АКШ Иранга жаңы соккуларды жасады, Трамп Тегеранга эскертүү берди

Ирандын мамлекеттик телеканалы өлкөнүн армиясы АКШнын объектилерине чабуул жасаганын билдирди.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ирандын мамлекеттик телеканалы өлкөнүн армиясы АКШнын объектилерине чабуул жасаганын билдирди.
Published
Окуу убактысы: 3 мүнөт

АКШ шаршемби күнү Ирандагы буталарга кайрадан сокку урганын билдирди. Президент Дональд Трамп Тегеранды "өзүн туура алып жүргөнү жакшы" деп эскертти.

Ошол эле учурда Ирандын мамлекеттик телеканалы өлкөнүн армиясы АКШнын буталарына чабуул койгонун маалымдады.

АКШ армиясы билдиргендей, соккулар Ормуз кысыгы аркылуу өткөн "кемелерге коркунуч жараткан Ирандын аскердик мүмкүнчүлүктөрүнө" багытталды.

Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттары Тегеранда абадан коргонуу системалары иштегенин кабарлады.

Ал арада Иран АКШнын аймактагы аскердик объектилерине, анын ичинде Бахрейн жана Кувейттеги буталарга сокку урганын билдирди. Бул чабуулдар эки өлкө ортосундагы согушту токтотуу боюнча алдын ала макулдашууга карабастан, жаңжалдын кайра күчөгөнүнө беш күн болгон учурда жасалды.

Ирандын башкы сүйлөшүүчүсү Мохаммад Багер Галибаф мамлекеттик маалымат каражаттарына берген маегинде, эгер келишим Иранга пайда алып келбесе, Тегеран үчүн аны сактоого эч кандай негиз жок экенин билдирди.

Ал эми президент Дональд Трамп шейшемби күнү кечинде, эгер Иран кийинки жумада сүйлөшүү үстөлүнө кайтып келбесе, көпүрөлөргө жана электр станцияларына сокку уруларын эскерткен.

Шаршемби күнү кечинде журналисттер Трамптан Иранга сокку уруудан мурда акыркы мөөнөт коёбу деп сурашкан. Бул суроого анын жообу мындай болду: "Мен мөөнөт коюуну жактырбайм. Бирок алар баарын жакшы билишет... Өздөрүн туура алып жүргөнү жакшы", - деди.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Кийинчерээк коргонуу маселелерине арналган саммитте сүйлөп жатып, Трамп: "Ирандын абалы азыр жакшы эмес", - деп билдирди.

Трамптын айтымында, Иран макулдашууга жетишүүнү абдан каалап жатат. "Алар келишимге келүүнү аябай каалашат. Биз жасап жаткан иштер аларга жакпай жатат. Алар менен сүйлөшөбүзбү же бул ишти биротоло бүтүрөбүзбү, аны кийин көрөбүз", - дейт АКШ президенти.

Ал эми Ирандын сүйлөшүүлөрдөгү башкы өкүлү Мухаммад Багер Галибафтын айтымында, Ирандын улуттук коопсуздугу Ормуз кысыгындагы тартипти Тегеран өзү көзөмөлдөп турушуна көз каранды.

Галибаф сүйлөшүүлөр да, согуш да Ирандын каршылык көрсөтүү стратегиясынын бир бөлүгү болуп саналарын билдирди. Ал Тегеран АКШ менен "өлкөнүн тагдырын чеччү маанилүү кармашка" катышып жатканын айтты.

Буга чейин, апрель айында президент Дональд Трамп Ирандын жарандык инфраструктурасына сокку уруу менен коркуткан. Анда БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Фолькер Түрк мындай аракет согуш кылмышы катары бааланышы мүмкүн экенин айтып, айыптаган.

Согуштук аракеттер кайра күчөгөнүнө карабастан, Дональд Трамп Ирандын АКШ жаранын бошотушун "жакшы ниеттин белгиси" катары баалады.

Трамптын айтымында, бул америкалык жаран 2024-жылдын декабрында негизсиз кармалган. "Ал азыр Ирандан аман-эсен чыгып, абалы жакшы. Америка Кошмо Штаттары Ирандын бул ишарасын баалайт!" - деп жазды Трамп өзүнүн Truth Social социалдык тармагындагы баракчасына.

Дена Карари аттуу америкалык жаран АКШга кайтып бара жатканын анын адвокаты Жаред Генсер X социалдык тармагында билдирди.

Ал маалда АКШ армиясы шаршембиде күндүз Иранга каршы соккулардын экинчи толкуну жасалганын маалымдады. Бул соккулар Ирандын Ормуз кысыгы аркылуу өткөн соода кемелерине чабуул коюу мүмкүнчүлүгүн чектээри да айтылат. АКШ ошондой эле Ирандын портторуна карата кайра киргизилген блокаданы бузууга аракет кылган кеме да бутага алынганын билдирди.

АКШнын Борбордук командачылыгынын маалыматына ылайык, 90 мүнөткө созулган чабуул Улуу Тунб аралындагы Ирандын жээктен коргонуу объектилерине, ошондой эле канаттуу ракеталарды сактоочу жана учурчу жайларга багытталды.

АКШнын Борбордук командачылыгы шаршемби күнү АКШнын убактысы боюнча саат 21:00дө Иранга каршы соккулардын экинчи толкуну аяктаганын билдирди.

Америкалык күчтөр Ирандын командалык борборлоруна, абадан коргонуу системаларына, ракета жана дрондорго байланыштуу объектилерине, ошондой эле жээкти көзөмөлдөөчү жайларга сокку урганы айтылды. Бул объектилердин арасында Ормуз кысыгынын жээгиндеги Бендер-Аббас шаарындагы буталар да бар.

Ошол эле учурда Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттары Тегеранда абадан коргонуу системалары иштегенин кабарлады. Ал эми Перс булуңунун түндүк бөлүгүнө жакын жайгашкан Ахваз шаарында ракета соккуларынын айынан оорукана эвакуацияланган.

Иран АКШнын соккуларына жооп катары Иорданиядагы америкалык аскерлердин байланыш түйүндөрүнө жана кампаларына дрондор менен чабуул койгонун мамлекеттик маалымат каражаттары билдирди.

Ал эми Иорданиянын мамлекеттик маалымат каражаттары өлкөнүн абадан коргонуу күчтөрү сегиз дронду атып түшүргөнүн маалымдады. Билдирүүгө ылайык, чабуулдан жабыркагандар болгон эмес жана материалдык зыян катталган эмес.

BBC текшерген видеодо шаршемби күнү Ирандын түштүгүндөгү Чабахар порт шаарына сокку урулган учур тартылганы көрүнөт.

АКШнын Борбордук командачылыгы шейшемби күнү кечинде Ирандын портторуна карата блокада кайра киргизилгенден бери эки коммерциялык кеме багытын өзгөрткөнүн айтты.

Бул блокада кемелердин Ирандын портторуна жана жээк аймактарына кирип-чыгышына бөгөт коёт. Өткөн айда АКШ менен Иран жаңжалды токтотууга багытталган өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол койгондон кийин, бул чектөө убактылуу алынган болчу.

Бирок Ормуз кысыгын көзөмөлдөө маселеси эки өлкөнүн ортосундагы негизги талаштардын бирине айланды.

АКШ Ирандын портторуна карата блокаданы кайра киргизгенден кийин, Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу АКШга эскертүү жасап, "АКШнын жана анын союздаштарынын кызыкчылыгына кызмат кылган мунай жана газ экспортунун башка багыттары да жабылышы мүмкүн" деп билдирди. Бирок кайсы каттамдар тууралуу сөз болуп жатканын тактаган жок.

АКШ менен Ирандын ортосундагы жаңжалдын кайра күчөшү Ормуз кысыгынын дүйнөлүк экономика үчүн канчалык маанилүү экенин дагы бир жолу көрсөттү. Негизги деңиз жолу аркылуу танкерлердин кыймылы дээрлик токтоп, анын кесепетинен дүйнөлүк мунайдын баасы кескин жогорулады.