Атамбаев, Султанбековдун соту 14-июлда болот
Атамбаев, Султанбековдун соту 14-июлда болот
Published
Мурдагы президенттин бийликти күч менен басып алууга аракет жасоого айыпталып жаткан уулу Кадыр Атамбаевдин, "Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун, Кубанычбек Кадыров жана Эгемберди Эрматовдун иши сотко өттү.
Алдын ала угуу 3-июлда болгон. Отурум 14-июлда уланат. Мурдагы президенттин уулу былтыр парламенттик шайлоонун алдында, 22-ноябрда кармалган. Айыпталуучулар жети айдан бери тергөө жүрбөй жатканына даттанышкан болчу.



