт Мусабай.

Сүрөтчү жана анын кесиптештери "Сүрөтчүнүн үйү" башка тарыхый имараттардай эле Бишкектин эс-тутумун сактап калуу үчүн керек деп ырасташат.

"Бул имараттарды азыр сүрдүрүп салып, бир түрдүү үйлөрдү курушат, шаар темир-бетон кутуларга толот, ошону менен бүттү. Бишкек 2020-жылы пайда болгондой элес калат. Ал эми буга чейин эмне болгон? Шаардын тарыхы кайда, архитектурасы кандай болгон?", - дейт Мусабай.

Бишкектин кабыл алынган башкы планында "Сүрөтчүнүн үйүнүн" ордуна көп кабаттуу турак-жай куруу сунушталууда.

Президенттин иш башкармасы участоктун тагдыры тууралуу Би-Би-Сиге комментарий берүүдөн баш тартты. "Жумуштун көптүгүнө байланыштуу башкарма бизге убактылуу интервью берүүгө тыюу салды", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Сүрөттө: Буга чейин Экономика министрлиги жайгашкан имараттын жанындагы “Сүрөтчүнүн үйү” да көп кабаттуу турак-жай комплекси үчүн пайдаланыла турган аймакта калды.

Сүрөттүн булагы, Dmitry Motinov for BBC Russian Service

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сүрөттө: Буга чейин Экономика министрлиги жайгашкан имараттын жанындагы "Сүрөтчүнүн үйү" да көп кабаттуу турак-жай комплекси үчүн пайдаланыла турган аймакта калды.

Архитектор Айбек Сыдыков Бишкекке мурастарды сактап калуу боюнча шаардын экономикасына интеграцияланган так стратегия керектигин айтат.

"Биз эски имараттарды "урандылар" же "прогресске бут тосуучу" катары кабыл алганды токтотушубуз керек. Дүйнөлүк практикада булар жердин духун түзгөн казык объектилер (Genius Loci) болуп саналат. Биздин милдетибиз – тарыхты кирпичтин баасына сатпастан, аны капиталдаштырганды үйрөнүү. Бишкектин келечеги – анын уникалдуулугунда, бир өңчөй мегаполистерди туурабашыбыз керек".

"Эгерде тоолорду алып салсак, Бишкектин көптөгөн жаңы райондорунун сүрөттөрүнөн кайда жүргөнүбүздү түшүнүү мүмкүн эмес: Новосибирскиде жүрөбүзбү, Астанадабызбы же Стамбулдун четиндебизби – так айтууга болбойт. Шаар өзүнүн ДНКсын жоготуп баратат", - дейт эксперт.

Макаланы которгон Зейнеп Мартбек кызы