Кыргызстандык үч балбан Азия чемпиону болду

Видеонун түшүндүрмөсү, Кыргызстандык үч балбан Азия чемпиону болду
Кыргызстандык үч балбан Азия чемпиону болду

Кыргызстандык балбандар Акжол Махмудов, Афтандил Таалайбек уулу жана Асан Жанышов Азия чемпиону аталды. Бишкекте өтүп жаткан чемпионатта Азиянын жүздөгөн балбаны күч сынашууда.

"Жаштык арена" күрөш сүйүүчүлөрүнө жык толгон, өлкөдө күрөш күйөрмандары көп.

Азия чемпионаты 12-апрелге чейин уланат. 8-апрелде Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова Кыргызстандын намысын коргоп, килемге чыгат.