You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Трамп Иран менен ок атышууну токтотуу режимин узартты, Тегеран муну амалкөйлүк деп баалады
АКШ президенти Дональд Трамп шейшемби күнү Иран менен болгон келишимди белгисиз мөөнөткө узарта турганын билдирди. Ал бул билдирүүдөн бир нече саат мурда эле мындай мүмкүнчүлүктү четке кагып жаткан эле.
Пакистандын борборунда америка-иран сүйлөшүүлөрүнүн экинчи айлампасы өтөбү же жокпу, дагы деле белгисиз. Ирандын башкы сүйлөшүүчүсүнүн кеңешчиси Трамптын сөздөрүн "амалкөйлүк" жана жаңы соккуга даярдануу үчүн убакыттан утуу аракети деп атады.
Трамп өз билдирүүсүн мындан эки жума мурун жарыяланган ок атышууну токтотуу мөөнөтү аякташына бир нече саат калганда жарыялады.
"Иран өкмөтүндөгү олуттуу ажырымды, бул таң калыштуу эмес, эске алуу менен жана фельдмаршал Асим Мунир менен Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шарифтин өтүнүчү боюнча, бизден Ирандын лидерлери жана өкүлдөрү бирдиктүү сунуш иштеп чыкканга чейин соккуларды токтото турууну суранышты", - деп жазды ал Truth Social тармагына.
Ошол эле учурда Трамп Иран тарап «согуштук акт» деп атаган Ормуз кысыгынын блокадасы улана турганын билдирди.
"Мен аскерлерибизге блокаданы улантууну жана бардык жагынан даяр турууну буйрудум. Демек, алардын сунушу берилип, сүйлөшүүлөр тигил же бул жыйынтык менен аяктаганга чейин ок атышууну токтотуу режимин узартам", - деп кошумчалады Трамп.
Буга чейин шаршемби күнү анын риторикасы алда канча катаал болчу. CNBC телеканалынын эртең мененки шоусунда ок атышууну токтотууну узартуу боюнча суроого жооп берип жатып: "Мен муну каалабайм. Бизде [келишимге жетишүү үчүн] убакыт аз. Мен бомбалоолорду күтүп жатам, анткени бул эң жакшы ыкма болмок деп эсептейм. Биз даярбыз. Башкача айтканда, армия чечкиндүү", — деген.
Сүйлөшүүлөрдүн белгисиздиги
Сүйлөшүүлөр качан өтөрү жана такыр өтөбү же жокпу, саат сайын бүдөмүк болуп баратат. Эгер кечээ эле Axios жана CNN агенттиктери АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнстин Исламабадга бара турганын ишенимдүү түрдө кабарлашса, Трамптын билдирүүсүнөн кийин Ак үй анын сапары токтотулганын гана тастыктады.
Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусуна байланыштуу Tasnim агенттиги Тегеран ок атышууну токтотууну сурабаганын кабарлады. Иран парламентинин спикери жана башкы сүйлөшүүчүсү Мохаммад-Багер Галибафтын кеңешчиси Махди Мухаммади Трамптын сөздөрүнүн мааниси жок экенин айтты.
"Трамптын ок атышууну токтотуу режимин узартуусу — күтүүсүз сокку уруу үчүн убакыттан утуш издөө максатындагы амалкөйлүк", — деп жазды ал. Мухаммади Ормуз кысыгынын блокадасын согуштук агрессия деп атап: «Иран үчүн демилгени колго алууга убакыт келди", - деп кошумчалады.
Израил бул тыныгууну узартууга макул болобу, ал дагы белгисиз бойдон калууда.
Ирандын позициясы
Иран ТИМинин өкүлү Эсмаил Багаи Би-Би-Сиге берген маегинде Тегеран сүйлөшүүлөргө жакшы ниет менен барганын, бирок экинчи тарап олуттуулугун көрсөтө албаганын айтты. Ал АКШнын кемелерди басып алуусун жана инфраструктураны жок кылуу коркунучтарын айыптады.
Ирандын тышкы иштер министри Аббас Арагчи порттордун блокадасын "согуш жарыялоо жана ок атышууну токтотуу режимин бузуу" деп атады. Ал ортодо Пентагон санкцияга кабылган Tifani танкерине америкалык аскерлер эч кандай кыйынчылыксыз чыгышканын жана блокада уланып жатканын тастыктады.