"Кыргызалтын" ишканасы алтын куймаларга болгон суроо-талап жогорулап жатканын билдирди

Сүрөттүн булагы, Official
"Кыргызалтын" ишканасынын фирмалык дүкөнүнүн жылдык кирешеси 855 млн сомдон ашып, алтын куймаларга болгон суроо-талап жогорулоодо. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун ишмердүүлүгү менен таанышуу учурунда айтылды.
Компания өкүлдөрү маалымат берип жатып, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча ишкана рекорддук финансылык көрсөткүчтөргө жетишкенин билдирди.
Маалыматка караганда, ишкана бир жылда 18,7 млрд сом таза пайда таап, жалпы кирешеси 20,7 млрд сомду түзгөн. Бүгүнкү күндө "Кыргызалтын" ишканасынын түзүмүнө 2 филиал, 13 туунду компания жана 4 биргелешкен ишкана кирет.
Компания жакынкы үч жылдын ичинде жалпы суммасы 1 млрд доллардан ашкан стратегиялык маанидеги бир катар долбоорлорду ишке ашырууну пландап жатканы айтылды.
"Алардын катарында "Үңкүр-Таш", "Тоголок", "Чакуш", "Талдыбулак" жана "Андаш" кендерин өздөштүрүү долбоорлору бар. Мындан тышкары, компания "Кумтөр" кенинин калдыктарын кайра иштетүү боюнча иштерди активдүү жүргүзүүдө.
"Кумтөрдүн өнөр жайдагы үлүшү боюнча акыркы эле маалыматты айтайын. 2026-жылдын февраль айында ИДПнын өсүшү 8,8%ды түздү. Анын ичинде өнөр жайында 18,7% өсүш болду же 147,8 млрд сомдук дүң продукция өндүрүлдү. Кумтөрдү кошпогондо 88,2 млрд сомду түздү. Эми бул санды алып таштаганда өнөр жай тармагында Кумтөрдүн үлүшү 59,6 млрд сомду же февраль айындагы ИДПнын 22,6%ын Кумтөр түзүп жатат. Тиешелүү түрдө Кумтөр – Кыргыз алтындын акыркы 5 жылдагы өсүп бараткан ишине да түздөн-түз таасирин тийгизип жатат", - деген Касымалиев.
Ошондой эле Касымалиев тоо кен тармагындагы жогорку жана атайын орто окуу жайлар менен тыгыз кызматташып, аларды ишке тартуу керектигин, айрыкча жергиликтүү калктын балдарын окутуу зарылдыгын кошумчалаган.
Жалпысынан тоо кен тармагы 2025-жылы бюджетке 65,4 млрд сом киреше алып келгенин, ошол эле учурда алтындын баасы да 2 эсеге өскөнүн айтты.




























