"Генералдык сөзүмөн кайтпайм". Ташиев шайлоого барбасын билдирди

Сүрөттүн булагы, Social media
УКМКнын мурдагы башчысы, райондук сотто төрт жылга соттолгон Камчыбек Ташиев өзүнүн айланасындагы эң көп талкууланган жана түкшүмөлдөрдү жараткан темага - алдыдагы шайлоого катышабы же жокпу деген кептерге чекит койду.
16-июлда ал жакын тарапташы Өткүрбек Рахманов аркылуу билдирүү жасады. Аны Рахманов Фейсбук баракчасына чыгарды.
СНХ - "Мен 2027-жылдагы президенттик шайлоого катышпайм. Бул тууралуу буга чейин да бир нече жолу так айткам. Бүгүн дагы ошол Генералдык сөзүмдөн кайтпайм! Менин позициям өзгөргөн жок жана өзгөрбөйт!.Экинчи. 2027-жылдагы президенттик шайлоодо Кыргыз Республикасынын Президенти, Башкы кол башчы Садыр Нургожоевич Жапаровду толук колдойм. - деди Ташиев.
Камчыбек Ташиев мындай билдирүүлөрдү буга чейин деле бир нече жолу айтып келген.
Биринчи май райондук соту 2-июлда Камчыбек Ташиев баштаган 8 кишини "Бийликти күч менен басып алууга" беренеси боюнча төрт жылдан соттогон. Бирок үч жылдык пробациялык көзөмөлдү колдонуп, эркиндикте калтырган.
Экс-депутат Исхак Масалиев саясатчынын соңку билдирүүсү боюнча комментарий берип жатып, сотттуулугун эске алганда Ташиевдин шайлоого баруу укугу баары бир чектелүү экенине токтолду:
"Кааласа деле бара албайт да. Ал соттолгон да. Мажбур болуп жатат. Камчыбек Кыдыршаевич шайлоого катышпаса, Садыр Нургожоевичти колдосо, значит шайлоого чейин акталат".
Камчыбек Ташиев бүгүнкү билдирүүсүндө, анын ысымын колдонуп, туура эмес маалымат таратып жаткандарга ишенбөөгө да чакырды.
"Менин атымды пайдаланып, жалган маалыматтарды таратып, ушак-айың, гыйбат аркылуу элди адаштырууга аракет кылгандарга, бузукуларга ишенбеңиздер".
57 жаштагы Ташиев өлкөдө президент Садыр Жапаровдон кийинки эле эң таасирдүү адам эле. Быйыл 10-февралда Садыр Жапаров аны күтүүсүз кызматтан алган. Анын алдында 75 киши президенттик шайлоону эртелей өткөрүү демилгесин көтөрүп чыккан. Айрымдар бул окуяларга баа берип, президент Садыр Жапаров "мамлекеттик төңкөрүштү" алдын алууга жетишип калды деп билдиришкен.
Кылмыш ишинин таржымалы
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
"75чилердин каты" боюнча кылмыш иши быйыл февраль айында козголгон. Ага 75 адам кол койгон кайрылуу негиз болгон. 10-февралда президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон.
Ташиевди кызматтан алардын алдында, 9-февралда коомдук жана мамлекеттик ишмерлер, жалпы 75 киши президент Садыр Жапаровдун жана Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулунун атына кайрылуу жолдошкон. Анда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү сунушу айтылган.
Алар президент 2021-жылы мурдагы Конституция боюнча шайланганы, ал эми өлкө учурда жаңы Баш мыйзам менен иштеп жаткандыгы коомдо ар кандай укуктук талаштарды жаратып жатканын белгилешкен. Ушул жагдайларды эске алуу менен авторлор тез арада президенттик шайлоо өткөрүүнү демилгелөөнү сунушташкан.
ИИМ 9-февралда интернетте тараган маалыматтарга байланыштуу кылмыш ишин козгоп, беш киши кармалган.
Милиция булардын "иш аракеттери коомдогу саясий чыңалууга, коомдук ажырымга алып келмек" жана "өлкөдөгү туруктуулукту солгундатып, жалпы команданын ички биримдигине терс таасир тийгизүүгө багытталган" деп билдирген.
Ал эми кармалгандардын жакындары жана адвокаттары айыптоолорду четке каккан.
Дал ушул 75 кишинин каты беш жылдан бери бекем деп саналып келе жаткан Жапаров-Ташиев тандемин ыдыратууга себепчи болгону айтылып келе жатат.
Камчыбек Ташиев Садыр Жапаровдун досу, саясаттагы тандемдеши катары мамлекетти башкаруу, чечим кабыл алуу ишине түздөн-түз аралашып келген.
Камчыбек Ташиев кызматтан алынгандан бери ага жакын делген депутаттар мандаттарын тапшырып, министрликтердин жетекчилери кызматынан чегинип же иштен алынды.
































