Азербайжан: мектептерде хиджабга тыюу салуу

Видеонун түшүндүрмөсү, Азербайжан: мектептерде хиджабга тыюу салуу
Азербайжан: мектептерде хиджабга тыюу салуу
Published

Азербайжандын мектептеринде хиджаб кийүүгө тыюу салуу нааразылыктарды жаратты. Бакудагы жана өлкөнүн башка аймактарындагы мектептердин алдында митингдер өткөнү тууралуу видеолор тарады. Ички иштер министрлиги нааразылык акцияларына байланыштуу 37 киши камакка алынганын билдирди.

Өкмөт мектеп окуучулары жана мугалимдер үчүн бирдиктүү форма эрежесин киргизген. Документте жоолук тууралуу түз айтылбаганы менен кийим-кече билим берүүнүн светтик принцибине шайкеш келиши керектиги жазылган.