Париж: башаламандыктан коркпогон тургундар
Париж: башаламандыктан коркпогон тургундар
Published
Нааразылык акциялары алгач Францияда окуучулар менен мугалимдердин шарттарын жакшыртууну талап кылган демонстрациялардан башталган. Акыркы күндөрү аларга жашоонун кымбатташына жана мамлекеттик кызматтардын сапатынын жетишсиздигине нааразы болгон адамдар да кошулган.
Франциянын Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, ишемби күнү акцияларга болжол менен 550 миң адам катышты. Айрым аймактарда митингдер башаламандыкка айланып, имараттарга өрт коюлуп, дүкөндөр таланып-тонолду.



