Аксыда 34 жаштагы келин асынып алганы кабарланды
Аксыда 34 жаштагы келин асынып алганы кабарланды
Published
Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 34 жаштагы келиндин асынып алганы кабарланды. Маркум Гүлзат Курманбекованын жакындары ал жолдошунун зомбулугунан улам каза болгонун айтып, тергөө акыйкат жүрүшүн талап кылууда. Жалал-Абад облустук милициясынын маалыматына ылайык, окуя 9-августта катталган. Учурда тергөө иштери башталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.



