Камоодогу Алеппо

Published

Козголоңчулар шаардан чыгып кетип жатат, бирок карапайым элдин башынан кыйынчылык кете элек. Кыйраган үйлөрдүн урандыларында курман болгондор жатат, алардын ичинде балдар да бар.

Козголоңчулар чегинген Алеппонун чыгышындагы Бустан аль-Карс районунан жайкын тургундар кетип жатышат.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Козголоңчулар чегинген Алеппонун чыгышындагы Бустан аль-Карс районунан жайкын тургундар кетип жатышат.
Шаардын чыгышындагы көп райондор урандыга айланды, андагы жашаган көп учурда адамдар жакындарын таба албай жатат. ЮНИСЕФтин маалыматына караганда, кыйраган кээ бир үйлөрдүн алдында балдар да бар.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Шаардын чыгышындагы көп райондор урандыга айланды, андагы жашаган көп учурда адамдар жакындарын таба албай жатат. ЮНИСЕФтин маалыматына караганда, кыйраган кээ бир үйлөрдүн алдында балдар да бар.
Бул бала жаңы эле кыйроого учураган Бустан аль-Карс районунан чыгып, Фардос районунда өкмөттүк күчтөрдүн жоокерлерине туш болду.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бул бала жаңы эле кыйроого учураган Бустан аль-Карс районунан чыгып, Фардос районунда өкмөттүк күчтөрдүн жоокерлерине туш болду.
Сириялык аскерлер Фардоско келип жаткан шаардыктарды тосуп алышууда. Сириялык укук коргоочулардын айтымында, козголоңчулар чыгыш Алепподо дагы алты райондон чыгып кетишти.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сириялык аскерлер Фардоско келип жаткан шаардыктарды тосуп алышууда. Сириялык укук коргоочулардын айтымында, козголоңчулар чыгыш Алепподо дагы алты райондон чыгып кетишти.
Бул сириялык аял Фардоско балдары менен келди. Миңдеген момун тургундар азыркыга чейин козголоңчулар бекинип жаткан райондон чыга албай жатышат.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бул сириялык аял Фардоско балдары менен келди. Миңдеген момун тургундар азыркыга чейин козголоңчулар бекинип жаткан райондон чыга албай жатышат.
Кээ бир адамдар согуштук учактар бомбалап жаткан райондордон чыгып кеткенге үлгүрүп жатышат.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кээ бир адамдар согуштук учактар бомбалап жаткан райондордон чыгып кеткенге үлгүрүп жатышат.
Сириялык армия кирген шаардын чыгышындагы көчөлөр, мисалы аль-Каласстагы көчөлөрдү тааныш оңой эмес.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сириялык армия кирген шаардын чыгышындагы көчөлөр, мисалы аль-Каласстагы көчөлөрдү тааныш оңой эмес.
БУУнун маалыматы боюнча, шаардын кээ бир райондорунда үстөкө-босток бомбалоо болуп жаткандыктан, кыйраган үйлөрдүн урандыларынын астынан адамдарды алып чыгыш мүмкүн болбой жатат.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, БУУнун маалыматы боюнча, шаардын кээ бир райондорунда үстөкө-босток бомбалоо болуп жаткандыктан, кыйраган үйлөрдүн урандыларынын астынан адамдарды алып чыгыш мүмкүн болбой жатат.