Кыргызстан Ооганстан, Африкадан мигрант кабыл албайт
Кыргызстан Ооганстан, Африкадан мигрант кабыл албайт
Published
13-октябрда Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев айрым Европа өлкөлөрү кыргыз жарандарын кабыл алууга даяр экенин, бирок ал үчүн Ооганстан, Африкадан келген мигранттарды кабыл алуу сунушталганын билдирди. Ал бул тууралуу Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып айтты.
Министр мындай сунуш качан берилгенин тактаган жок.



