You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
АКШ: Луизиана штатынын тургуну жети баласын атып өлтүрдү
- Author, Грейс Элиза Гудвин
- Author, Тоби Манн
- Окуу убактысы: 2 мүнөт
АКШнын Луизиана штатындагы Шривпорт шаарында атасы өзүнүн жети баласын жана дагы бир чоочун баланы атып өлтүрдү. Полиция бул окуяны "үй-бүлөлүк трагедия" деп атады.
CBS телеканалы каза болгон балдардын жашы бирден 14 жашка чейин экенин тактады.
Полициянын айтымында, атышуу жекшемби күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 05:00дө болгон. Шектүү он адамга ок чыгарып, андан кийин башка бирөөнүн автоунаасы менен окуя болгон жерден качып кеткен. Бул маалыматты Шривпорт шаарынын полиция башчысы Крис Борделон ырастады.
Андан соң полиция шектүүнүн артынан түшүп, ага ок чыгарган. Каза болгон балдардын апасы жана дагы бир аял алган жарааттарынан улам өмүрү кыл учунда турат.
Шектүүнүн өздүгү такталды. Анын аты-жөнү Шамар Элкинс экенин Би-Би-Сиге аталган шаардын мэриясынын басма сөз кызматынын өкүлү Ли Энн Эвенски тастыктады.
Полициянын маалыматы боюнча, шектүү аялга көчөдө ок чыгарган, андан соң коңшу үйгө кирип, сегиз баланы аткан. Алардын биринин үй-бүлөгө жакындыгы жок болчу. Расмий органдар азырынча кол салуунун мотиви эмне экенин аныктай элек. Бирок бул үй-бүлөнүн жакындары жалпыга маалымдоо каражаттарына Элкинс менен аялы ажырашып жатканын айтып беришкен.
Элкинстин тууганы Трой Браун Washington Post басылмасына шектүү аялы "ажырашам" дегенден тарта катуу стрессте жүргөнүн билдирген.
"Ажырашуу тууралуу уруштан кийин ал акылынан адашкандай болуп калган", - дейт ал.
Жарадар болгон аялдардын биринин эжеси Кристал Браун AP агенттигине жубайлар ушул дүйшөмбү күнү сотко ажырашууга бармак экенин айткан:
"Ал өз балдарын өлтүрдү… ал өз аялын атып салды".
Жекшемби күнү Шривпорт шаарынын мэри Том Арсено үрөй учурган трагедия тууралуу төмөнкүдөй кайрылуу жасады:
"Бул шаар тарыхындагы эң трагедиялуу окуя болуп калды. Бизде жабыр тарткан үй-бүлө жана полиция кызматкерлери бар. Бул коомдун бардык катмарына таасир эткен окуя болду. Биз баарыбыз бул үй-бүлөлөр менен чогуу аза күтүп жатабыз", - деди мэр.
АКШдагы куралдуу зомбулукка мониторинг жүргүзгөн Gun Violence Archive бейөкмөт уюму бул окуя 2024-жылдан берки Кошмо Штаттардагы массалык адам өлтүрүү болуп калганын билдирди.
Буга чейин 2024-жылы Иллинойс штатынын Жолиет шаарында сегиз адам каза тапкан эле.
Жекшемби күнкү басма сөз жыйынында Борделон полиция кызматкерлери окуя болгон үйгө саат 06:00гө чейин келип, каза болгон балдардын сөөгүн табышканын айтты:
"Каза болгондордун баары жашы жете электер".
Анын айтымында, полиция ал жакка "үй-бүлөлүк зомбулук" деген чакыруу менен барган. Балдарга ок чыгаргандан кийин шектүү башка бирөөнүн унаасын айдап качып, изин жашырууга аракет кылган. Полиция аны коңшу Босье-Париш районунан кармап, ага ок чыгарган, натыйжада ал каза болгон.
Полиция башчысы Уэйн Смит бул кырсыктын кантип болуп кеткенин элестете албай жатканын айтты. Ал бул иш Луизиана штатынын полициясы жана башка мекемелердин катышуусунда иликтенип жатканын кошумчалады.
"Канча убакыт талап кылынбасын, суроолорго жооп алуу үчүн биз катуу иштейбиз", - деди ал.
Шривпорт шаардык кеңешинин өкүлү Грейсон Баучер шаардагы кылмыштардын жана адам өлтүрүүлөрдүн 30 пайызы күнүмдүк турмуштагы чыр-чатактар менен байланыштуу экенин жана бул көрсөткүч өсүп жатканын билдирди:
"Шривпорт шаарында адам өлтүрүүлөрдүн саны үй-бүлөлүк зомбулуктун айынан эки эсеге өстү".
Луизиана штатынын губернатору Жефф Лэндри өзү жана жубайы бул каргашалуу окуяга кайгырып жатканын айтып, маркумдарга дуба кылышарын билдирди. Луизиана штатынын төртүнчү округунан шайланган Өкүлдөр палатасынын спикери Майк Жонсон муну "жүрөктү эзген трагедия" деп атап, полициянын ыкчамдыгына ыраазычылык билдирди.